Кыргызстандагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
2025-ж., 4-February

Кыргызстанда айымдар ишкердиктин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, тоскоолдуктарды жеңип, БУУӨПтүн колдоосу менен инклюзивдик өсүштү камсыз кылууда. БУУӨП жана анын негизги өнөктөштөрү айымдардын бизнесин өнүктүрүү, насаатчылыкты колдоо жана инновациялык ишканаларды өркүндөтүү аркылуу жекече адамдарга гана эмес, бүтүндөй коомго оң өзгөрүүлөрдү алып келүүдө.
328 963 АКШ доллар өлчөмүндөгү атайын инвестициянын негизинде БУУӨП 800дөн ашык айымдарды колдоп, насаатчылык программаларын ишке ашырып, электрондук коммерцияны өнүктүрүү демилгесин жана айымдардын үч креативдик лабораториясын түзүүгө көмөктөштү. Натыйжада сатуулар 30% га өстү (анын ичинде онлайн сатуу), жалпы сатуу кирешенин көлөмү 5 129 377,51 долларга жетти. Мындан тышкары, бул программалар айымдардын ишкердигине багытталган стратегиялык инвестициялардын маанилүү натыйжасын көрсөтүп, айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча тогуз жаңы долбоордун ишке ашуусуна жол ачты.

Үй-бүлөлүк кыялдан аймактык туристтик борборго: Оштогу «Sunrise» ийгилик баяны
Зумрат Ибраимжанова ишкердик жолун үй-бүлөлүк кыялы менен баштап, бүгүн «Sunrise» мейманканасын туризм секторундагы мыкты мисалдардын бирине айлантты. Башында болгону төрт бөлмө менен ишин баштаган Зумрат кардарлардын муктаждыктарын эске алуу менен бизнесин кеңейтип, 53 бөлмөлүү мейманканага, ресторан, конференц-зал жана туристтик кызматтарды камтыган комплекске айландырды.
БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору ага чоң колдоо көрсөтүп, мейманкананы туруктуу туристтик демилгелерди жана жашыл технологияларды, анын ичинде сууну тазалоо системаларын киргизүүгө багыттады.
«Биз БУУӨПтүн жардамы менен жаңы деңгээлге чыктык», - дейт Зумрат. «Азыр биз туристтер үчүн жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү жана жаратылыш кооздуктарын тааныткан уникалдуу турларды уюштурабыз.»
Зумрат өзүнүн бизнесинен тышкары башка ишкер айымдарды да колдоп, аларга насаатчы катары тажрыйбасы менен бөлүшөт. Анын устаттарынын катарында «Тулпар» жана «Барчын» боз үй лагерлеринин негиздөөчүлөрү бар, алар да БУУӨПтүн насаатчылык программасынын алкагында ийгиликке жетишти.

«Томо»: Айымдар үчүн экономикалык көз карандысыздыкты камсыздоо
Кыргызстандагы айымдардын ишкердигинин дагы бир ийгиликтүү мисалы – Наргиза негиздеген «Томо» долбоору. Ал энелерге, үй кожойкелерине жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга амигуруми токуу аркылуу өз кирешесин табууга мүмкүнчүлүк берет. «Томо» (япон тилинде «дос») долбоору материалдык ресурстарды жана тренингдерди сунуштоо менен айымдардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Үч баланын энеси Наргиза үй-бүлөлүк милдеттер менен каржылык көз карандысыздыкты айкалыштыруу кыйынчылыктарын жакшы түшүнөт. БУУӨПтүн Электрондук коммерцияны инкубациялоо программасы аркылуу ал бизнесин санариптик мейкиндикте кеңейтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жана сатууларын көбөйтүүгө үйрөндү.
«Мен E-commerce инкубацялык программасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазымын», - дейт ал. «Бул мага бизнесимди өнүктүрүүгө, жаңы рынокторду ачууга жана башка айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берди».
Кийинки максаты – Wildberries сыяктуу эл аралык базарларда өнүмдөрүн жайгаштыруу жана балдар үчүн DIY комплекттерин иштеп чыгуу. Бул кадам «Томону» чыгармачыл ишкердиктин лидери катары таанытат.

БУУӨПтүн туруктуу таасири: Айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү демилгесинин жыйынтыктары
Зумрат менен Наргизанын ийгилиги – БУУӨПтүн гендердик теңчиликти камсыз кылуу менен экономикалык өнүгүүнү колдогон демилгелеринин бир бөлүгү. Насаатчылык программалары жана Айымдардын чыгармачылык лабораториялары аркылуу БУУӨП төмөнкү натыйжаларга жетишти:
64 айымдар жана жаштар насаатчылык программасынан өтүп, алардын ичинен 35 менти грант алууга жетишти.
89 элет жергесинде жашаган айымдар каржылык сабаттуулук, кол өнөрчүлүк жана санариптик маркетинг боюнча тренингдерден өттү.
28 айымдар жетектеген ишкана онлайн сатууга өтүп, сатуу көлөмүн 17% га жогорулатты.
56 жаңы туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын ичинен 41и айымдар жана 4ү майыптыгы бар адамдар тарабынан ээленди.
Финансылык сабаттуулук, бизнес-коучинг жана санариптик инструменттерди интеграциялоо аркылуу бул программалар айымдардын бизнесин өнүктүрүүгө гана эмес, аларды узак мөөнөткө колдоого шарт түздү.
Келечек: Инклюзивдүүлүк жана туруктуулук
Зумрат менен Наргизанын ийгилик баяндары ишкер айымдарга инвестициялоонун өзгөртүүчү күчүн далилдейт. БУУӨПтүн тажрыйбасы жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен бул демилгелер Кыргызстандагы инклюзивдүү жана туруктуу экономиканын пайдубалын түптөөдө.
Өнөктөштүк (Partner at Core) жөн гана каржылык жардам эмес – бул айымдар өсүп-өнүгө турган, инновацияларды колдонууга жана лидерликке жетиштире ала турган экосистемаларды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Айымдар насаатчылыкка, капиталга жана санариптик мүмкүнчүлүктөргө көбүрөөк жетише баштаганда, Кыргызстандын экономикасынын келечеги алардын амбициясы, чыгармачылыгы жана туруктуулугу менен калыптанат.