Социалдык биримдик маселелери боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана жамааттардын ортосундагы диалогду жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү

2024-ж., 4-April
UNDP Kyrgyzstan

Азыркы заманда тынчтыкты жана социалдык биримдикти чыңдоо милдети барган сайын актуалдуу болуп, коомдун туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп бара жатат. Бул контекстте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы “Социалдык биримдик маселелери боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана коомчулуктун ортосундагы диалогду жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү” долбоорун баштады. 

БУУӨПтүн «Жамааттар аралык диалог жана өз ара аракеттенүү үчүн жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун негизги максаты – атайын тандалып алынган чек ара аймактарында жарандык коом менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө. Алардын билимин, көндүмдөрдүн өркүндөтүү  жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.  Ошондой эле, коомчулуктун ичинде жана андан тышкары позитивдүү диалог түзүү. 

Долбоор тынчтык куруу жана социалдык биримдик боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешкен иш-аракеттерди аткарууга жардам берет. Андан сырткары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №1325 «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» резолюциясынын иш-аракеттер планын жергиликтүү деңгээлде ылайыкташтырууга көмөктөшөт.

Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн БУУӨП методологиянын негизинде жергиликтүү деңгээлде болгон потенциал жөнүндө жалпы түшүнүктү калыптандыруу үчүн пилоттук жерлерде иштеп жаткан жарандык коом уюмдарынын, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын картасын түзөт. 

Карта түзүү бизге UNSCR 1325 локализациясына, жергиликтүү деңгээлде тынчтыктын инфраструктурасына ар кандай кызыкдар тараптарды тартууга байланыштуу муктаждыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда региондордо коомдук институттар жана структуралар активдүү өнүгүп жатат, мисалы, КПК, ОПК, аялдар жана жаштар борборлору, аксакалдар соттору жана башка субъекттер талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды зомбулуксуз чечүүгө мүмкүндүк берет.

Төмөнкү багыттар боюнча максаттуу жерлерде негизги коомдук уюмдарды жана активдүү жарандарды аныктоо үчүн кызыкдар тараптардын картасын түзүү жана потенциалын деталдуу баалоо:

  1. Тынчтык жана коопсуздук, социалдык биримдик жана жергиликтүү тынчтык үчүн архитектура, болжолдоо жана алдын алуу иш-чаралары боюнча иш алып баруу;

 

  1. Муниципалдык жана райондук деңгээлде кызматташуу жана ишенимди жогорулатуу (чек ара аймактарынын жана чек ара өткөрүү пункттарынын калк үчүн жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, экономикалык кызматташтык);

 

 

  1. Аялдардын, жаштардын, ошондой эле калктын аялуу катмарынын чечимдерди кабыл алуу процессине, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын пландаштырууга катышуусу;

 

  1. Жергиликтүү деңгээлде гендердик зомбулукту алдын алуу;

 

 

  1. Мамлекеттик саясатты ишке ашыруу: «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы, диний чөйрөдөгү концепция, жаштар саясатынын концепциясы, Коопсуздук кеңешинин аялдар, тынчтык жана коопсуздук боюнча 1325-резолюциясы.

Ишмердүүлүктүн жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү боюнча иш алып баруучу үч демилгелүү топ түзүлүшү күтүлүүдө. Тренингдердин жыйынтыгында 60 катышуучу бири-бири менен эффективдүү баарлашып, чыр-чатактарды аныктап, алардын алдын алуу жана тынчтык жолу менен чечүү, маданий айырмачылыктарды түшүнүү жана урматтоо, биригүү жана биргелешип чечүү үчүн жергиликтүү деңгээлде жолугушууларды жана талкууларды өткөрүшөт. 

Долбоор чыр-чатактын эрте алдын алуу ыкмаларын жана натыйжалуу окутуу куралдарын колдонуу менен интерактивдүү семинарларды өткөрөт. Жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү аймактагы чыр-чатактарды алдын алуу боюнча пландарды иштеп чыгат. 

Диалог жана ресурстук борборлор түзүлөт. Алар ЖКУлар менен жергиликтүү бийлик органдарынын, анын ичинде аялдар өкүлдөрүнүн ортосунда ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле, диалогдук аянтчалар социалдык биримдик чөйрөсүндөгү негизги артыкчылыктарды аныктоого жана аларды ишке ашыруу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга жардам берет

Жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган үч иш-чаралардын планын иштеп чыгуу пландаштырылууда, алар төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

  • Мүмкүн болгон тобокелдиктерди болжолдоо жана алдын алуу;
  • Жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана коомчулуктун ортосундагы диалогду жана ишенимди чыңдоо;
  •  Туруктуу тынчтык өнүгүү.
  • Социалдык демилгелерди иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун негиздери боюнча үч күндүк тренингден кийин катышуучулар социалдык жана бизнес долбоорлорду жазууну үйрөнүшөт, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды ала алышат.

Пилоттук жерлер:

  • Актурпак, АА Кадамжай району
  • Кыштут, АА, Баткен району, Баткен областы
  • Жалал-Абад областы, Аксы району, Кербен шаары

Бул долбоор Кыргызстанда тынчтыкты жана социалдык биримдикти чыңдоого маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ошондой эле, долбоор диалогго, ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген туруктуу коомду түзүүгө багытталган келечектеги демилгелерге жол ачат.