Кыргызстандын жеке секторунун жашыл ишкердик боюнча ачык жыйыны болуп өттү

2022-ж., 21-July

The participants of the open meeting of the private sector of Kyrgyzstan on green entrepreneurship

Meerim Ruslanbekova

Кыргызстандын жеке секторунун жашыл ишкердик боюнча ачык жыйыны болуп өттү. Иш-чарага 100дөн ашык активдүү ишкерлер, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана ЖИА Бизнес Ассоциациясынын  башкармалыгынын төрагасы Жоодар Омошов катышышты.

Жолугушуунун негизги темасы жашыл курулуш жана курулуш тармагында жашыл өнүгүү принциптерин алдыга жылдыруу болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өзүнүн сөзүндө Кыргызстан акыркы жылдары экологиялык курулушка жана жашыл ишкердүүлүккө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи: «Жашыл курулуш – бул өнүгүүнүн жаңы концепциясы. Имараттарды пайдалануу, эксплуатациялоо жана башкаруунун жаңы процесстерин киргизүү зарыл. Жашыл демилгелерди колдоонун алкагында мамлекет башчы Садыр Нургожоевич үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорго 15 жылдык жеңилдетилген мөөнөт белгиленет жана энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн электр энергиясын сатып алуу кепилденет».

Катышуучулар жашыл курулушту өнүктүрүүнүн келечегин жана курулуш тармагындагы жашыл инвестицияга болгон тоскоолдуктарды талкуулашты. Аз көмүртектүү экономикага карай трансформациялык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү катары жашыл ишкердикти илгерилетүү жана колдоо үчүн климаттык чараларды эске алуу менен ESG принциптерин киргизүү сыяктуу жагымдуу чөйрө жана шарттар, анын ичинде энергиянын натыйжалуулугу, ресурстарды үнөмдөө жана имараттарды куруу процессинде альтернативдик энергия булактарын пайдалануу керек.

Мындан тышкары, дүйнөлүк рыноктордогу турбуленттүүлүк жана COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистик мезгил жеке сектордун жана бүтүндөй мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн олуттуу кыйынчылыктарга туш болду. Ушул факторлорду эске алуу менен форумдун уюштуруучулары бардык кызыктар тараптарды жашыл ишкердикти жана туруктуу курулушту өнүктүрүү үчүн биригүүгө чакырат, бул узак мөөнөттүү жана камсыздалбаган финансылык ресурстарды, өлкөнүн экономикасынын тездетилген өсүшүн камсыз кыла турган алдыңкы жашыл технологиялык чечимдерди тартуу үчүн уникалдуу чечим боло алат.

Кыргызстандын жеке секторунун жашыл ишкердүүлүк боюнча ачык жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, GIZ программасынын «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» жана Улуу Британия өкмөтү тарабынан каржыланган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасынын «Борбордук Азиядагы климаттык коопсуздук үчүн саясий иш-чаралар» аймактык долбоорунун колдоосунда ЖИА Бизнес Ассоциациясы уюштурду.