Чүй облусу, 2026-жылдын 2-апрели – Чүй облусунда Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары үчүн өткөрүлүүчү эки багыт берүүчү семинардын биринчиси башталды. Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти өнүктүрүү жана демократия борбору тарабынан Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин техникалык жана эксперттик колдоосу менен уюштурулууда.
БУУӨП жана ЕККУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары үчүн багыт берүүчү семинарды колдоо көрсөттү
2026-ж., 2-April
Жогорку Кеңештин депутаттары багыттоочу семинарда
Багыт берүүчү семинарлар депутаттардын парламенттик ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, улуттук мыйзамдарына, Жогорку Кеңештин Регламентине жана тиешелүү эл аралык стандарттар менен практикаларга ылайык чыңдоого багытталган. Программанын алкагында парламенттин ишинин конституциялык-укуктук негиздери, парламенттин мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функциялары, парламенттик этика маселелери, коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле бюджеттик процесс, адам укуктары, гендердик теңчилик, Туруктуу өнүгүү максаттары жана стратегиялык пландоо менен байланышкан өзүнчө тематикалык багыттар камтылган.
Семинарды өткөрүү өнөктөштөрдүн мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана отчеттуулук жаатындагы негизги демократиялык институт катары парламенттин институционалдык потенциалын чыңдоого болгон жалпы умтулуусун чагылдырат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жаңыланган курамынын шартында мындай колдоо парламенттин улуттук өнүгүү артыкчылыктарын илгерилетүүдөгү, укуктун үстөмдүгүн бекемдөөдөгү жана жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуудагы ролун мындан ары да чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.
«Бул семинар өлкөбүздө парламентаризмди чыңдоого жана депутаттардын кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Биз өнөктөштөрүбүз — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосун жогору баалайбыз жана бул кызматташтык Жогорку Кеңештин институционалдык натыйжалуулугун, ачык айкындуулугун жана эл алдындагы отчеттуулугун мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев.
«Мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү негизги демократиялык институт катары күчтүү жана натыйжалуу парламент туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө, укуктун үстөмдүгүн бекемдөөдө жана мамлекеттик саясаттын жарандардын кызыкчылыктарына багытталышын камсыз кылууда өзгөчө маанилүү роль ойнойт. БУУӨП үчүн Жогорку Кеңештин институционалдык өнүгүүсүн жана жаңы чакырылыштын потенциалын чыңдоону, анын ичинде ушундай кесиптик тажрыйба алмашуу жана окутуу аянтчалары аркылуу колдоо маанилүү», — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Семинар ошондой эле парламенттин Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин, өзгөчө тынчтыкты, адилеттүүлүктү жана натыйжалуу, отчеттуу жана инклюзивдүү институттарды илгерилетүүгө багытталган 16 - Туруктуу өнүүгүнүн максаттын ишке ашыруудагы ролун тереңирээк түшүнүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
«Бүгүнкү багыт берүүчү семинар парламенттик жол-жоболорду, депутаттын ролун жана жоопкерчилигин, ошондой эле шайлоочулар, жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери ЕККУ Кыргызстан үчүн парламенттик демократияны колдоо, инклюзивдүү жана ачык мыйзам чыгаруу процессин өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин институционалдык калыптанышын жана өнүгүшүн колдоо, ошондой эле парламенттин адамдык потенциалын жогорулатуу маселелеринде ишенимдүү өнөктөш болуп келет. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Жогорку Кеңеш менен кызматташтыкты жогору баалайт жана өз мандатынын алкагында эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр», — деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт.
Биринчи семинардын алкагында депутаттар Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин тарыхын, бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшү тутумундагы Жогорку Кеңештин ордун жана ыйгарым укуктарын, депутаттын статусун жана этикасын, мыйзам чыгаруу процессин, парламенттик көзөмөлдү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү, парламенттин бюджеттик процесстеги ролун, ошондой эле адам укуктары, гендердик теңчилик, киберкоопсуздук жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселелерин камтыган кеңири чөйрөдөгү темаларды карашат.
БУУӨП Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңеш, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана башка өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен парламенттин институционалдык потенциалын чыңдоого, ачык, натыйжалуу жана адамга багытталган мамлекеттик башкарууну илгерилетүү кызыкчылыгында көмөктөшүүнү улантат.