Адилеттүүлүк бардыгы үчүн: Сот адилеттиги дүйнөсүндөгү тоскоолдуктарды жоюп жаткан адвокат
2025-ж., 4-June

Зульфия Кузиева
Чүй облустук адвокатурасынын юристи Зульфия Кузиева майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого жакында эле, БУУӨПтүн «Сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында келген. Ушу тапта ал көп иштерди карай элек болсо да, ар бир иш майыптыгы бар адамдардын адилеттүүлүккө жетүүсүндөгү олуттуу системалуу көйгөйлөрдү ачып берди.
Мындай окуялардын бири ушул жылдын май айында болгон. Бала кезинен бери майыптар коляскасында отурган, бойго жеткен уулун юридикалык жактан жөндөмсүз деп таануу үчүн ата-энеси сотко кайрылат.
«Биз аны сотко жеткирүү үчүн эле эбегейсиз кыйынчылыктарга туш болдук. Кирүүчү жол бийик тосмо менен тосулган, ал эми ичинде сот залы колясканы батыруу үчүн өтө тар болчу», – деп айтып берүүдө адвокат.
Зульфия Кузиева белгилегендей, бул жөн гана айрым жагдайлар эмес, бул – майыптыгы бар адамдардын сот адилеттигине жана инфраструктурага жетүүүндөгү системалуу көйгөйлөрдүн даана чагылдырат. Бирок Зульфия, алдыда бул багытта жасала турган иштер көп экенине карабастан, майыптыгы бар адамдардын укуктарына карата мамиле өзгөрүп жатканын кошумчалайт.
Ушундай кадамдардын бири деп долбоордун колдоосу менен бекитилген 2023–2030-жылдарга карата «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программаны атаса болот. 2020-жылы Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлгөн. Майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыктарын козгогон бардык ченемдик укуктук актылар ушул Кеңеш менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керектиги жөнүндө мыйзам долбоору даярдалган, бул алардын муктаждыктарын системалуу түрдө эске алууга карай маанилүү кадам болуп саналат.
Кыргызстан 2019-жылы БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялагандан кийин тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча милдеттенме алды, жана бул долбоор аларды ишке ашырууда негизги өнөктөш болуп келет.
«БУУӨПтүн долбоорунун аркасында биз юридикалык жардамга эң муктаж болгондорго квалификациялуу жардам көрсөтө алабыз», - дейт Зульфия. «Биз адамдарга алардын укуктары, жардам сурап кайда кайрылуу керектиги жөнүндө маалымат беребиз жана аларга сот процессинин бардык баскычтарында колдоо көрсөтөбүз».
Долбоор Зульфия сыяктуу адвокаттарга майыптыгы бар адамдар менен натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон кесиптик билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө жардам берет. Ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.
Адвокат баса белгилегендей, сапаттуу юридикалык жардамга жетүү үчүн алдыга карай көбүрөөк көңүл бурушубуз керек.
«Мурда адамдар башканы айтпаганда эле кайда кайрылууну дагы билишчү эмес жана көп учурда көйгөйлөрү менен жалгыз калышчу», - дейт ал. - Азыр абал өзгөрүп жатат, барган сайын көбүрөөк маалымат жеткиликтүү болуп, адамдар өз укуктары жөнүндө билип, аларды коргой башташты».
Албетте, чечиле элек маселелер дагы деле көп. Сот имараттарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, квалификациялуу жаңдоо тилиндеги котормочулардын санын көбөйтүү жана акыл-эсинде кемчилиги бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүү зарыл.
Бирок, Зульфия Кузиева баса белгилегендей, эң негизгиси – коомдогу мамиленин өзгөрүшү. «Биз ар бир адамды анын физикалык же акыл-эс өзгөчөлүктөрүнө карабастан, инсан катары көрө билгенде гана биз чындап адилеттүү жана инклюзивдүү коомду кура алабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады адвокат.
БУУӨП Кыргыз Республикасынын БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболоруна шайкеш келген реформаларды жүргүзүүдө анын негизги өнөктөшү бойдон калууда.