Кыргызстан өзүнүн жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымын (УДАС3.0) тартуулады

2025-ж., 10-October
Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Бишкек, 10-октябрь 2025 УДАС3.0дүн кабыл алынышы өлкө үчүн маанилүү жана стратегиялык кадам болуп саналат. Бул документ Париж келишимине, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жана Туруктуу өнүгүү максаттарына толук шайкеш келет. Кыргызстан дүйнөдөгү парник газдарынын жалпы көлөмүнүн болгону 0,034%ын гана бөлүп чыгарганы менен, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин бүгүнтөн тарта өз башынан өткөрүп жатат.

Жаңыланган УДАС3.0 өлкөнү климаттык тобокелчиликтерден коргоого жана ага даярдоого гана эмес, ошондой эле экономикалык туруктуулукту чыңдоого жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталган. Бул күн тартип жөн гана климат жөнүндө эмес — ал өсүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу тууралуу документ. 

«УДАС3.0 отчетун иштеп чыгуу жана кабыл алуу — өлкөнүн эл аралык саясаттагы жоопкерчиликтүү жана активдүү позициясынын дагы бир айкын далили. Биз глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча жогорулатылган милдеттемелерди өз мойнубузга алууга даярбыз. Тараптар конференциясында (COP30)  өнүккөн мамлекеттерден климаттын булганышы үчүн өз үлүшүн жоопкерчилик менен көтөрүүнү талап кылабыз. Ошол эле учурда Кыргызстан 1990-жылдан бери эмиссияларды азайтуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Биздин өлкө өнүгүүгө толук укуктуу. Негизги маселе — экономикабызды жана жашоо образыбызды өзгөрүп жаткан дүйнөгө мүмкүн болушунча туура ылайыкташтыруу,» — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.

Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

«Кыргызстан климаттык адилеттүүлүктү, тоолуу өлкөлөрдүн каржылоого жана технологияларга тең жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле экосистемалардын планетанын туруктуулугуна кошкон салымын колдойт. «Жашыл өтүү (экологиялык таза экономикага өтүү) бул коркунуч эмес, жаңы экономиканын, жумуш орундардын жана жарандардын татыктуу келечегинин мүмкүнчүлүгү,» — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве өз сөзүндө белгилегендей: «УДАС3.0 төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүү адилеттүү жана инклюзивдүү болгондо гана ийгиликтүү боло алат деген түшүнүккө негизделген. Адамга багытталган ыкма жашоо каражаттарын жана социалдык биримдикти колдоо менен бирге туруктуу экономикалык трансформацияны стимулдаштырат».

Медер Машиев, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Ошондой эле ал каржылоого жетүү, инновациялар жана тармактар аралык координациянын маанилүү ролун белгилеп, эл аралык өнөктөштөрдү Кыргызстанга бул багытта колдоону кеңейтүүгө чакырды.

УДАС3.0 таза энергетикага инвестицияларды тартуу, имараттар жана өнөр жай тармагында энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү жана туруктуу шаардык инфраструктураны түзүү үчүн негиз түзөт. Бул негиз — чыгымдарды азайтуу, өндүрүмдүүлүктү арттыруу, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана жумуш орундарын түзүү дегенди билдирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасы (БУУӨП)түн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева айтуусунда: «Жаңыланган УДАС3.0 өлкөнүн экономикалык өсүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Энергия эффективдүүлүгү чыгымдарды кыскартуунун жана бизнес атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруунун куралына айланууда. Кайра жаралуучу энергия — энергетикалык көзкарандылыкты азайтат, ал эми «жашыл» өнөр жай жана калдыктарды башкаруу жаңы жумуш орундарын жана инновацияларды жаратат».

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

УДАС3.0 отчетунда климаттык милдеттемелерди аткаруу менен бирге экономика тармактарын өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташтыруу боюнча так жана практикалык чаралар аныкталган. Ошондой эле документ климаттык каржылоону мобилизациялоонун негизги куралы болуп эсептелет — ал эл аралык донордук уюмдардан, финансылык институттардан, вертикалдык климаттык фонддордон жана инвесторлордон жеңилдетилген каржылоону тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Документтин өзгөчөлүктөрүнүн бири «адилеттүү өтүү» принциби, ал жашыл экономикага өтүү процессинде жумушчуларды жана коомчулуктарды колдоого багытталган. Мындан тышкары, документке билим берүү, социалдык коргоо, гендердик теңчилик, жаштар саясаты жана инклюзивдүүлүк сыяктуу жаңы социалдык компоненттер, ошондой эле климаттык каржылоону мобилизациялоо боюнча кеңейтилген бөлүм киргизилген.

УДАС3.0 Кыргызстандын климаттык саясатынын амбициясын жана адилеттүүлүгүн чагылдырат.

2030-жылга карата өлкө парник газдарынын таза чыгарылышын базалык деңгээлден 18%га кыскартууну, ал эми эл-аралык колдоонун негизинде 30%га чейин азайтууну көздөйт. 2035-жылга карата бул көрсөткүч 16% (колдоо менен 39%га чейин) түзөт. Мындай чаралардын ишке ашырылышы 2030-жылга чейин жыл сайын 8,5 млн тонна CO₂-эквивалентке, ал эми 2035-жылга чейин 13,1 млн тонна CO₂-эквивалентке кыскартууга мүмкүндүк берет.

УДАС3.0 БУУӨП жана БУУнун агенттиктери тарабынан көрсөтүлгөн техникалык колдоонун негизинде, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, жеке сектордун, аялдардын, жаштардын жана аялуу топтордун 1000ден ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда даярдалды.

Улуттук климаттык диалог өкмөттүн, парламенттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн, академиялык чөйрөнүн, фермердик бирикмелердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн чогултту. Бул тараптардын бардыгы Кыргызстан үчүн бирдиктүү улуттук позицияны түзүүгө салым кошту. Бул позиция к лимат боюнча Тараптар конференциясында (COP30), Бразилияда сунушталат.

Тараптар конференциясы (COP30) — глобалдык жылуулукту 1,5°C чегинде кармоо, климаттык инвестицияларды тездетүү жана убададан иш-аракетке өтүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулай турган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.