Этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдаманын иши: адамдардын жашоосундагы өзгөрүүлөрдүн чакан окуялары

2024-ж., 14-February

A man receives legal counseling at a Free Legal Aid center opened with UNDP support.

UNDP Kyrgyzstan

Биздин көп улуттуу өлкөбүздүн ар бир бурчунда өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгүн чагылдырган кичинекей окуяларды табууга болот. Алар көңүл бурууну жана жооптуу аракеттерди талап кылган оор кырдаалдарда жаралат. Этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдама күнүмдүк кыйынчылыктарды чечүүдө, көпүрө курууда жана коомубузда ынтымакты бекемдөөдө ортомчу болуп келет, айрымдарын чогуу карап көрөлү.

1. Кыргыз Республикасынын Жаңы-Жер айылында Тажикстан Республикасынын Жерге-Тал облусунун алыскы Жыланды айылында туулган А.К. мырза жашайт. 2000-жылы ал Кыргыз Республикасынын жараны болуу чечимин кабыл алган. Бир нече жыл өткөндөн кийин, 2016-жылы ал Тажикстандын жараны Р.А. айым менен никеге турган. Уй-бүлө жакшы  жашап келе жатып, 2020-жылы кыйынчылыкка туш болушкан-жубайынын паспорту мөөнөтү өтүп кеткендиктен, төртүнчү баласы туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай калган.

А.К. мырзанын этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдамага кайрылуусу бул маселени чечти. Кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкерлери кайрылууну дароо эле маселени чечүүгө киришти. Бишкек шаарынын Ленин районунун калкты тейлөө борбору менен биргеликте баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк бир күндөн кийин берилген. Бул окуя коомдук кабылдама жарандардын этностор аралык маселелер менен байланышкан күнүмдүк көйгөйлөрүн кантип чечүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөтүп турат.

2. Тажикстандын жараны, кыргыз жаранынын жубайы И.М. айымга жардам. Анын паспортунун мөөнөтү аяктап, Тажикстандагы туугандарына баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдамага кайрылып, И.М. айым колдоо тапты.

Кабылдаманын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы Тажикстан элчилигине маселени чечүүгө кайрылышкан. Кабылдаманын жана Элчиликтин биргелешкен аракети менен И.М. айым паспортун алып,  жакындарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул мисал этностор аралык мүнөздөгү татаал маселелерди чечүүдө Коомдук кабылдаманын ишинин натыйжалуулугунун дагы бир далили болуп саналат.

Бул чакан окуялар карапайым адамдардын жашоосундагы көз ирмемдер гана, бирок алар этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдама көп улуттуу коомдо биримдикти жана бакубаттуулукту жаратып, жарандардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүүгө кантип активдүү катышканын ачык көрсөтүп турат.

***

Макала БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган Кыргызстандагы БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк” долбоорунун алкагында даярдалды.