Креативдүү экономика иш үстүндө: Салттуу кол өнөрчүлүк кантип туруктуу бизнеске айланып жатат
2025-ж., 30-April
Акылыйма Сулайманова кичинекей кезинен эле чыгармачылыкка умтулуп чоңойгон. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өскөн, бала чагынан тарта чоң энесинин жана кийинчерээк кайненесинин кол өнөрчүлүктүн сырларын муундан-муунга өткөрүп жатканын көрүп чоңойгон. Бул билимдер Акылыйма үчүн жөн гана хобби болбостон, өзүнүн инсандыгын жана маданиятка болгон сүйүүсүн билдирүүнүн жолу болуп калган.
Кийинчерээк, Нарын облусунун Кызарт айылына турмушка чыгып, Акылыйма жолдошу менен бирге беш бала тарбиялап чоңойтту. Узак убакыт бою кол өнөрчүлүк, тигүү, кийиз менен иштөө, курак куроо киреше алып келбестен, анын жөн гана кечки убакыттагы алек болуучу иши болуп келген.
Бардыгы айылда аялдар үчүн ачылган Жаратман Айымдар Жамааты пайда болгондон кийин өзгөрдү. Бул Жамаат Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен, “Нарын Экономикалык Өнүгүү Борбору” коомдук бирикмеси жана Куйручук-Кызарт айыл өкмөтү менен өнөктөштүктө түзүлгөн.
БУУӨП жергиликтүү коомчулукка Жаратман Айымдар Жамаатарын түзүп, жабдуу алып берүүгө жана тандалган катышуучулар үчүн тренингдерди, мастер-класстарды уюштурууга көмөктөштү. Ар бир агымда негизинен туризм жана кол өнөрчүлүк менен алектенген 28 аялдан үч агым түзүлдү.
Коворкинг аянтчасы бардык керектүү техникалар менен жабдылган: ноутбуктар, кеңсе техникасы, проектор, экран жана мобилдүү эмеректер. Бул жер чыгармачылык жана окуу үчүн гана эмес, аялдар үчүн өз ара баарлашууга жана өзүн өзү ишке ашырууга коопсуз мейкиндик болуп калды. Бул жерде катышуучулар баа коюу, маркетинг, гендердик теңчилик, юридикалык укуктар, санариптик куралдарды колдонуу жана мүмкүн болгон иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү боюнча билим алышат.
Акылыйма үчүн бул жамаат жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачты. Бул жерде ал бизнес-план түзүп, колдоо таап, өзүнүн хоббиси толук кандуу ишке айлана аларына ишенди. Адегенде ага курбусу тигүүчү машиналарды таап берди. Андан кийин балдары Бишкектен керектүү жабдыктарды сатып беришти. Үйдүн бир бөлмөсүндө кичинекей ишкана ачылып, жаңы жашоо барагы башталды.
Ал жактан алган билимдер ага эсеп жүргүзүүнү, продукцияны реклама кылууну жана буйрутмалар менен иштөөнү үйрөнүүгө жардам берди. Азыр ал дагы үч айым менен бирге иштейт — алар дагы лабораториянын катышуучулары. Алар биргеликте этностилдеги буюмдарды — улуттук белдемчилерди, чыптамаларды, юбкаларды, жүк жапкычтарды жана декоративдүү жаздыктарды тигишет. Акылыйма идеядан баштап сатуучуга чейин бардык этаптарда өзү катышат.
“Азырынча ишкана деп атоого эрте, бирок ушул жумуштун аркасы менен чоң ишкана ачуу кыялым пайда болду”, — дейт ал.
Бүгүнкү күндө Акылыйма жаңы багытты да өнүктүрүүдө — заманбап кийимдер менен айкалыштырууга боло турган кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн классикалык юбкаларды тиге баштады. Бул кийимдер өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер арасында популярдуу болуп жатат. Ошондой эле ал лекало (кийимдин шаблону) чыгаруучу онлайн курстарды окуп бүтүп, тигүү сапатын дагы жакшыртты.
“Мурда мен бул ишти жон гана жан дүйнөм үчүн кылчумун. Азыр болсо, өзүмө ишенип, бул иш менен жашоомду өзгөртө ала турганыма жана башка аялдарга дагы күч-кубат бере ала турганыма ишендим”,— дейт Акылыйма.
Акылыйманын тарыхы — көптөгөн аялдардын тагдырын чагылдырган мисал. Аялдарга ресурстарга, билимге жана колдоого тең укуктагы мүмкүнчүлүк берилгенде, алар өз потенциалын ачып гана тим болбостон, өз коомчулугунда өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы боло алышат.
БУУӨПтүн муниципалитеттер жана коомдук уюмдар менен биргеликте түзгөн бул аялдардын креативдүү лабораториясы чыгармачыл идеяларын ишке ашырууну каалаган аялдар үчүн инклюзивдүү аянтча болуп калды. Бул жерде алар бизнес-идеяларды иштеп чыгып, бири-бири менен пикир алмашып, билим алып, финансылык сабаттуулук, адам укуктары жана репродуктивдик ден соолук сыяктуу темаларды изилдеп жатышат. Бул болсо жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө жана социалдык ынтымак менен тең мүмкүнчүлүктөр маданиятынын калыптанышына өбөлгө болууда.