Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө өнөктөштүктү бекемдөөдө

2024-ж., 12-April

Бишкек, 11 – апрель, 2024-ж. – БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине табигый кырсыктарды башкаруу потенциалын бекемдөө жана Борбор Азияда туруктуулукту жогорулатуу максатында орнотулган жабдууларды тапшырды. Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган "Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн бул берүү аземи региондогу табигый кырсыктарга даярдыкты жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жалпы умтулууда эки уюмдун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев берилген жабдуулар жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын жогорулатууга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга үмүт артарын билдирди.

 

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва өзүнүн сөзүндө бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи: "Климаттын өзгөрүшү Борбордук Азия регионуна олуттуу кыйынчылыктарды алып келет жана болжолдоо, мониторинг жүргүзүү жана жооп кайтаруу үчүн жооптуу органдар бул чакырыктарды ийгиликтүү жеңүү үчүн зарыл каражаттар менен жабдылышы өтө маанилүү. Бүгүн биз туруктуулукту камсыз кылуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүүнүн жалпы тутумунун курамдык бөлүгү катары маалыматтык технологиялык жабдууларды өткөрүп беребиз. Бул инструменттер өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруунун бардык аспектилеринде чоң өзгөрүүлөрдү жасап, критикалык учурларда негиздүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет".

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мындай деди: "Европа Биримдиги жана Кыргызстан Фергана өрөөнүндө климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн аракеттерди бириктирүүдө. Бул Европа Биримдигинин Борбордук Азияда табигый кырсыктарды башкарууну жакшыртуу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча милдеттенмелерине шайкеш келет".

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" долбоору БУУӨПтүн жана аймактык өнөктөштөрдүн климаттык чакырыктарга каршы кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө биргелешкен милдеттенмесин баса белгилеген демилге болуп саналат. Долбоор билим деңгээлин жогорулатууга, климаттык аспектилерди саясатты иштеп чыгуу процессине интеграциялоого, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эрте алдын алуунун натыйжалуу стратегияларын ишке ашырууга багытталган. Бул аракеттер Фергана өрөөнүндө өзгөчө маанилүү, анткени жергиликтүү жамааттар үчүн коопсуз жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу келечекти курууга багытталган.

Бул аракеттердин негизинде БУУӨП КР ӨКМге кошумча колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда. Бул министрликтин кризистик башкаруу борборуна эрте эскертүү тутумунун жабдууларын жана кризистик башкаруу куралдарын өткөрүп берүүнү камтыйт. Кыргызстандын түштүгүндө эрте эскертүү чараларын күчөтүүгө басым жасоо менен, бул демилге климаттык тобокелдиктерге даярдыктын жана жооп кайтаруунун региондук потенциалын бекемдөөгө умтулгандыгын көрсөтөт.

Өткөрүп берүү аземи БУУӨП жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн коопсуз жана туруктуу келечекке багытталган биргелешкен аракеттерди улантуу боюнча бирдиктүү позициясын билдирүү үчүн платформа болуп калды. Бул окуя климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан татаал маселелерди натыйжалуу чечүүдө биргелешкен иш-аракеттердин жана бирдиктүү көз караштын маанилүү ролун баса белгиледи.

"Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" долбоору жергиликтүү жана аймактык кызыкдар тараптардын ортосунда кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган. Билимди кеңейтүүгө, саясаттын интеграциясына көмөктөшүүгө, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эрте эскертүү жана алдын алуу чараларын көрсөтүүгө багытталган долбоор, өзгөчө Фергана өрөөнүндө, коопсуз жана климатка туруктуу келечекти куруу үчүн негизги мааниге ээ.


Долбоор жөнүндө кошумча маалымат: https://www.undp.org/eurasia/projects/climate-change-and-resilience-central-asia