ӨКЖАны өнүктүрүү боюнча кыргыз-орус консультациялары

2019-ж., 19-November

Кыргыз-орус консультациялык жолугушууларынын катышуучулары

10-ноябрдан 15-ноябрга чейин Москвада өзгөчө корголуучу  жаратылыш аймактарын өнүктүрүү тармагында тажрыйба алмашуу боюнча кыргыз-россия консультациялары болуп өттү. Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигине караштуу Бүткүл Россиялык Курчап турган чөйрөнү коргоо илимий-изилдөө институту, КР КЧКТЧМА га караштуу биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жана КРдагы ПРООНдун өкүлдөрү тажрыйба алмашып,   биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

13-ноябрда кыргыз делегациясы Росприроднадзордун (Росжаратылышкөзөмөлү)  жетекчисинин орун басары Амирхан Амирханов менен жолугушту. Жолугушууда ак илбирстин популяциясын коргоо  жана браконьерлик менен күрөшүү боюнча  биргелешкен иш чараларды талкуулашты, ошондой эле РФ Кызыл китепти жүргүзүү өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Жапайы жаратылыштын Бүткүл дүйнөлүк фондунун же WWF өкүлдөрү менен жолугушууда ак илбирсти коргоо борбордук темалардын бири болуп калды. Мындан тышкары КРда долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты, ӨКЖА башкаруунун натыйжалуулугун баалоо боюнча ар кандай ыкмаларды карап чыгышты жана Жаратылышты коргоодогу жогорку баалуулуктагы токойлордун (ЖКЖБТ) концепциясын талкуулашты. ЖКЖБТ концепциясын жетекчиликке алуу менен, биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн өзгөчө баалуу болгон өзгөчө касиеттери менен токой аймактарын табууга болот. Концепция бул аймактарды башкаруунун тийиштүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу ыкмалары менен колдонулат, бул алардын жогорку экологиялык жана социалдык-экономикалык баалуулугун сактоо жана жогорулатуу үчүн зарыл. 

Россиялык кесиптештер РФдагы Кызыл китепти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү туурасында айтып беришти, Кызыл Китепке киргизилген түрлөрдү баалоо жана системалуу мониторинг жүргүзүү зарылдыгы туурасында бет ачар жасашты.

Сапардын жүрүшүндө катышуучулар Экология ВИИИге караштуу шумкар питомнигинин ишмердүүлүгү менен таанышышты, илимий эксперименттерди жүргүзүү, анын ичинде Москва шаарынын мэриясынын тапшырыгы боюнча сапсан шумкарын өстүрүү  үчүн борбордун ролу туурасында билишти. «Стерх – Үмүттүн учуусу» долбоорунун бет ачарын өткөрүштү, анын маңызы эрксиз өстүрүлгөн канаттууларды табигый жашоо чөйрөсүнө кайтарууда турат. Адистерди даярдоо, экология тармагындагы педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо максатында, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин базасында КР дагы  милдеттүү жана кошумча билим берүү системасынын бардык деңгээлдери үчүн атайын курстарды   уюштурууну иштеп чыгуу сунушталды.

Кыргызстандан келген катышуучулар  Приок-Террас коругунун иши менен таанышышты, анын 5 миң гектарга жакын аянтында  143 түр канаттуу жана 57 түр жапайы сүт эмүүчүлөр жашайт. Коруктун башкы сыймыгы болуп зубр саналат, ал жакынкы убакытка чейин эле жок болуп кетүү чегинде турган. Орус тарап бул коруктун ишинин өзгөчөлүктөрү туурасында айтып берди. Мисалга, корук жана анын ишмердүүлүгү туурасында бардык зарыл болгон маалыматты биоартүрдүүлүк боюнча Глобалдык Система туурасындагы Маалыматтык сайттан тапса болот(gbif.org),  коруктагы жаратылыш летописи жүргүзүлбөйт, анткени бардык маалымат сайтта ачык жеткиликтүүлүктө турат.  Сайтта коруктун отчетторун да катташат. 

Корукта окумуштуу жана координациялык кеңештер бар, ага РФ РИА, ММУ жана башка ЖОЖдордун өкүлдөрү кирет. ЖОЖдордун студенттеринин жана аспиранттарынын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшү үчүн кызматташуу туурасында узак мөөнөттүү келишимдер түзүлгөн. Коркута өзүнүн илимий фонду (архив) жана ири китепкана бар. Белгилей кетчү нерсе, корукта өзүнчө бөлүм бар, ал экобилим берүү жана экоагартуу багыттары боюнча иштейт. Кыргызстанда КЧКТЧМА жана ПРООН Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорду ишке ашырып жатат, анын алкагында  «Кан-Ачуу» жана «Алатай» жаратылыш парктарында комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Россиялык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу  өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү боюнча андан аркы иштерге жардам берет.

КРдагы ПРООН   маанилүү глобалдуу биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча  Батыш Тянь-Шанды   сактоо боюнча долбоорун ишке ашырып жатат, анын негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырат.