Колдоо-өсүү үчүн мүмкүнчүлүк болгондо: туризм тармагындагы ментордук жуптун окуясы

2025-ж., 8-September
Three women smiling during taking a selfie photo
Сүрөт: Айшанын өздүк архивинен

Кыргызстанда аймактарда айымдар барган сайын көп санда чакан бизнес ачып, региондорду өнүктүрүүгө салым кошуп жатышат. Башкаруу тапшырмаларын ийгиликтүү аткаруу жана ишенимдүү түрдө рынокко чыгуу үчүн аларга практикалык колдоо маанилүү. БУУӨП ментордук программасы ишкер айымдарга дал ушундай куралдарды берет - билим, кеңеш, устаттык жана кошумча каржылоо. Мисалдардын бири - ментор Айша Мамбеталиева жана анын эки ментиси, Роза Мусалиева менен Наргиза Эржанованын эмгеги.

Айша Мамбеталиева «КыргызТуризм» туристтик компаниясын жетектейт. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери бул тармакта иштеп, ички жана тышкы рыноктун муктаждыктарын жакшы билет жана бул тажрыйбасы менен аймактардагы ишкер айымдар менен бөлүшүп келет. 2019-жылдан бери ал айымдардын ишкерлигин колдогон долбоорлорго үзгүлтүксүз катышып, жаңыдан баштаган бизнеске ката кетирбөөгө, логистиканы курууга, туристтик продуктуну иштеп чыгууга жана документтерди туура жолго салууга жардам берип келет.

«Ментордук - бул идеядан бизнес-планды түзүүгө чейинки, баш аламандыктан системалуу иштерге чейинки так кадамдар жөнүндө», — дейт Айша.

2024-жылдын май айында Роза Казарман айылында мейман үйүн башкарууну баштады. Ментору менен чогуу ал жайгаштыруу жана SPA кызматтарын камтыган кызмат көрсөтүүлөрдүн концепциясын иштеп чыкты. Айша ага бизнесинин күчтүү жана алсыз жактарын баалоого, өнүгүү планын түзүүгө жана грантка арыз берүүгө жардам берди. Алган каражаттын эсебинен Роза жабдууларды сатып алып, кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртты.

«Биз SWOT-анализди өтүп, максат коюуну үйрөндүк. Айша идеяларды кантип так пландоо керектигин түшүндүрүп берди», — дейт Роза.

Ал эми Наргиза Каракол шаарында мейман үйүн башкарат. Программага чейин ал бардык иштерди өзү жасоого туура келген. Ментор менен иштөөдө ал башкарууну жолго салып, кызматтарды кеңейтип (боз үй жана конференц-зал кошту) жана уюшкан туристтик топтор үчүн продукт иштеп чыкты. Айша ага милдеттерди системалаштырууга, артыкчылыктарды аныктоого жана команда менен байланыштарды түзүүгө жардам берди.

«Эми менде так план, ролдордун бөлүштүрүлүшү жана бизнесимди кантип чоңойтуу керектиги боюнча түшүнүк бар. Айша бизнес кеңейүүсүн этап-этабы менен иштеп чыгууга жана күн сайын максаттарга жетүүгө жардам берди», - дейт Наргиза.

Айша өзүнүн ментилерин дайыма колдоп турат: алар WhatsApp чатта баарлашат, Zoom-жолугушууларды өткөрүшөт жана жумуш маселелерин талкуулашат. Ар түрдүү тажрыйбага карабастан, катышуучулар бири-бирине идеяларды жана иш жүзүндө текшерилген чечимдерди бөлүшүп турушат.

БУУӨП ишке ашырып жаткан ментордук программа айымдар менен жаштардын ишкердик көндүмдөрүн жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Программа кошумча нарк чынжырчасынын болгон артыкчылыктуу секторлорду камтыйт - табигый бал, кургатылган мөмө-жемиш, кол өнөрчүлүк буюмдары жана окуялуу туризм. Катышуучулар окутуу иш-чараларына, жеке менторлукка, гранттарга жана нетворкингге мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстан боюнча 60 ишкер программага катышып, анын алкагында 15 жаңы ишкана түзүлүп, 56 жумушчу орун ачылды. Алардын 45ин айымдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээледи.

Айымдардын ишкерлигин колдоо БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы ишинин маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт, аймактардын экономикасын жандандырат жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Программа ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошуп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес ыкмаларын алдыга жылдырат.

Three women at the lobby of the hotel
Сүрөт: Айшанын өздүк архивинен