Кыргызстандын жеке клиникалары санариптик эмгекке жарамсыздык баракчаларына кошулууда

2025-ж., 7-July
A smiling female doctor works on a laptop in a clinical setting with a blue examination chair.

Клиника дарыгери

Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы

Бишкек, 7-июль 2025 — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жеке медициналык уюмдарды эмгекке жарамсыздык баракчаларынын санариптик модулуна туташтыруу механизмин сыноо режиминде баштады. Эми жеке клиникалар оорулар баракчаларын мамлекеттик бирдиктүү медициналык маалымат системасы аркылуу санариптик форматта тариздей алышат — бул бейтаптар үчүн ачык, ыкчам жана ыңгайлуу болот. Бул биздин жарандар үчүн саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп саналат, ал жеке медициналык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү аркылуу ишке ашууда. 

Бул демилге Санариптик саламаттыкты сактоо боюнча Биргелешкен программасынын алкагында ишке ашууда. Программа аялдарга, балдарга жана калктын аярлуу катмарына, өзгөчө айыл жерлеринде жана алыскы райондордо, сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздаган бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо экосистемасын түзүүгө багытталган. 

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги модулга кошулуу тартибин мамлекеттик оферта келишими аркылуу бекитти. Бул министрликтин буйругунун алкагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды: 

  • кошулуу үчүн типтүү арыз формасы иштелип чыгып, жарыяланды; 

  • документтерди тапшыруу жана эсептик маалыматтарды берүү тартиби аныкталды; 

  • кошулуунун эки этаптуу модели ишке киргизилди — жарым автоматташтырылган форматтан толугу менен санарип форматка өтүү. 

Кантип кошулууга болот: 

Биринчи этапта (учурдагы) жарым автоматташтырылган режимде төмөнкү кадамдар талап кылынат: 

  • mis.med.kg сайтында онлайн каттоодон өтүп, «Колдонуучу болуу» баскычын тандоо; 

  • бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу авторизациядан өтүү; 

  • оферта менен макул болуу жана документтердин электрондук көчүрмөлөрү менен арыз тапшыруу; 

  • маалыматтар текшерилгенден кийин логин жана сырсөз алуу. 

Кийинки этап — толук автоматташтыруу: 

  • электрондук кол тамга аркылуу арыз берүү;

  • маалыматтарды автоматтык түрдө текшерүү жана адистердин катышуусуз мүмкүнчүлүк берүү. 

Бул — санариптик жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасын курууга карай ишенимдүү кадам. Саламаттык сактоо электрондук платформасын модернизациялоонун алкагында бейтаптын бирдиктүү медициналык картасы түзүлүүдө. Бул дарыгерлерге бейтаптын саламаттыгы жөнүндө кеңири маалыматка негизделген чечимдерди кабыл алууга, ал эми бейтаптарга алдын ала медициналык кызматтарды, анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет. 

«Биз санариптик чөйрө түзүп жатабыз, ал аркылуу ар бир жаран үчүн медициналык кызматтарга ыңгайлуу жана ыкчам жеткиликтүүлүк болгон санариптик чөйрөнү түзүп жатабыз», — деп белгилешти Саламаттык сактоо министрлигинен. «Жеке сектор менен өнөктөштүк — бул улуттук саламаттык сактоо системасынын туруктуу өнүгүшүнүн ачкычы». 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жеке медициналык уюмдарды мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын алкагында бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту жана документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүчү жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдонууга чакырат. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу Өкүлдөрү жетекчилик кылган Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биргелешкен фондунун бардык программалары БУУӨП, ЮНИСЕФ, ДССУ жана ЮНФПА уюмдарынын катышуусунда ишке ашат. Биз Европалык Биримдикке жана төмөнкү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө — Бельгия, Дания, Германия, Ирландия, Италия, Люксембург, Монако, Нидерланддар, Норвегия, Польша, Португалия, Түштүк Корея Республикасы, Сауд Аравиясы, Испания, Швеция, Швейцария — жана жеке сектордогу өнөктөштөрүбүзгө 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө кошкон трансформациялык салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз.