Анарбектин баяны: «Red Mount» кыргыз туризминин келечегин кантип куруп жатат
2025-ж., 24-September
Анарбек Түлөбердиев
Анарбек Түлөбердиев 2004-жылдан бери Ысык-Көл облусунун ар бир маршрутун, ар бир тоо изин жана туристтер сүйүп уккан окуяны жакшы билген адам. Ал кыялын ишке ашырганга чейин 15 жылдан ашык гид болуп иштеген – өзүнүн «Red Mount» туристтик компаниясын негиздеген.
«Кыял жөнөкөй, бирок ошол эле учурда амбициялуу болду – мыкты тажрыйбалуу гиддерди, жылкычыларды, боз үй конуштарынын ээлерин бириктирип, биз сыймыктана турган команда түзүү», - дейт Анарбек.
Эки эле жылдын ичинде «Red Mount» Кыргызстандын туристтик картасында өзүнүн атын ишенимдүү түрдө жаратты. Буга көп жылдык тажрыйба, командалык мамиле жана окуялуу туризмдин кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү багытында БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу жардам берди.
Долбоор «Red Mount» өнүгүшүнө кандай таасир этти?
🔹 Ташкенттеги көргөзмө:
Анарбек былтыр Ташкентте өткөн эл аралык туристтик көргөзмөдө өзүнүн «Red Mount» фирмасын жана анын кызматын туристтерге тартуулоого мүмкүнчүлүк алган. Катышуу ага жаңы ишкердик байланыштарды, өнөктөштүк келишимдерин түзүүгө жана Кыргызстандын тоолорунда жогорку татаал треккинг маршруттарын кошкондо, алты толук кандуу турларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берди.
🔹 Ысык-Көл боюнча инфотур:
БУУӨП тарабынан уюштурулган таанышуу туруна катышуунун аркасында Анарбектин компаниясы Алай жана Жалал-Абад облустарынын туроператорлору менен кызматташууну түздү. Жыйынтыгында жаңы аймактар аралык каттамдарды биргелешип иштеп чыгуу жана учурдагы сезондо туристтик топторду кабыл алуу.
🔹 Натыйжа берген окуу жана практикалык сабактар:
«Бул күткөндөрдүн баарынан ашып түштү. Бизге экскурсияларды сатуунун ыкмаларын гана эмес, презентацияларды кантип даярдоону, контракттарды түзүүнү жана маркетингдик материалдарды иштеп чыгууну да үйрөтүштү. Бул чыныгы бизнес мектеби болгон», - дейт Анарбек.
Алынган билимдер Анарбекке жана «Red Mount» компаниясынын кызматкерлерине туристтик продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, онлайн катышуусун кеңейтүүгө, аймактык деңгээлде бизнес байланыштарды чыңдоого жана компаниянын туруктуу өнүгүүсүнө негиз түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Red Mount билим, өнөктөштүк жана туруктуу экономикалык сектор катары туризмди өнүктүрүүгө кандай салым кошо аларын жаркыраган мисалы болуп саналат. Мындай ыкма жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү жамааттарды бекемдөөгө жана Кыргызстандын уникалдуу табигый жана маданий мурастарын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Анарбектин баяны 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүүнүн Улуттук программасында аныкталган артыкчылыктарды чагылдырат: сектордун ИДӨгө (ички дүң өнүм) кошкон салымын жогорулатуу, Кыргызстандын туризм тармагындагы эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана коопсуздук стандарттарын, өзгөчө тоолуу аймактарда камсыздоо.