БУУӨП Кыргызстандагы Регионалдык инвестициялык кеңештерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн офис техникаларын өткөрүп берди

Бишкек, 13-февраль 2026-жыл — БУУӨП Офис техникаларын Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жекемендик өнөктөштүк борборуна жана Бизнес өнүгүү жана инвестиция кеңешинин Аппаратына өткөрүп берди. Бул техника өлкө аймагындагы Регионалдык инвестициялык кеңештерди (РИК) колдоого багытталган.

2026-ж., 13-February

Техникалык жабдуулар РИКтердин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана операциялык потенциалын жогорулатууга кызмат кылат. Колдоо мамлекеттик органдар, жеке сектор жана башка кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү шарттарын түзүүгө жана ишкердүүлүктү, анын ичинде аялдар менен жаштардын демилгелерин колдоого багытталган.

Улук Кыдырбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси белгиледи: «БУУӨПтүн колдоосу менен биз РИКтерди ишке киргизе алдык. Алар жер-жерлерде мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда диалог жүргүзүүчү натыйжалуу аянтчага айланды. Бул ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана бизнес демилгелерин өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзөт. Биргелешкен ишибиз ар бир аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында коюлган максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт».

БУУӨПтун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «Регионалдык инвестициялык кеңештерди колдоо 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жана мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашырууга түз салым кошот. Бул демилге инвестициялык климатты бекемдеп, мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун күчөтүп, жаңы долбоорлор менен жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи.

Россиялык Элчинисин кеңешчиси Иван Прокопенко: «Мындай долбоорлорду каржылоо жана колдоо Кыргызстандын аймактык экономикасын өнүктүрүүгө жана туруктуу социалдык-экономикалык өсүшкө кызыкдар экенин көрсөтөт», — деп кошумчалады.

Техникалык жабдуулар Регионалдык инвестициялык кеңештерге бөлүнүп, Россиялык Түштүк фонду колдогон БУУӨПтун «Жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу ишкердик чечимдерин иштеп чыгуу аркылуу социалдык биримдикти жана туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун бөлүгү болуп эсептелет. Долбоор 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын приоритеттерине ылайык ишке ашырылып, Кыргызстанда инклюзивдүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган.

Мамлекеттик-жекемендик өнөктөштүк борбору, Бизнес өнүгүү жана инвестиция кеңеши жана БУУӨПтун үч тараптуу өнөктөштүгү Россиялык Түштүк фонду колдоосу менен жаштардын жергиликтүү башкарууга катышуусун институционалдаштырууга, ишкердүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактык инвестициялык экосистемаларды чыңдоого жардам берди. Жаштар борборлору жана Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) диалог, инновация жана экономикалык укук-мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу структураларга айланды, жаштардын Кыргызстанда инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүнүн негизги катышуучулары катары ролун бекемдеди.

Чуй облусунан башка алты региондо РИКтер Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратында түзүлгөн. Алар регионалдык өнүгүү, жаштар жана аялдар ишкердиги, жашыл өсүү жана санарип трансформация маселелерин талкуулоо үчүн институционалдык платформалар катары иштешет.

БУУӨП мамлекеттик органдарга инвестициялык климатты бекемдөөгө, мамлекеттик-жекемендик өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана аймактык өнүгүү үчүн туруктуу чечимдерди илгерилетүүгө колдоосун улантууга даяр экенин тастыктады. Долбоор Россинын колдоосу менен ишке ашырылууда.