2026-жылдагы Эл аралык аялдар күнүнүн темасы — «Укуктар. Адилеттик. Аракеттер. Бардык аялдар жана кыздар үчүн» — мүмкүнчүлүктөргө тең жеткиликтүүлүк нормалдуу көрүнүш болушу керек экенин эске салат. Бул STEM-билимге, инновацияларга жана санариптик экономикага жеткиликтүүлүккө да тиешелүү.
Укуктар. Адилеттик. Аракеттер: жаш иштеп чыгуучулар туруктуу келечек үчүн санариптик чечимдерди кантип жаратып жатышат
2026-ж., 5-March
Smart Теплица командасынын тарыхы жаштардын идеялары Кыргызстандагы туруктуу өнүгүү үчүн реалдуу чечимдерге кантип айланып жатканын көрсөтөт. Ушул жылдын февраль айында БУУӨП климаттын өзгөрүшүнө каршы инновациялык санариптик чечимдерди иштеп чыгуу боюнча Хакатондун өткөрүлүшүн колдоду. Smart Теплица долбоору эң мыкты үч чечимдин катарына кирди.
Долбоордун демилгечилеринин бири — Ош мамлекеттик университетинин «Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия» адистигинде окуган 20 жаштагы студентка жана Enactus OshSU командасынын мүчөсү Бермет Баястанова.
«Идея жеке тажрыйбадан жаралган. Мен айыл чарба канчалык эмгекти талап кыларын жана фермерлер аба ырайына жана ресурстарга канчалык көз каранды экенин көрдүм. Ошондо технологиялар жардам бере аларын түшүндүм», — дейт Бермет.
Smart Теплица долбоору командалык иштин жыйынтыгы болду. Башкаруучулук, техникалык жана аналитикалык көндүмдөрдү бириктирип, команда башкарылуучу микроклимат, автоматтык сугаруу жана өсүмдүктөрдүн абалын көзөмөлдөөчү AI-камерасы бар автоматташтырылган күнөскана системасын иштеп чыкты.
Долбоордун негизги жаңычылдыгы — өсүмдүктөрдүн абалын талдап, өстүрүү процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берген жасалма интеллектти колдонуу. Бул тобокелдиктерди азайтууга, түшүм жоготууларын кыскартууга жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жардам берет.
БУУӨП колдогон Хакатонго катышуу командага идеяны сунуштоого гана эмес, аны структуралоого, бизнес-моделин сыноого жана ментордук колдоо алууга мүмкүнчүлүк берди.
Бермет, ортодо, командадагы өнөктөштөрү Гулкыял жана Арген менен иш учурунда.
«Бул биз үчүн жөн гана технологиялык долбоор эмес. Биз адамдарга чындап жардам берген жана айыл чарбасын туруктуураак кылган чечимдерди түзгүбүз келет»,— деп белгилейт Бермет.
Smart Теплица фермердик чарбалардын туруктуулугун жогорулатууга, сууну сарамжалдуу пайдаланууга жана айыл чарбасынын тышкы факторлорго, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө көз карандылыгын азайтууга багытталган.
«Укуктар. Адилеттик. Аракеттер. Бардык аялдар жана кыздар үчүн» деген глобалдык теманын алкагында Хакатон кыздардын билимге, технологияларга жана инновациялык чөйрөгө тең жеткиликтүүлүгү өлкөнүн өнүгүүсү үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Жаш аялдар эркектер менен катар санариптик чечимдерди түзүүгө катышканда, бүтүндөй коом утат. Бул айрыкча айыл жерлеринде маанилүү, анткени айыл чарбасында иштеген жумушчу күчүнүн олуттуу бөлүгүн аялдар түзөт.
Мындай окуялар мугалимдердин, ата-энелердин жана насаатчылардын колдоосу менен мүмкүн болот. Алар кыздарды жана жаш аялдарды мурда «салттуу эмес» деп эсептелген тармактарда өздөрүн өнүктүрүүгө шыктандырышат. Дал ушундайча адилеттүү, инклюзивдүү жана туруктуу келечектин негизи түзүлөт.