Жергиликтүү коомчулукту бекемдөө максатында Мин-Булакта Жаштар борбору ачылды

Мин-Булак, Чүй облусу, 2026-жылдын 26-марты – Бүгүн Мин-Булакта жаңы Жаштар борбору расмий түрдө ачылып, Кыргызстандын жаштарынын катышуусун өнүктүрүү, социалдык биримдикти бекемдөө жана радикалдашуунун алдын алуу багытындагы маанилүү кадам болуп калды.

2026-ж., 26-March

Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен Миң-Булакта Жаштар борборунун ачылышы

БУУӨП Кыргызстан

Борбор Япония өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн колдоосу менен, улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда зомбулук экстремизмдин алдын алуу үчүн туруктуу коомчулукту бекемдөө» аттуу аймактык долбоордун алкагында түзүлдү.

Ачылыш аземине улуттук жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, жаштар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана дипломаттар катышты. Алардын катарында Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Денизбек Раимкулов; Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити; БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана жергиликтүү бийликтин жана айылдык кеңештин өкүлдөрү болду.

Мин-Булактагы Жаштар борбору Кыргызстандагы беш муниципалитетте ишке ашырылып жаткан кеңири демилгенин бир бөлүгү болуп саналат. Алар: Кербен, Чолпон-Ата, Кадамжай, Ош жана Мин-Булак (Чүй облусу). Долбоор жаштар үчүн коопсуз жана жеткиликтүү мейкиндиктерди түзүүгө жана жергиликтүү башкарууга жаштардын катышуусунун туруктуу механизмдерин калыптандырууга багытталган.

Долбоор беш пилоттук муниципалитетте жаштардын жергиликтүү башкарууга катышуусун кеңейтүүгө багытталган: 350дөн ашуун жаштар медиация, диний сабаттуулук жана зомбулук экстремизмдин алдын алуу боюнча тренингдерге катышты. Бул биргелешкен иштин натыйжасында жаштар үчүн беш иш-аракет планы иштелип чыгып, расмий түрдө бекитилди. Бардык беш муниципалитет жаштар демилгелерин колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, туруктуулукту жана институционалдык өз алдынчалуулукту камсыз кылышты.

Бул инвестиция инфраструктураны, көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, диалог аянтчаларын жана жаштар демилгелери үчүн чакан гранттарды бириктирип, муниципалитеттердин узак мөөнөттүү туруктуулугун жана жоопкерчилигин бекемдейт.

Денизбек Раимкулов, Миң-Булак айыл аймагынын акими өзүнүн куттуктоо сөзүндө: 

«Аталган борбор жаштарыбыз үчүн заманбап шарттарды түзүп, билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү, чыгармачылык жана инновациялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Жаштарыбыз бул жерден жаңы билим алып, тажрыйба топтоп, келечектеги кесиптик жолуна бекем негиз түзөт деп ишенем. Биздин негизги максатыбыз - ар бир жашка өзүнүн жөндөмүн ачууга, сапаттуу билим алууга жана коомдо татыктуу ордун табууга шарт түзүү», - деп белгиледи.

Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити Кыргызстанда жана Борбор Азияда жаштарды жана социалдык биримдикти колдоого Япониянын берилгендигин тастыктап, билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана коомчулук менен иштөө аркылуу алдын алуу негизги багыт бойдон каларын белгиледи: 

«Жалпы аймактык чакырыктарды чечүү адам коопсуздугу принциптерине негизделген чек ара аралык кызматташууну талап кылат. Дал ушул көз караштан улам Япония бул долбоорду колдоду. Биз алдын алуу ыкмасы — билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана коомчулук менен иштөө аркылуу — жаштардын потенциалын ачууга жана коомдогу социалдык биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Бул борбордо жаралган диалог жана жаштар демилгелери коомчулуктун күчтүү жана биримдиктүү келечегин калыптандырууга салым кошот деп чын жүрөктөн ишенем».

БУУӨПтүн  Туруктуу өкүлү Александра Соловьева жаштардын катышуусун башкаруу системаларына интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи: 

«БУУӨП  билим берүү, иш менен камсыз кылуу, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ишкердик жана чечим кабыл алууга катышуу аркылуу жаштар үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Мындай ыкма туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана социалдык биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт».

Ал долбоор өкмөттүн жаштар менен иш алып баруу боюнча демилгелерин колдой турганын кошумчалады. Жаштар комитеттеринин катталышы жана жергиликтүү бийлик тарабынан бюджеттик каражаттардын бөлүнүшү туруктуу коомчулукту жана экономикалык өсүштү камсыз кылган структуралык шарттарды түзөт.

Долбоор профилактикалык жана конфликтке сезимтал мамилеге негизделип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2250-резолюциясына «Жаштар, тынчтык жана коопсуздук» жана Кыргызстандын улуттук жаштар стратегияларына шайкеш келет.

Жаштардын лидерлигин жергиликтүү башкаруу процесстерине интеграциялоо жана алардын демилгелерин муниципалдык каржылоо аркылуу Кыргызстан мүмкүнчүлүктөргө, катышууга жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген коомчулуктарды бекемдөөнүн туруктуу моделин түзүүдө.