Илбирс — тоолордун сакчысы жана Кыргызстандагы туруктуу туризмге дем берүүчү символу

Илбирс Борбор Азиянын кар баскан кырка тоолорунда жашаган сейрек кездешүүчү жырткыч гана эмес. Кыргызстан үчүн ал таза жаратылыштын, улуттук сыймыктын жана экологиялык жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүүнүн символуна айланды.

2026-ж., 6-February
Two snow leopards resting on snowy ground.

Индия, Монголия, Кытай жана Пакистан сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө илбирсти байкоо экотуризмдин популярдуу багыты болуп калды. Бул тажрыйбалардан шыктанган Кыргызстандагы Snow Leopard Foundation фонду 2023-жылы БУУӨП–ГЭФтин Чакан гранттар программасынын колдоосу менен «Илбирс турлары — жергиликтүү жаратылышты сактоонун ачкычы» долбоорун ийгиликтүү аяктады.

Долбоор Сарычат–Ээрташ коругунда этикалык туризмди өнүктүрүүгө негиз салды. Корук кызматкерлери (егерлер) жана жакынкы жамааттардын жашоочулары үчүн окутуу тренингдери өткөрүлүп, керектүү жабдуулар сатылып алынды: чатырлардан жана боз үйлөрдөн тартып күн станцияларына жана жүк ташуучу каптарга чейин. Бул жапайы жаратылышты байкоочулар үчүн ыңгайлуу жана экологиялык жактан коопсуз шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Бүгүнкү күндө мындай турлар күздүн ортосунан кыштын аягына чейин уюштурулат. Долбоор аяктагандан кийинки эки сезон ичинде болжол менен 10–12 топ (60–70ке жакын адам) корукту жана ага чектеш аймактарды, анын ичинде Жангарт жана Ак-Шыйрак өрөөндөрүн кыдырып келишти.

«Башка жаратылыш турларынан айырмаланып, биздин илбирс турлары коруктун жана жергиликтүү экосистеманын көтөрүмдүүлүгүн эске алуу менен уюштурулат. Ар бир топто туристтердин саны 6 адамдан ашпайт жана корукка бир эле учурда бир нече топ киргизилбейт», — деп белгилейт Жумабай уулу Кубанычбек, Кыргызстандагы Snow Leopard Foundation фондунун директору.

2025-жылдан тартып ар бир турист жергиликтүү жамааттын жаратылышты коргоо фондуна 100 АКШ долларынан салым кошот. Бул каражаттар егерлерди колдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоону стимулдаштырууга багытталат. Туристтердин туруктуу агымы шартында жылдык салым 7 000 АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн — бул алыскы аймактар үчүн олуттуу колдоо.

Ар бир турдан түшкөн киреше 3 000–4 000 АКШ долларын түзөт, ал эми кызматтар толугу менен жергиликтүү тургундар тарабынан көрсөтүлөт: егерлер, гиддер, ашпозчулар жана конок үйлөрүнүн ээлери.

Белгилей кетчү маанилүү жагдай — бул турлар жапайы жаныбарларды алардын табигый чөйрөсүндө этият жана тоскоолдук жаратпай байкоого багытталган. Туристтер илбирстин сейрек кадрларын, ошондой эле башка жырткычтарды — карышкырларды, аюуларды, манулдарды жана ири өлүк жегич канаттууларды сүрөткө тартууга умтулушат. Мурда жергиликтүү калк тарабынан «зыяндуу» деп эсептелген карышкыр жана түлкү сыяктуу жырткычтар бүгүнкү күндө жергиликтүү турлардын баалуу жана кызыктуу объекттерине айланды.

Бул турлар коруктун инфраструктурасын жакшыртууга мүмкүндүк берип, ошол эле учурда тейлөөнүн сапатын жана турлардын баасын жогорулатууга шарт түздү. Эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) туристтердин аз сандагы агымынан да олуттуу пайда көрө алат. Егерлер менен жергиликтүү гиддердин тажрыйбасы артты, ал эми статистика боюнча тур учурунда илбирсти көрүү ыктымалдыгы 90 пайызга жетти — бул көрсөткүч дүйнөлүк стандарттар боюнча да уникалдуу!

БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан ГЭФтин Чакан гранттар программасы (ЧГП) глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдойт. Биологиялык ар түрдүүлүк, климат, жер жана токой ресурстарын башкаруу, суу ресурстары жана химиялык заттар багытындагы долбоорлорду каржылоо аркылуу ЧГП жергиликтүү аракеттер глобалдык таасирге ээ боло аларын далилдеп келет.