Володя: АИВ менен күрөштөгү түбөлүк активист

2021-ж., 3-December

Володя: АИВ менен  күрөштөгү түбөлүк активист

62 жаштагы Володя жашоодо ушунчалык белгилүү болгондуктан, ал тууралуу документалдуу фильм дагы тартышкан.

Тартылган фильм “Булуттардын артына кетүүчү”деп аталат. Ошол жылы мен өзүм түзгөн диско-клубду жана шоу -бизнести калтырып, анын ордуна монастырга жашоого кетүүнү чечтим. Казакстанда тоо арасында жайгашкан эркектердин монастыры бар. Ал 1916 -жылы куугунтукка кабылып, тоо аркылуу качып чыккан Ысык-Көл облусунан чыккан эки монах (кечил) тарабынан түзүлгөн. Биз ошол монастырга көнөктөп куйган жаан астында бара жаттык. Булуттар жерге жакын түшүштү, тоолордон жер көчкүлөр түшө баштады, а биз болсо рясаларды кийген боюнча бараттык. Качан булуттардын арасынан чыккандан кийин биз алтындай жаркыраган куполдорду көрдүк. Биз тигил дүйнөдөн башка дүйнөгө келип калгандай болдук”.

Чындыгында эле Володя бир дүйнөдөн экинчисине, бир өлкөдөн башкасына саякаттап жүрчү, бирок, анын жашоосу күтүүсүздүктөргө толтура болсо дагы, ал дайыма АИВ ге каршы күрөшкө арналган болчу.

26 жыл бою активист

Володя Борбордук Азиядагы өзүнүн сексуалдык багытын ачыкка чыгарган биринчи адамдардын бири болуп эсептелет жана ошондон тартып өзүнүн коомдоштугунун арасында АИВдин алдын алуу боюнча иштеп жатат. “1995 -жылы ЖИКС борборуна чакырышты жана алар бир группаны чогултууну суранышты. Алар бизге АИВ жөнүндө айтып беришти , а биз болсо аларга өзүбүздүн коомдоштук тууралуу айтып бердик. Ошондон тартып мен АИВ ге каршы күрөшүү программаларында иштеп жатамын”.

Ошол кезде өзүнүн жынысындагы адам менен мамиле жасоо мыйзам менен жазалануучу, ошондуктан, Володя региондо ЛГБТ коомдоштукта  АИВдин алдын алуу боюнча эң биринчи уюмду ачкан кезде аны ал “жаштардын уюму” катары каттоодон өткөргөн. Качан мыйзамды 1998 -жылы жокко чыгаргандан тартып, Володя интервьюларды берип, өзүнүн коомдоштугун активдүү коргой баштады.

Бүткүл регионго таанымал Володя ЛГБТ коомдоштук үчүн дискоклубду биринчи болуп ачты. Анын жергиликтүү белгилүүлүгү адамдардын көптөгөн санына кайрылууга мүмкүндүк берди жана ал АИВ жөнүндө билгендерин көбөйтүү үчүн ушул мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды. “Кыргызстанда адегенде алдын алуу программалары болгон эмес. Биз 2004-жылга чейин, Глобалдык фонд менен кызматташканга чейин бардыгын өз акчабызга жасаганбыз. Көп адамдар биздин клубка келип жатышты жана биз ал жерде семинарларды өткөрүп, АИВ жөнүндө брошюраларды чыгардык. Биз ошондой эле мектептерге барып АИВ жөнүндө окууучуларга айтып бердик; ал кезде АИВ тууралуу билген адамдар аз эле , жана ал тууралуу кабардар болууну жогорулатуу абдан маанилүү болчу”.

Володянын өзү АИВ жөнүндө дайыма кабардар болуп, өз жүрүш -турушунда этияттыкты сактачу, жана өзүндө АИВдин жоктугуна карабастан, ал өз өмүрүн АИВдин алдын алуунун жана дарылоонун программаларына арноону чечти, анткени ал АИВдин проблемасы өзүнүн коомдоштугунда канчалык маанилүү экендигин жакшы билет.

Азыр Володя Анти ЖИКС Ассоциациясында Глобалдык фонддун долбоору менен шериктештикте улук аутрич-кызматкер болуп иштеп жатат. Анын жумушу кардарларды АИВге такай текшерип турууда, аларды АИВ маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүүдө, ошондой эле эгерде алардын тести оң болуп калган учурда өз статусун кабыл алуусуна жардам берүүдө жатат. Ошондой эле ал жер-жерлерде иштеп жаткан өз коллегаларынын ишмердигине байкоо жүргүзөт жана АИВге каршы күрөштүн “ардагери” катары аларды мындан дагы эффективдүү болууга үйрөтөт.

