2026-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин Ош шаарында, ошондой эле 2–4-апрель күндөрү Баткен облусу аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн бир катар окутуу тренингдери өткөрүлдү.
Тынчтыкка жана коопсуздукка салым: чек ара кызматтарынын ролун күчөтүү
2026-ж., 6-April
Иш-чаралар БУУнун Тынчтык куруу фонду (PBF) тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын институттарынын жана чек арага чектеш жамааттарынын потенциалын чыңдоо аркылуу Өзбекстан Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулуп, БУУӨП, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Эл аралык миграция уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.
Окутуулардын негизги максаты чек ара кызматкерлеринин аялдар жана балдар менен иш алып баруу, чыр-чатактарды алдын алуу, адам сатууга каршы аракеттенүү жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелериндеги кесиптик потенциалын жогорулатуу болду.
Программа теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү айкалыштырууга багытталды. Өзгөчө көңүл гендердик жана балдарга сезимтал ыкмаларды колдонууга, улуттук мыйзамдарды жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоого бурулду. Ошондой эле тобокелдиктерди жана алсыздык факторлорун аныктоо, коопсуз, иреттелген жана жөнгө салынган миграцияны камсыз кылуу, аялдар жана балдар менен иш алып баруунун алгоритмдери, анын ичинде коштоосуз жашы жете электер менен иштөө маселелери каралды.
Тынчтык куруу көз карашынан алганда, бул тренингдер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара аймактарында ишенимди бекемдөөгө жана туруктуу, конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү механизм болуп саналат.
Чек ара кызматтары коопсуздукту камсыздоочу институттар гана болбостон, мамлекеттер менен жамааттардын ортосундагы «биринчи байланыш линиясы» катары да кызмат кылат. Алардын конфликтке сезимтал жана адамга багытталган ыкмаларды колдонуудагы потенциалын жогорулатуу өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө, алсыздык факторлорун азайтууга жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара аралык кызматташуунун туруктуу механизмдерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктары менен түздөн-түз шайкеш келип, коңшу мамлекеттер менен жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого, чек ара аймактарынын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошол эле учурда, бул ишмердүүлүк өлкөнүн Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция, Балдардын укуктары жөнүндө конвенция жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартиби алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга салым кошот. Айрыкча, аялдар менен балдардын укуктарын, алардын коопсуздугун жана кадыр-баркын, анын ичинде миграциялык жана чек ара процесстеринде камсыздоону караган Туруктуу өнүгүү максаты 16га өзгөчө көңүл бурулат.
БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган долбоор институционалдык потенциалга жана адам капиталын өнүктүрүүгө салынган инвестициялар чыр-чатактарды алдын алууга, ишенимди бекемдөөгө жана чек ара аймактарында туруктуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүүгө кандайча өбөлгө түзөрүн айкын көрсөтүп турат.
Тренингдин өзүнчө модулу адам сатууга каршы аракеттенүүгө арналды, анын ичинде потенциалдуу жабырлануучуларды аныктоо, идентификациялоо жана тиешелүү кызматтарга багыттоо механизмдери каралды. Мындан тышкары, чек ара көзөмөлүн жүргүзүүдө коммуникация жана профайлинг көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар чыр-чатактарды талдоонун негизги инструменттерин да өздөштүрүштү, бул аларга жергиликтүү чыңалуулардын себептерин тереңирээк түшүнүүгө жана алдын алуу чараларын өз убагында колдонууга мүмкүндүк берет.
Практикалык бөлүк кейстерди талдоону, симуляциялык көнүгүүлөрдү жана чакан топтордо иштөөнү камтып, алынган билимдерди кызматтык иштин реалдуу шарттарына ылайыкташтырууга шарт түздү.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар чек арадагы ишмердүүлүктү натыйжалуу жана адамга багытталган негизде жүргүзүү үчүн зарыл болгон билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн деңгээли олуттуу жогорулаганын белгилешти. Бардык катышуучулар алдын ала жана жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүп, тренингдин соңунда сертификаттарга ээ болушту.