"Дүйнөлүк жаратылыш мурасын башкаруу" колдонмосунун презентациясы
2019-жылы 10-октябрда Бишкекте “Борбордук Азиянын жаратылыш жана геологиялык мурасы” темасына арналган презентация болуп өттү, ал Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЖКЭАБ Аймактык бюросу, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Комиссиясы, Кыргыз Республикасындагы ПРООН тарабынан уюштурулган.
Иш чарага ЖКЭАБ дын “Борбордук Азия үчүн Бүткүл дүйнөлүк Мурасты Тематикалык изилдөө” отчетунун бет ачарын өткөрүшкөн, ал ЮНЕСКО Бүткүл дүйнөлүк мурастын обьекттерин жана жаңы обьекттерди кошуу боюнча мамлекеттерге жардам берүүнү башкаруудагы ишмердүүлүктү уюштуруунун системасын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Бул отчет Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кошууда жана Борбордук Азиянын жаратылыш мурасын сактоону камсыз кылууда потенциалдык обьекттердин приоритеттерин аныктайт. Отчетто Борбордук Азиядагы глобалдуу маанидеги биоартүрдүүлүккө ээ болгон алты обьект аныкталган, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилиши мүмкүн. Мисалга, эксперттер мамлекеттерге Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында жайгашкан “Батыш Тянь-Шань” Бүткүл дүйнөлүк мурастын объектисинин аймагын, ага “Манас” коругун жана Өзбекстанда Угам-Чаткал мамлекеттик улуттук жаратылыш паркын, ошондой эле башка ӨКЖА кошуу менен кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн баалоону сунуштайт.
Ошондой эле катышуучуларга Бүткүл дүйнөлүк Мурасты башкаруу боюнча Колдонмонун котормосун тартуулашкан жана жакында эле аяктаган “Батыш Тянь-Шандын геологиялык мурасы” изилдөөнүн натыйжаларын сунушташкан. Анда үңкүрлөр, каньондор жана өрөөндөр сыяктуу уникалдуу баруу үчүн сунуштар бар. Меймандар Батыш Тянь-Шандын жаратылышынын кооздугуна арналган көргөзмөнү ырахаттануу менен көрүп чыгышты.
“Бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасын коргоо жөнүндө” конвенциясы маанилүү шаймандардын бири болуп саналат, анын негизги миссиясы - чыгаан универсалдуу баалуулуктарга ээ бүткүл дүйнөлүк жаратылыш жана маданий мурасты табуу жана аны коргоодо турат.
Конвенция, айрым жерлер ошончолук баалуу экенин айтып турат, аларды коргоо бир гана өзүнчө улуттун эмес, жалпы эле эл аралык коомчулуктун милдети болуп саналат, жана бир гана бул муундун эмес, жалпы эле болочок муундун милдети.
Конвенция ЮНЕСКО Бүткүл дүйнөлүк Мурас борборунун, Конвенциянын Катчылыгынын жана Комитеттин - үч техникалык консультативдик органдын колдоосу алдында Бүткүл дүйнөлүк Мурас Комитети тарабынан жөнгө салынат: ЖКЭАБ, ИКОМОС, ИККРОМ.
Бүткүл дүйнөлүк Мурастын обьекттери абдан маанилүү кайтарууга алынган планетанын аянттары деп таанылган, жана бүткүл дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын жашоосун камсыз кылат. Ошентсе да алар климаттын өзгөрүүсү, инфраструктуранын өзгөрүшү, пайдалуу кендерди казуу, браконьерлик жана башка коркунучтар тарабынан көбүрөөк кысымга алынат.
БУУнун өнүктүрүү программасы азыркы учурда маанилүү глобалдуу биоартүрдүүлүктү сактоодо Батыш Тянь-Шанды сактоо боюнча долбоорун ишке ашырып жатат, анын негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.