Стигма- АИВге каршы күрөштөгү тоскоолдук

“Коомдук уюмдардын АИВ боюнча программаларда иштөөсү маанилүү, анткени биздин коомдоштук башка көптөгөн коомдоштуктардай эле жабык, жана мамлекет үчүн жакындоо өтө кыйынчылыктуу. Ошондуктан биз бул БӨУ лөр болбосо, алдын алуу иштерин жүргүзө албайбыз жана АИВ инфекциясына өтө жакын топторду камтый албайбыз. Гей жардам алуу үчүн ооруканага барбайт жана өзүнүн шериктери жөнүндө врачка эч качан айтпайт. Бирок биз бул жерде адамдарды чогултуп, аңгемелешип, аларга маалымат берип, тесттен өткөрүп жана зарыл болгон учурда аларды дарыланууга жибере алабыз. Жана жуктуруп алышы ыктымал болгон алардын шериктери жөнүндө биле алабыз жана аларды АИВ -инфекциясына акысыз анонимдик тестирлөөгө чакыра алабыз. Бул жерде биз соттобойбуз, жана корко турган эч нерсе жок”,- деп түшүндүрөт Володя.

Володя стигма менен дискриминациядан дайыма алыс болчу, жана ал эч качан жеке турмушунда кандайдыр -бир көйгөйлөргө кабылган эмес. Бирок ал досторунан жана кардарларынан уккан таржымалдар башка сексуалдык багыттагы адамдарга жана АИВ менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминация АИВ менен күрөшүүнүн программаларында олуттуу тоскоолдук болуп кала беришет жана көп учурларда ур-токмоктун, обочолонтуунун, депрессиянын жана укуктарынын бузулушунун курмандыктары болуучу адамдардын жашоосун бир кыйла татаалдаштырат.

“Менин бир   таанышым бар эле – анын гей экендигин туугандары билишчү. Бир жолу анын бир туугандары менен чыр-чатак болгон. Бир туугандары аны биздин бүткүл жек-жаатыбызды уят кылып жатасың, деп айтышчу. Бир жолу аны машинага отургузуп, түн ортосунда атасынын мүрзөсүнө алып барып, бир туугандарынын бири мууздап салган. Кулагынан кулагына чейин. Таш менен ургулашып, өлсүн деп калтырып кетишет. Дагы жакшы, анда телефону бар экен; эртең менен мага чалып, аны алып кетүүмдү суранды. Мен келген учурда аны эбак жергиликтүү мечитке алып келишип, тез жардам чакырышыптыр. Ал ооруканадан чыккандан кийин аны мен өз үйүмдө бир нече жума жашырып жүрдүм”.

“Эгерде сен көз карандысыз болсоң, өзүңдүн статусуң үчүн сенде эч кандай проблема болбойт. Бирок бул жерде үй-бүлөлөр абдан тыгыз байланышта, ошондуктан айрым адамдар үчүн өзүңдүн гей экендигиңди же сенде АИВ экендигин ачыкка чыгаруу эң эле оор жана ал тургай кооптуу да болушу мүмкүн”, -дейт Володя. “Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө оор. Ал жакта алар эгерде гей болушса дагы көп эркектердин үй-бүлөсү бар, ошентип алар экилтик жашоо өткөрүшөт. Аларды үй-бүлөлөрү ооруканаларга жайгаштырышат, токмоктошот жана үйлөнүүгө мажбурлашат. Бирок пайдасы канча? Алар баары бир өзгөрүлүшпөйт. Андан көрө аларды депрессияга кабылдыргандын ордуна туугандарды кандай болсо, ошондой кабыл алып, колдоо көрсөткөн жакшы го”.

Ден соолук жана жоопкерчилик

 Быйылкы жылдын ЖИКС менен күрөштүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнүн улуттук лозунгу болуп “сенин ден соолугуң -сенин укуктарың -сенин жоопкерчилигиң” эсептелет. Володя толугу менен макул жана ал так ушуну өз кардарларынын ар бирине түшүндүрүүгө аракет кылат. “Сен тесттен өтүүң үчүн же дарыланышың үчүн эч ким сенин артыңдан чуркабашы керек. Көп адамдар кайдыгер болуп калышты. Алар тынчсызданышпайт, ошондуктан адамдардын топторун офисте чогултуу кыйын. Адамдар антиретровирустук терапияны алууга боло тургандыгын жана биз ойлогондой АИВ андай деле коркунучтуу эмес экендигин түшүнүп калышты. Бирок АИВ -бул өмүр бою экендигин жана дарылоосуз өз жакындарыңызга жуктуруп алышыңыз мүмкүн экендигин унутпашыңыз керек. Качан өзүң барып текшерилгениң туура болот. Өзүңдүн жана башкалардын коопсуздугуң үчүн. Сен өзүң үчүн өзүң тынчсызданышың керек”.

62 жаштагы Володянын артында абдан чоң турмуштук тажрыйба жатат, жана ал качандыр -бир убакта биз ЖИКСти  таптакыр жок кылабыз деп ишенет.