«Теӊдик Нуру» демилгеси

«Теӊдик Нуру» демилгеси – Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу, үч жылдык долбоору. «Теӊдик Нуру» аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун (АККЗ) бардык формаларын жойууга багытталган глобалдык Демилгесинин бир бөлүгү. Ушундай долбоорлор дүйнө жүзүндөгү 30дан ашуун өлкөлөрдө ишке ашырылып келе жатат.

Долбоор Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, айрыкча аярлуу катмардагылар зордук-зомбулукка жана зыяндуу тажрыйбаларга, анын ичинде ала качууга жана эрте никеге кабыл болбой, эркин жашоосун камсыз кылууга умтулат.

Долбоор төмөнкү приоритетүү багыттарында иштейт:

1) Мыйзамдар жана жөнгө салуу саясаты

2) Мекемелердин эффективдүүлүгү

3) Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу

4) Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарга сапаттуу негизги кызматтар

5) Статистикалык маалыматты жакшыртуу

6) Аялдар кыймылы жана жарандык коом

Программа республикалык деңгээлде да, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын тандалган 12 муниципалитетиндеги жергиликтүү коомчулуктар менен да иштейт.

Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасында Долбоор БУУнун Туруктуу Координаторунун Кеӊсесинин жалпы координациялыгынын алдында жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, «БУУ-Аялдар» Түзүмүнүн, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ), БУУнун Баңгизаттар жана Кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын, БУУнун Калк Фондунун (ЮНФПА) түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда.

Предмети: гендердик теңчилик, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2020-жылдын январь айынан баштап 2022-жылдын декабрь айына чейин.

Долбоордун координатору: Нурай Мамытова

Каржылоо: Европа Биримдиги

Бюджет: $ 926,694