Кыргызстанда адилеттүүлүк тармагына санариптик чечимдер киргизилүүдө

2025-ж., 25-April
Two officials shaking hands while holding red documents, with flags and screens in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 25-апрель 2025 – Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте адилеттүүлүк системасын инклюзивдүү жана жеткиликтүү кылуу багытында маанилүү кадам таштады. Бүгүн Мамлекет кепилдеген  юридикалык жардамдын (МКЮЖ) жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы – «Электрондук архив» тааныштырылып, заманбап компьютердик жабдуулардын партиясы өткөрүлүп берилди.

Бул демилге Кыргызстандын адам укуктарын коргоону чыңдоо жана бардык жарандар – өзгөчө аялдар, майыптыгы бар адамдар жана алыскы аймактардын тургундары үчүн адилеттүүлүккө тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу аракеттериндеги маанилүү этап болуп саналат.

МКЮЖнын «Электрондук архивинин» киргизилиши юридикалык жардам системасындагы документ жүгүртүүнү кыйла жөнөкөйлөтөт, ачыктыкты жогорулатып, маалымат жоготуу коркунучун азайтат. Бул маалыматтардын ишенимдүү сакталуусу жана сапаттуу көчүрмөсүнүн болушу менен камсыздалат. Заманбап компьютердик техника менен биргеликте бул система кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат  жана калктын акысыз юридикалык жардамга жетүүсүн кеңейтет.

Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков жаңы чечимдердин стратегиялык маанисин белгилеп өттү: «Бирдиктүү электрондук архивди түзүү жана IT-инфраструктураны күчөтүү чыгымдарды азайтып гана тим болбостон, юридикалык кызматтарды элге жакындатат  жана ар бир жарандын өз укугун жүзөгө ашыруусуна мүмкүнчүлүк берет».

Бул демилге Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүү» долбоорунун үчүнчү этабынын алкагында ишке ашырылууда. Ал Кыргыз Республикасында 2028-жылга чейинки мамлекет кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү тутумун өнүктүрүү Программасын жана 2024–2028-жылдарга карата өлкөнүн санариптик трансформациялоо Концепциясын түздөн-түз колдойт. Бул документтерде адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүк, туруктуу жана калыс өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири катары белгиленген.

Three people seated at a conference table, discussing in a formal setting.

Акжол Калбеков, юридикалык жардам кызматынын төрагасы

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨПтүн колдоосу менен өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам борборлорунун түйүнү кеңейтилди — 2024-жылы жетүү кыйын болгон райондордо 7 жаңы кеңсе ачылып, борборлордун жалпы саны 24кө жетти. Ошондой эле 114 шыр байланыш номуру боюнча иштеген  линия модернизацияланып, анын өткөрүмдүүлүгү жана муктаж адамдарды квалификациялуу юристтерге туташтыруу мүмкүнчүлүгү жогорулады. 

«Бул жөн гана техникалык жаңылануу эмес — бул юридикалык кызматтарды ыкчам, ишенимдүү жана инклюзивдүү кылуунун кадамы», – деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева. «Биз Юридикалык жардам кызматын санариптештирүүнү колдоо менен жардамга эң көп муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтүп жатабыз. Бул кызматташтык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууга жана калктын укуктук колдоого болгон жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга болгон жалпы умтулуубузду чагылдырат».

A woman in a white blazer speaking at a conference table with a man in a suit.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү

БУУӨП / Кыргызстан

2024-жылдын өзүндө юридикалык консультация 83 795 адамга көрсөтүлдү, алардын ичинен 49 205и аялдар (58,7%) жана 34 590ы эркектер (41,3%) болду. Ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам 16 092 жаранга берилди, алардын ичинде 552 майыптыгы бар адамдар. Юридикалык жардам кызматтарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун негизинде көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын натыйжалуулугу орточо 70% түзөрү аныкталды.

БУУӨП Юстиция министрлиги менен тыгыз кызматташтыкты улантып, калктын күнүмдүк укуктук муктаждыктарына, өзгөчө аялуу катмарларына жооп бере турган калыс, жооптуу жана жеткиликтүү адилеттүүлүк тутумун түзүүгө багытталган иш-аракеттерин улантууда.