Ментордук колдоо Кыргызстандын тоолорундагы экотуризмди өнүктүрүүгө кандайча жардам берди

Тажрыйба, колдоо жана өнүгүүгө болгон мотивация бириккенде, ишкерлер үчүн чыныгы өсүү мүмкүнчүлүктөрү жаралат. Дал ушундайча тажрыйбалуу ресторатор Малика Соотбекова менен боз үй лагерин иштеткен Гүлзара Бекмухамметованын кызматташтыгы калыптанган.

2025-ж., 10-July
Two women smiling together in a cozy café, with laptops in front of them and a brick wall backdrop.

Малика жана Гулзара жеке насаатчы сессиясында

Малика Соотбекованын жеке архивинен

Бул процесс Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азия өлкөлөрүндө соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Малика Соотбекова – беш жылдан ашуун ишкерлик жана консалтинг тажрыйбасы бар адис. Ал региондордогу аялдар жана жаштар менен иштешип, алардын бизнес баштап, башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө, күнүмдүк маселелерди чечүүгө көмөктөшүп келет. Ментордук программанын алкагында ал бир нече ишкер айымдар үчүн насаатчы болуп, алардын катарында EcoTrek эколагеринин негиздөөчүсүнө да колдоо көрсөткөн.

«Ментордук – бул теория эмес, бул идеяларды иретке келтирүү, чечим кабыл алууда жардам берүү жана адамдар менен иштөөдө колдоо көрсөтүү», – дейт Малика.

Гүлзара Бекмухамметова Жети-Өгүз капчыгайында жайгашкан EcoTrek боз үй лагерин жетектейт. Алгачкы туристтер аларга 2001-жылы келип, Гүлзара айым жана анын жолдошу ошол кезде жетөөнө боз үй тиккен. Бүгүнкү күндө лагерь 14 боз үйгө чейин кеңейип, жөө жана ат минген турларды, мастер-класстарды жана улуттук тамак-ашты сунуштайт. Ишкерлик тажрыйбасына карабастан, Гүлзара бизнесин системалаштырып, күнүмдүк процесстерди оптималдаштыруу үчүн ментордук программага катышууну чечкен.

«Ментор менен иштөө мага башкы максаттарга көңүл бурууга жана ашыкча жүктөмдү алып салууга жардам берди. Биз биргеликте өнүгүү планын кайра карап чыгып, бизнесимди жаңы деңгээлге чыгардык», – деп бөлүшөт ал.

Малика менен чогуу алар экологиялык багыттагы бизнес-планды иштеп чыгышты. Долбоордун негизги бөлүгү катары тазалоочу курулмалар орнотулуп, бул туристтер үчүн шарттарды жакшыртып, айлана-чөйрөгө зыяны жок болушун камсыздады.

Гүлзара айымдын айтымында, ментордук колдоо ага команда менен ишти туура уюштурууга, артыкчылыктарды белгилөөгө жана EcoTrek брендин онлайн мейкиндикте активдүү илгерилетүүгө шарт түздү. Ал лагерьди санарип платформаларда активдүү жарнамалай баштап, жаңы кардарларды тартууга жана сезондук көз карандылыкты азайтууга багыт алды.

«Мен өзүмө болгон ишенимимди арттырдым. Эми кандай тапшырмаларды биринчи кезекте аткаруу керектигин жана өзүмдү ашыкча жүктөбөстөн кантип алдыга жылуу керек экенин түшүнөм», – дейт Гүлзара.

Малика менен Гүлзаранын окуясы – ментордук тажрыйба ишкер айымдардын туруктуу жана экологияга багытталган бизнесин калыптандыруусуна кандайча көмөктөшө аларын айгинелеген үлгү. Колдоо, деталдарга көңүл буруу жана өнүгүүгө багыт – региондордогу чыныгы шарттарда ийгиликтүү өсүүгө өбөлгө түзгөн негизги факторлор.

БУУӨП тарабынан ишке ашырылган ментордук программа аялдар жана жаштардын ишкерлик көндүмдөрүн жана экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Программа кошумча наркы жогору болгон артыкчылыктуу секторлорду камтыйт: табигый бал, кургак жемиштер, кол өнөрчүлүк жана окуялуу (приключенческий) туризм. Катышуучулар окуу иш-чараларына, жеке ментордук колдоого, гранттарга жана байланыш түйүндөрүнө (нетворкингге) ээ болушат.

Программа алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 60 ишкер билим алды, алардын негизинде 15 жаңы ишкана ачылып, 56 жумуш оруну түзүлдү – анын ичинен 45 орунду айымдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээлеген.

Айымдар ишкерлигин колдоо БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын ишке ашырылышына, региондордун экономикасын стимулдаштырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле программа Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө да салым кошуп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес ыкмаларын алдыга жылдырат.