Айша Мамбеталиева: Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы – туризм
2025-ж., 3-June
Айша Мамбеталиева
Туризм Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштүн кубаттуу кыймылдаткычына айланууда. Көз жоосун алган кооз жаратыш, бай маданий мурас жана экотуризм менен укмуштуу окуяларга бай саякаттардын багыты катары өсүп келе жаткан аброюу менен өлкө дүйнөлүк туристтик базарда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
БУУӨП Кыргызстандын туризм секторун чыңдоо жана анын глобалдык катышуусун кеңейтүү максатында өкмөтү жана улуттук өнөктөштөрү менен кызматташып келет. Аймактардагы жергиликтүү калкка, өзгөчө туруктуу киреше алып келе турган келечектүү багыт катары укмуштуу туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Борбордук Азиядагы «Соодалашууга көмөктөшүү» долбоору аркылуу ишке ашырылууда.
Долбоор улуттук саясаттан жана туруктуу туризмдин стандарттарынан иштеп чыгуу сыяктуу макро деңгээлде иш жүргүзүү менен катар чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) түздөн-түз колдоо көрсөтүүгө чейин бардык деңгээлдерди камтыйт. Акыркы жылдары эле туристтик кызмат көрсөтүүчү 100дөн ашык компания, анын ичинде аялдар жана майыптыгы бар адамдар бизнес маалымат, окуу программалар жана жаңы туристтик продукцияларга жеткиликтүүлүк алышты. 2024-жылы Кыргызстан 3800дөн ашык чет элдик туристти кабыл алып, бул тармак экономикага 2,6 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше алып келди.
Айша Мамбеталиева
Долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири Айша Мамбеталиева — 1997-жылы түзүлгөн жана өлкөнүн туризм тармагында жүздөн ашык мүчөнү бириктирген Кыргызстандын Туристтик Уюмдар Ассоциациясынын президенти. Ассоциация БУУӨПтүн долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууда жана Айшанын айтымында, бул жөн гана формалдуу кызматташуу эмес, конкреттүү натыйжаларга багытталган стратегиялык өнөктөштүк.
Айша долбоордун комплекстүү ыкмасын баса белгилейт: «Ал макро, мезо жана микро деңгээлдерди камтыйт. Колдоо мамлекеттик органдар менен макро деңгээлде өз ара аракеттенүүдөн баштап, туруктуу туризмдин стандарттарын иштеп чыгууга жана алыскы аймактардагы ишкерлер үчүн тренингдер жана мини-гранттарга чейин жетти».
Айша Мамбеталиева
Маанилүү жетишкендиктердин бири – 2025-2030-жылдарга карата туруктуу туризм боюнча мамлекеттик программанын кабыл алынышы. Бул экономикалык гана эмес, экологиялык жана социалдык аспектилерди да эске алган бүтүндөй Борбор Азяи аймагындагы биринчи ушундай стратегиялык документ.
Долбоор Кыргызстандын туристтик бизнесинин 48 өкүлүнүн, анын ичинде 21 аялдын жети эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуусун колдоду. Натыйжада чет элдик өнөктөштөр менен 114 келишим түзүлдү.
«Биз буга чейин эле реалдуу жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Долбоор оор мезгилде – COVID-19 пандемиясынан кийин дароо башталган жана татаал мезгилде чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөткөн. Мини-гранттар көптөгөн ишкерлерге жабдууларды жаңыртууга, тейлөөнү жакшыртууга жана туристтерди көбүрөөк тартууга жардам берди», — деп баса белгилейт Мамбеталиева.
Туристтик ассоциациялар, улуттук уюмдар жана бизнес менен өнөктөштүк максаттуу колдоо бүтүндөй тармакты кантип өзгөртө аларын көрсөтөт. БУУӨПтүн аракеттеринин жана Финляндиянын колдоосунун аркасында Кыргызстан дүйнөлүк туристтик картада өз ордун бекемдеп, туруктуу экономиканы өнүктүрүп, өз калкы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.