Таш-Дөбө айылында санариптик жана каржылык сабаттуулук борбору ачылды – жашоочулардын көндүмдөрүн күчөтүү жана социалдык биримдикти бекемдөө үчүн
2025-ж., 26-November
Таш-Дөбө, Аламүдүн району, 2025-жылдын 25-ноябры — Бүгүн Таш-Дөбө айылынын Маданият үйүндө санариптик жана каржылык сабаттуулук боюнча жаңы Борбордун расмий ачылышы болуп өттү. Бул Борбор Аламүдүн райондук администрациясы тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен түзүлүп, жергиликтүү жашоочулардын маанилүү санариптик жана каржылык көндүмдөргө жетүүсүн кеңейтүүгө, жаштарга практикалык билим алууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана жергиликтүү деңгээлдеги социалдык биримдикти чыңдоого багытталган. Иш-чара БУУӨП, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (Мамкызмат/МКЖӨБМА) жана Коомдук-консультативдик кеңеш (ККК) өнөктөштүгүндө ишке ашырылууда.
Ачылыш аземине Аламүдүн райондук администрациясынын орун басары, Мамкызмат өкүлдөрү, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, БУУӨП, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ККК мүчөлөрү, жаштар жана жергиликтүү коомчулуктун лидерлери катышты.
«Бул Борбордун ачылышы жергиликтүү коомчулук үчүн чоң мааниге ээ. Ал социалдык биримдикти, диалогду жана биргелешкен өнүгүүнү илгерилеткен маанилүү аянтчага айланат. Санариптештирүү жашообузду тездик менен өзгөртүп жаткан XXI кылымда санариптик сабаттуулук негизги көндүмгө айланды — айрыкча алыскы аймактарда жашаган жаштар үчүн. Биз ишенебиз, Борбор жаштарга билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана коомдук жашоого активдүү катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди Мамкызматтын этностор аралык мамилелер боюнча бөлүм башчысы Искендер Эшимбеков.
Борбор заманбап компьютерлер, окутуу шаймандары жана практикалык материалдар менен жабдылган. Бул жерде санариптик технологиялар, каржылык сабаттуулук, электрондук мамлекеттик кызматтар жана башка багыттар боюнча практикалык мастер-класстар, курстар, консультациялар жана коомдук иш-чаралар жүргүзүлөт. Борбор жергиликтүү жашоочуларды, жаштар топторун жана жергиликтүү бийлик органдарын бириктирген көп функционалдуу аянтча катары иштейт.
Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөн тышкары, Борбор диалогду жана социалдык биримдикти чыңдоо үчүн да кызмат кылат. Бул жерде коомдук талкуулар, тематикалык форумдар жана эксперттик жолугушуулар өтүп, ишенимди бекемдөөгө, конструктивдүү баарлашууга жана коомчулуктун ар түрдүү топторун биргелешкен демилгелерге тартууга өбөлгө түзөт.
«Бул Борбордун ачылышы — адамдарга бүгүн жапа тырмак керектелген санариптик көндүмдөрдү берүү багытындагы маанилүү кадам. Келечек — үйрөнүүгө умтулган адамдарга тиешелүү. Биздин жаштар дайыма билим издеп, бири-биринен үйрөнүп өсөт деп ишенем. Бул Борбор аларга так ушул мүмкүнчүлүктү берет. Жаштарга инвестиция салуу жана билим алуу менен диалогго шарт түзүү аркылуу биз күчтүү жана туруктуу коомдорду калыптандырабыз. БУУӨП мындай өнөктөштүктү колдогонго сыймыктанат», — деди БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.
Жергиликтүү бийлик жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү санариптик инклюзияны жана коомчулуктун өнүгүүсүн илгерилетүүдө кызматташуунун маанисин белгилешти. БУУӨПтүн жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен Борбор жергиликтүү жашоочулардын көндүмдөрүн өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана чечим кабыл алуу процессине инклюзивдүү катышууну камсыз кылуу үчүн узак мөөнөттүү ресурс болуп калат.
Санариптик, каржылык жана медиа сабаттуулук борборунун түзүлүшү “Кыргызстан – 2030” Улуттук өнүктүрүү программасын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоо, санариптик трансформацияны илгерилетүү боюнча улуттук аракеттерди ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул демилге өлкөнүн бардык аймактарында биримдүү, туруктуу жана активдүү коомдорду түзүүгө багытталган.
Иш-чара БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун учурдагы долбоорунун алкагында БУУӨП жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы кеңсеси тарабынан ишке ашырылууда.