Адинай – Баткен областынын Айдаркен шаарынын тургуну. Биринчи никеси 2007-жылы бузулган. Анда наристеси эки жашта гана болчу. Мурунку күйѳѳсү - кызынын апасы менен ажырашкандан кийин Чүй областына кѳчүп кеткен. Адинай кызын жалгыз тарбиялап чоӊойтту. 2016-жылы мурунку күйѳѳсү менен байланыш таптакыр үзүлгѳн: ал дареги менен мобилдик телефонунун номерин ѳзгѳртүп салыптыр.
«Ал дайыма алимент тѳлѳѳдѳн баш тартып келген. Юридикалык жардам сурап кайрылган эмесмин. Себеби, мурда Айдаркенде юристтин акысыз кызматтары жок болчу, ал эми юрист жалдоо мен үчүн ѳтѳ эле кымбатка түшмѳк», - дейт ал.
Ѳткѳн айда, 28-февраль күнү мына ошол атасыз чоӊойгон кыз 16 жашка чыкты. Эми курдаштары сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга тийиш. Бирок биздин мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, биринчи жолу паспорт алып жатканда баланын документтерин жолжоболоштуруу үчүн ата-энесинин экѳѳнүн теӊ паспортторунун кѳчүрмѳлѳрү талап кылынат.
«Мурунку күйѳѳм менен байланышып, анын паспортунун кѳчүрмѳсүн алуу мүмкүн болгон жок. Кѳптѳн бери кызы менен катышпагандыктан жана материалдык жардам кѳрсѳтпѳгѳндүктѳн, анын кайда жашап, кайда жүргѳнү белгисиз. Ошентип, паспорт алуу үчүн документтерибизди тапшыра албай калганбыз», - дейт Адинай.
Анын айтымында, паспорт алууда кѳйгѳйлѳргѳ биринчи жолу кабылып жаткан жок. Кызы мектепте жакшы окуйт, сыйлыктарга ээ болуп, волейбол боюнча спартакиадаларга катышып жүрѳт. Чет ѳлкѳлѳргѳ чыгуу үчүн атасынын уруксаты жана ѳзүнүн паспорту жок болгондуктан, былтыр ѳлкѳдѳн чыгып, жарыштарга катыша албай калган.
«Кээде биздин практикада чатышкан маселелер кездешет. Адинай кызынын паспорт алуусуна жардам берүү, ошондой эле алимент тѳлѳтүү боюнча соттон кызыкчылыктарын коргоп берүү ѳтүнүчү менен кайрылган. Биз атасынын жашаган жерин аныктоо максатында Айдаркен шаарынын паспорттук столуна кайрылдык. Кѳрсѳ, атасы кызынын туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүгүндѳ жазылган фамилиясын ѳзгѳртүп салыптыр. Ал эми фамилиясын ѳзгѳртүүгѳ эмне негиз болгонун паспорттук столдун базасынан таба алган жокпуз. Паспорттук стол кыздын паспорт алуусу үчүн документтерди кабыл албоосунун башкы себеби ушул болуп чыкты. Атасынын паспортунун кѳчүрмѳсүн жана фамилиясын ѳзгѳрткѳндүгү тууралуу күбѳлүктү тапшыруусу талап кылынат экен», - деп түшүндүрдү Айдаркен шаарынын КККБ юристи Жусубалиева Динара.
«Бир жуманын ичинде эле юрист айым мурунку жолдошуман алимент тѳлѳтүү боюнча документтерди даярдап чыкты жана райондук сотко арыз бердик. Менин кызыкчылыктарымды коргогон жак катары юрист Кадамжай райондук ЖААК бѳлүмү аркылуу Жайыл жана Панфилов райондорунун ЖААК бѳлүмдѳрүнѳ сурам жѳнѳттү. Кыска убакыт ѳткѳн соӊ ЖААК бѳлүмү кызымдын атасынын фамилиясын ѳзгѳрткѳндүгү жѳнүндѳ тийиштүү актылар менен жооп келгенин билдирди. Кѳптѳн бери эмне кыларыбызды билбей жүрдүк эле, эми болсо ишибиз ордунан жыла баштады. Ѳз укуктарын билүүнүн, кайда жана кантип кайрылуу керек экендигинен кабардар болуунун мааниси ѳтѳ чоӊ экен. Мындай натыйжалар мага алдыга карай умтулууга түрткү болду», - дейт Адинай.
