Илимий сторителлинг: Кыргызстандын жаштары социалдык биримдикти өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүшмөкчү

2020-ж., 22-September

“Изилдөөчү сторителлинг: Бир предметтин тарыхы» демилгесинин ачылышынан скриншот

21/09/2020 Ош, Кыргызстан – Бүгүн БУУӨП тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фондусунун колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан “Кыргызстан жаштарынын Өзбекстан менен ынтымагын жана кызматташтыгын илгерилетүү” долбоорунун алкагындагы “Изилдөөчү сторителлинг: Бир предметтин тарыхы» демилгеси өз ишин баштады. Демилгенин иши Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүн утурлап башталып, чектеш жамааттарда социалдык биримдикке жетүү үчүн жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү шайманы катары илим менен изилдөөнүн илимий ыкмаларын жайылтууга багытталган.  

Долбоордун алкагында БУУӨП чек аралык жана трансчектик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жамааттардын деңгээлинде жаштардын инновациялык чечимдерине, ошондой эле жамааттардын ортосундагы регионалдык кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт. Бул компонент чектеш жерлердеги жаштардын биримдикте болуу динамикасына таасир этүүгө багытталган жана жаштардын сынчыл ой жүгүртүү, өз жамааттарында онлайн сурамжылоо жүргүзүү, жаштарга багытталган сторрителингдин жардамы менен идеяларды берүү жана кабар жөнөтүү көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Илим жана анын практикалык мааниси ачык коомду куруунун шаймандарынын бири болуп саналат, ал эми чакан жамааттын тарыхы жалпы өлкө үчүн мисал болуп берсе болот.   

«Бүгүнкү күндө тынч жанаша жашоонун баалуулугун түшүнө билип, тынч жашоо өзүнөн-өзү эле жаралып калгандай кабылдабоо маанилүү. Бул демилге аркылуу биз илимий шаймандарды жана ыкмаларды жайылтуу максатында жаштарды аларды пайдаланууга кызыктырып, үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз. Андан тышкары, быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясы кабыл алынгандыгына 20 жыл толот. Аталган резолюция аялдардын тынчтык менен коопсуздукту колдоо максатында жаңжалдарды болтурбоо жана аларды жөнгө салуудагы ролунун маанилүү экендигин белгилейт, ошондой эле аялдар менен кыздарды коомдук жашоого катыштырууга багытталган», - дейт Бермет Убайдиллаева.

Анын сөзүнө караганда, мектеп жаштарды кызыктыра ала турган ыктымалдуу платформалардын бири болуп саналат, ал эми мугалимдер билим берүүчү негизги күч болуп эсептелинет, ал эми бул демилге заманбап шаймандарды пайдалануу менен кызыктуу жана интерактивдүү окутуп-үйрөтүү үчүн шарттарды түзүүгө кызмат кылмакчы.  

«Биз долбоор мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы коммуникация үчүн өзүнчө бир канал катары иш алпарат деп күтүп жатабыз. Анан алар заманбап платформалар менен шаймандарды (кахут, гугл формалар, кейс стадилер ж.б.) ишке киргизүү менен окутуунун усулдуктарын биргелешип иштеп чыгып, жакшыртышат. Муну менен биз мугалимдердин тажрыйбасы менен окуучулардын эркин көз карашын бириктиребиз. Мектеп окуучулары пассивдүү эле кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучулар болбостон, өз жамааттарында жакшыртууларды сунуштоочу түздөн-түз катышуучулар болуп калышмакчы», - деп түшүндүрдү демилгенин автору Наргиза Жеңишева.

Долбоордун катышуучулары сурамжылоону пайдалануу менен региондун жашоочулары жалпы жамааттын өнүгүүсүнө таасир эткен жана көмөктөшкөн тарыхый учурлар тууралуу маалыматты  таап, изилдеп чыгуусу зарыл. Окутуп-үйрөтүү процессинде ар бир команда чакан изилдөөчү ишти (классташтарынан сурамжылоо, мугалимдерден интервью алуу, окуяларды талдоо, жамааттардагы талаалык иштер ж.б.)  аткарышы керек болот жана анын жыйынтыгы боюнча мугалим менен биргеликте “Илим тынчтык куруунун шаманы катары” деген темада ачык сабак өтүшү керек. Андан соң алынган жыйынтыктардын негизинде окуя илимий сторителлинг форматында жазылмакчы.

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын жана Баткен облусунун Айдаркен шаарынын мектептеринен 4 команда катыша тургандыгы күтүлүүдө.

Ушул демилгенин алкагында маалымат берүүчү вебинарларды өткөрүү пландалууда, анын жүрүшүндө катышуучулар изилдөө дген эмне экендигин, анын ыкмаларын жана практикалык маанисин билип, маалымат жана калк менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болот. 

Бул демилге БУУӨП тарабынан Тынчтык куруу фондусунун “Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын ынтымагын жана кызматташтыгын илгерилетүү” долбоорунун алкагында “Аялдардын өнүгүү банкы” менен кызматташтыкта жана демилгенин авторлору Н.Жеңишева менен А.Абдубачаеванын кеңеш берүүчү колдоосу менен жүзөгө ашырылды.