Жашыл тоют — дени сак мал жана сакталган жайыттар

2025-ж., 4-September

Жунус Исмаилов — Ош облусунун фермери жана «Сыдык» коомдук бирикмесинин башчысы

Сүрөт: Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Жунус Исмаилов — Ош облусунун фермери жана «Сыдык» коомдук бирикмесинин башчысы. Ал гидропондук установкалар жөнүндө биринчи жолу укканда, бул идеяга ишенбестик менен мамиле кылган. «Топураксыз азык? бир жуманын ичинде?» — кантип болсун деп ойлогондугун эстеп жатат. 

Бирок бирикме ГЭФтин Чакан Гранттар Программасы аркылуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан колдоо алгандан кийин, ал бул технологияны сыноо жана иштетип көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бир жарым жылдан кийин Жунус бул чечим өзүнүн чарбасына гана эмес, бүткүл коомчулука жардам бергендигин, ошондой эле азыр фермерлер малды багууга, сууну үнөмдөөгө жана жайыттардын калыбына келүүсүнө мүмкүнчүлүк алышканын эскерет.

Гидропондук азыгы — бул топураксыз, 7–8 күндө өстүрүлгөн, таза, ширелүү жана пайдалуу жашылча

Сүрөт: Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Гидропондук азыгы — бул топураксыз, 7–8 күндө өстүрүлгөн, таза, ширелүү жана пайдалуу жашылча. Ал традициялык дыйканчылыкка караганда 90% кем суу талап кылат жана жыл бою, азыраак аянтта да өндүрүлө алат. Бир жумадан кийин бир килограмм арпа витаминдерге, протеинге жана каротинге бай кыйла натыйжалуу , өсүү темпи тез жана ресурстук чыгымдары боюнча салттуу өсүмдуктөргө караганда кыйла натыйжалуу 6-7 кг тоют берет.

Мындай технологиялар жер жана суу ресурстары чектелген өлкөлөрдө активдүү колдонулууда. Израилде, БАЭде же Сингапурда гидропоника көптөн бери айыл чарбасынын бир бөлүгү болуп келсе, АКШда, Канадада жана Нидерландда ал агорбизнестин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай жашыл азыгы кадимкиге караганда 30–50% пайдалуураак болушу мүмкүн. Жогорку сиңимдүүлүгүнөн улам малды семиртүү мөөнөтүн кыскартат жана өтө оор климаттык шарттарда же мегаполис шарттарында да айыл чарбасын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Австралиянын жана африканын кургак аймактарында бир гектар гидропоникалык орнотмолор ошол эле сандагы малды  семиртүү үчүн зарыл болгон 50-70 гектар жайытты алмаштыра алат. 

Гидропоникалык сугаруу процесси

Сүрөт: Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Бул чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Эксперттердин маалыматтары боюнча, өлкөнүн кышкы жайыттарынын 70% буга чейин деградацияга учурап, аларга болгон жүк 4–5 эседен ашып кеткен. Мындай шартта долбоордун алкагында курулган 24 квадраттык метр аянтты ээлеген гидропоникалык орнотмолор менен күнүгө 600 килограммга чейин жашыл тоют өндүрө алышат. 

«Жаңы технологиянын аркасында фермерлер малды жайытка эки жума кеч чыгара алышкан жана бул чөптөрдүн калыбына келишине мүмкүнчүлүк берген». Анын айтымында, эгер жок дегенде 120 фермер күн сайын болгону 50 кг гидропондук тоют өндүрүп турса, жылына болжол менен 1800 гектар жайытты тебеленип кетүүдөн сактап калууга болот»,
- Жунус жөнөкөй мисал келтирет.

Бир жарым жыл ичинде долбоордун алкагында Мады, Датка жана Баш-Булак аймактарында үч жылуу үй курулуп, 400дөн ашык дыйкан менен малчылар окутулду. Кыргыз тилинде эки жүз колдонмо-брошюра даярдалып, таратылды. 120 дыйкан бул технологияны практикада сынап көрүшүп, 150 бука гидропондук тоют менен ийгиликтүү семиртилди. Айыл үй-бүлөлөрү үчүн бул кымбат тоюттарга кеткен чыгымды үнөмдөө, сүттүн көлөмүнүн жана эттин салмагынын өсүшү, жайыттарга болгон жүктүн азайышы жана кирешенин жаңы булактарына мүмкүнчүлүк түздү.  Бул технологияны аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген дыйкандар да колдоно башташып, алар үчүн ал киреше табуунун жеткиликтүү куралына айланды

Бүгүн «Сыдык» бирикмесинин тажрыйбасы Кыргызстандын башка аймактарындагы фермерлерге жакшы мисал бере баштады. Көптөр өздөрүнүн орнотмолорун  куруп башташты, Жунус жана анын командасы каалагандардын бардыгына кеңеш берип келишет. 

«Бул долбоор биз үчүн баштапкы чекит болду, — дейт ал. — Кыргызстандагы туруктуу мал чарбачылыктын келечеги гидропоникада деп ишенебиз».