Жарандык абалдын актыларын каттоо бѳлүмүнѳн карызкордун фамилиясын ѳзгѳрткѳндүгү тууралуу керектүү маалыматтарды алган соӊ, юрист алимент тѳлѳтүү боюнча сот чечиминин берилиши жѳнүндѳ арыз даярдаган. Бул токтом Панфилов райондук сотуна соттук аткаруучулар кызматынын бѳлүмүнѳ (САКБ-ПССИ) аткаруу ѳндүрүшү үчүн жѳнѳтүлгѳн. Соттук аткаруучу «Соттук аткаруучулардын статусу жѳнүндѳ жана аткаруу ѳндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде карызкордон баланын пайдасына алимент тѳлѳтүп берет. Мындан тышкары, соттук аткаруучулар тарабынан алимент тѳлѳтүү актылары жолжоболоштурулган учурда карызкордун паспортунун жана фамилиясын ѳзгѳрткѳндүгү тууралуу күбѳлүктүн кѳчүрмѳлѳрү дагы алынат.
«Эми менин санаам тынч, буюрса жакында кызым ѳзүнүн классташтары менен катар паспорт алып, мамлекеттик, муниципалдык, медициналык кызматтардан толук пайдалануу укугуна ээ болот, олимпиадаларга катышып, ѳзүнүн артыкчылыктарын кѳрсѳтѳ алат. Келечекте турмушу меникинен мыкты болушун тилейм» - дейт апасы.
Биз дагы ушундай болот деп ишенебиз!
БУУнун Ѳнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен 20 жылдан ашуун мезгилден бери кызматташып келет. Бул кызматташтыктан кийинки натыйжаларга жетишилди: акысыз юридикалык жардам жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынды, алыскы жана айыл аймактарында жашаган миӊдеген жарандарыбыз мыйзам тууралуу маалыматка ээ болуп, юридикалык жардам ала алышты, Кыргызстандын шаарлары менен айылдарында акысыз юридикалык жардам кѳрсѳткѳн 27 борбор ачылды. БУУѲП 27 борбордун ичинен 13 борбордун ачылышына колдоо кѳрсѳттү. Ал эми былтыркы жылдан бери COVID-19 жол ачкан кризиске жооп катары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ кѳп жактуу комплекстүү жардам кѳрсѳтүүнүн алкагында, жана Япония Ѳкмѳтүнүн финансылык колдоосу менен БУУѲП алыскы чек арага жакын пилоттук коомчулуктарда укуктук маалыматтардын жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу чѳйрѳсүндѳ реакция кылуу чараларын ишке киргизген. Мында «Фергана ѳрѳѳнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмеси менен ѳнѳктѳштүк ичинде COVID-19 шарттарында эпидемиологиялык стандарттарды сактоо шарты менен 6 пилоттук коомчулукта жарандарга юридикалык жардам кѳрсѳтүү иш-аракети уюштурулган. Акысыз юридикалык жардам укуктук маселелер боюнча кеӊеш берүүлѳрдү, сот органдарына доо арыздарды, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына кайрылуулар менен даттанууларды даярдоого жардамдашууну камтыйт.
Адинайдын баяны ѳлкѳнүн ар кайсы аймактарында күн сайын иш алып барган юристтер кездештирген окуялардын бири гана. Мындай аймактарда квалификациялуу юридикалык кеӊеш берүүлѳргѳ карата суроо-талап абдан жогору экенин практика кѳрсѳтүп турат.
