Адилеттүүлүк бардыгы үчүн: БУУӨП Кыргызстанда сот адилеттигин кантип жеткиликтүү кылып жатат
2025-ж., 1-June

Акжол Калбеков
Бишкек шаарындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кызматынын кеңсеси күнүмдүк ишин улантууда: юристтер кеңеш берип, документтерди даярдап, жарандарды кабыл алууда. Бирок бул көрүнүштүн артында чоң максат турат – ар бир жарандын сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Бул максатка жетүүдө БУУӨПтүн «Сот адилеттигине жетүү» долбоору маанилүү ролду ойнойт.
«Биздин максат – ар бир адам, юридикалык көйгөйгө туш болгондо, мамлекет кепилдеген квалификациялуу, акысыз юридикалык жардам ала алышы керек»,– дейт МКЮЖКнын жетекчиси Акжол Калбеков.
Анын айтымында, абал Финляндия өкмөтү каржылаган БУУӨПтүн долбоорунун жардамы менен жакшы жакка өзгөрө баштады. Долбоор кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам көрсөтүү системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө финансалык дагы, билим жагынан дагы колдоо көрсөттү.

Юридикалык жардам кызматына жабдууларды тапшыруу учурунда
Негизги жетишкендиктердин бири – 2024–2028-жылдарга Акысыз юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы. Ошондой эле бардык процесстерди бириктирип, аларды ачык-айкын кылган Акысыз юридикалык жардамдын автоматташтырылган маалыматтык системасы дагы ишке киргизилди. Мындан тышкары, жарандык жана административдик иштер боюнча жардам көрсөтүү механизми ишке кирип, көйгөйлөрдү чукул чечүү үчүн алгачкы консультациялар күчөтүлдү.
Ушу тапта өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 43 борбор түзүлүп, иштеп жатат. Алардын ичинен 24 борбор сот адилеттигине жетүү боюнча долбоордун алкагында түзүлгөн. Тез арада консультация берүүнү камсыз кылган 114 ыкчам линиясы ишке киргизилди.
Кыргызстандын эң алыскы жана жетүү кыйын болгон аймактарынын тургундарына юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өлкө боюнча «Тилектештик автобусу» каттап турат.

114 ишеним телефонуна юридикалык кеңеш берүү учурунда
Акысыз юридикалык жардамды кеңейтүүдөн тышкары, майыптыгы бар адамдардын экономикалык инклюзиясын жана укуктук коргоосун күчөтүү үчүн Салык, Жазык-процесстик, Эмгек кодексине жана социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.
Калбеков долбоор туруктуу системаны түзүүгө жардам бергенин баса белгилейт. Кызмат көз карандысыздыкка умтулат жана башкарууну адвокатурага өткөрүп берүүнү пландаштырууда. Ал эми мамлекет тарабынан каржылоо улантылат.
Иштин башталышында кыйынчылыктар болгон, атап айтканда, аймактарда кадрлардын жетишсиздиги байкалган. Бул көйгөйдү чечүүдө алыскы райондордо иштөөгө юристтерди даярдаган «Жаш адвокат» демилгеси жардам берет.
Акжол Калбеков, сөзүн жыйынтыктап жатып БУУӨПтүн жана Финляндия Өкмөтүнүн жардамынын аркасында Кыргызстандагы акысыз юридикалык жардам системасы кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болуп калганын баса белгиледи.