Аялдар жана кыздардын адилет сотко жетүүсүн күчөтүү жана гендердик зомбулуктун алдын алуу

2025-ж., 5-December
Intricate orange-brown oriental rug with floral motifs and a bold orange banner above.

Бишкек, 5-декабрь 2025 — Бишкекте БУУОП, Европа Биримдиги, УНП жана ЕККУнун колдоосу менен «Аялдар жана кыздардын адилет сотко жетүүсү жана гендердик зомбулуктун алдын алуу» темасында Кыргызстандын Аял-судьялар ассоциациясынын (КАЖС) XI жылдык конференциясы өттү.
Конференция аялдар жана кыздар адилеттик издеп кайрылганда туш болгон системдик тоскоолдуктарды талкуулоо жана гендердик сезимтал сот практикасын чыңдоо боюнча так чараларды аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду.

КАЖСтын Байкоочу кеңешинин төрайымы Гульнара Дүйшөнбекова конференциянын ачылышында мындай деди: «Аялдар жана кыздардын адилет сотко жетүүсүн камсыз кылуу жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу — биздин өзгөрбөс артыкчылыктуу багытыбыз. КАЖС жыл сайын Кыргызстандагы ар бир кыз-келин үчүн коопсуз жана адилеттүү коомду түзүүгө салым кошууга умтулат. Чыныгы теңтик жана укуктарды натыйжалуу коргоо — гендердик сезимтал сот тутумун өнүктүрүү менен гана мүмкүн болот дегенге ишенебиз».

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев конституциялык кепилдиктердин маанисин белгиледи: «Гендердик зомбулук жана аялдардын укуктарын коргоо темалары мамлекеттик деңгээлге чыгып, укуктук гана эмес, баалуулукка негизделген жоопту талап кылууда. Аялдар көптөгөн тоскоолдуктарга туш болууда, жана дал ушул сот – укукту коргоонун ишеним жараткан жана коопсуз институту болушу керек. Сот бийлиги баалуулуктар декларация эмес, реалдуу практика болушуна чечүүчү таасир этет».

БУУөПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева сүйлөгөн сөзүндө узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанисин баса белгиледи: «БУУөП өлкөдө укуктун үстөмдүгүн, гендердик тең укуктуулукту жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү бекемдөөгө туруктуу колдоо көрсөтүп келе жатат. Биздин өнөктөштүк соттордун жана сот тутумунун кызматкерлеринин профессионалдык потенциалын жогорулатууга, адилет сот өндүрүшүнө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле сот системасынын реформаларын жана институттук өнүгүүсүн колдоого багытталган. Ошондой эле аялдардын сот системасындагы ролун жогорулатуу — биздин иштин маанилүү бөлүгү. БУУөП сот администрин модернизациялоого, санариптештирүүгө, соттордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга эксперттик колдоо көрсөтүп келет».

Европа Биримдигинин өнүктүрүү кызматташтыгы бөлүмүнүн убактылуу жетекчиси Козимо Ламберти-Фоссати мындай деп белгиледи: «Гендердик теңдикти жайылтуу жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүү — Европа Биримдиги үчүн башкы приоритеттердин бири. Биз Кыргыз Республикасы менен биргеликте бир топ ийгиликтерге жетиштик, бирок алдыда дагы көп маанилүү демилгелер бар».

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасында гендердик зомбулуктун алдын алуу жана коргоо тууралуу мыйзамдардагы жаңы өзгөртүүлөрдү талкуулап, кылмыш-жаза практикасынын ийгиликтүү мисалдары менен бөлүшүп, аялдар жана кыздардын укуктарын коргоо жана адилет сотко жетүүсүн өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды киргизишти. Катышуучулар коомдун укуктук маданиятын жогорулатуу, гендердик сезимтал ыкмаларды ишке киргизүү жана зомбулуктун бардык түрүнө нөлдүк чыдамкайлыкты өнүктүрүү үчүн бардык кесиптик коомчулуктардын жигердүү аракеттеринин маанисин белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстанда санариптик зомбулуктун тез өсүп жатканы белгиленди — өзгөчө кыздар жана аялдарга карата. Бул форма мыйзамдарда толук чагылдырылбаса да, ал азыртан эле олуттуу көйгөйгө айланып жатат. Сот тутуму бул маселени ачык талкуулап, тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга тийиш экени айтылды.

Иш-чаранын уюштуруучулары конференциянын жыйынтыктары адамга багытталган, жеткиликтүү жана адилет сот тутумун чыңдоого багытталган мындан аркы реформалар үчүн негиз болооруна ишеним билдиришти.