Токмок шаарынын жаштарына маданий баалуулуктарды калыптандыруу жана коомдук диалогду жүргүзүү көндүмдөрү ийгиликтүү өтүп жатат

2024-ж., 26-January
UNDP Kyrgyzstan

Кээде бир адам өзүнүн жылуу маектери менен бүтүндөй коомго таасир эте алат. Этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Токмок шаардык кеңешинин экс-спикери, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Медет Түркменов өзүнүн шаарында улуттар аралык мамилени чыңдоо боюнча бай тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Кыргызстандын Чүй облусундагы Токмок шаарында 70 миңге жакын калк жашайт, ошону менен Медет Туркменов өз ишмердүүлүгүндө билимдүү, толеранттуу жана көп тармактуу коомду калыптандырууга басымдуу күчүн  жумшап, билимдерин жана ыкмаларын токмоктуктардын  өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүүдө. 

«Биз жаштардын жынысына жана улутуна карабастан билимдүү, сабырдуу жана көп түрдүүлүктү урматтаган коомду түзүүгө умтулабыз».

Көпчүлүк учурда Медет агай мектептерди, университеттерди кыдырып, жаш муундарга акылын  айтып,  мотивация берүүчү  лекцияларды  окуйт.  Баарлашуу  жана ачык диалогдорду  өткөрүү, маданий салттарды жана баалуулуктарды талкуулоо ар бир адам коомдо зарыл жана негизги роль ойноорун түшүнүүгө жардам  берет. Бул тарбиялык процесстер конфликтик кырдаалдардын алдын алууга гана эмес, айырмачылыктарды  урматтоону түшүнүу  менен мамиле жасоону калыптандырууга  таасирин тийгизет.

“Биздин шаарды криминалдуу (кылмыш көп болгон) шаар деп айтып көнүп калышканы менен Токмок шаарыбыздын эли абдан ынтымактуу жана позитивдүү. Достук  үйү да бар,   14 улуттун башын бириктирип турат. Көптөгөн уюмдар   шаардын жана шаардыктардын жаркын келечеги  үчүн иштешет. Кырсыктардын  алдын алуучу иштерди жүргүзүп, эгер кырсык  катталып калса, тез чара көрөбүз. Терс жагдайларды алдын алууда жергиликтүү жамааттардын лидерлери, анын ичинде кварталдык комитеттердин төрагалары  жана турак-жай ээлеринин шериктештигинин ролу  чоң.   Мен жаштарга тынчтыкты сактоонун ынтымактуу коомду куруунун жолдорун үйрөтүү үстүндө жигердүү иш алып барып жатам,”- деди Медет агай.

Алтынай Мамбетжанова -Токмок шаардык кеңешинин депутаты:

“Биз шаарыбыздын ар бир тургунуна бардык жактан шарт түзүп берүүгө аракет кылышыбыз керек. Кичи мекенибиз болгон Токмок шаарыбызда   көптөгөн этникалык топтор жашагандыктан, бул жагынан кошумча жардам коомдук кабылдама болуп эсептелет.

2021-жылы шаарыбызда болгон окуяны сиздер менен бөлүшөйүн. Шаарыбыздын райондорунун биринде тараптардын  биринин балдарынын ызы-чуусунан  улам эки кошуна  ортосунда үй-бүлөлүк  чыр-чатак чыгып кетет.  Бир караганда бул жөнөкөй эле чыр-чатактай көрүнгөнү менен окуялардын жүрүшү менен бул маселенин артында түшүнбөстүктүн терең тамыры жатканы белгилүү болду.

Тараптардын ортосундагы келишпестикти, түшүнбөстүктөрдү жоюуга  кварталдык комитетитинин кызматкери  жооптуу катчыны жана жергиликтүү аксакалдарды  чакырды. Эки тараптуу ачык сүйлөшүүлөр  болуп, ар бир тараптын пикирлерине көңүл бурулду. Окуя эки тараптын жарашуусу менен  жакшы жагына чечилди б.а. позитивдүү аяктады.

        Көйгөйдүн тамырына көңүл бурбаса, күнүмдүк эң кичинекей чыр-чатактар ​​да олуттуу көйгөйлөргө айланышы мүмкүн экенин түшүнүү абзел. Коомдук кабылдамада чыр-чатактын өзөгүн  таап, аны чечүү үчүн натыйжалуу кадамдарды жасайбыз, ошону менен биздин көп улуттуу шаарыбызда коңшулук гармония түзүүгө аракеттер жасалат. 

Дегеле бул жерде жана азыр коомдук кабылдаманын ролуна баа берүү жана өлчөө мүмкүн эмес деп ойлойм. Бул көп жылдарды талап кылат, анткени  жаран күнүмдүк маселелери болобу, коомдук мааниге ээ маселеси болобу, айтор кандай көйгөйлөрү болбосун, ал кайрылган учурда башка адамга (коомдук кабылдамага) ишенсе гана  жана бул кабылдама  кайрылган жарандардын көйгөйлөрүн  жакшы жагына чечип берсе, коомдук кабылдама керектүү, ишеничтүү  организация болуп калат. Этностор аралык маселелерди да чечүүгө ыйгарым укук берилген жооптуу катчы коомдо олуттуу беделге, лидерлик сапаттарга ээ, ийкемдүү болушу зарыл. Ошондо гана карапайым эл суроо менен келишет, жардам сурап келишет, эгерде  андай болбосо бул уюм жөн гана номиналдуу орган болуп калышы толук мүмкүн», - деди  Токмок шаардык кеңешинин депутаты.

          Насеков Айбек - «Токмок Жаштар Кеңеши» бейөкмөт уюмунун төрагасы, Токмок шаарынын депутаты, “Чүй дестинация туризми” уюмунун орун басары:

«Медет Түркмөнович менен биз көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк, агайыбыз шаарыбыздын ардактуу атуулу, аны баары сыйлап, угат. Биз аны жаштарга арналган иш-чараларыбызга көп чакырчубуз, ал жерде аксакал болуп, акыл -кеңешин айтып жүрдү. Анын абдан бай тажрыйбасы бар, биз менен өзүнүн билимин, шык-жөндөмүн бөлүшүп жатканына кубанычтабыз. Жаштар көп учурда улуттар аралык чыр-чатакка аралашып кетет, буга себеп - маалымат жетишсиздик, стереотиптер жана ишенимдин жоктугу болуп келет.

 Мен  12 жылдан бери  жаштар кыймылын жетектеп келем. Менин көз карашым боюнча эң биринчи  жаштардын аң-сезимин, дүйнө таанымын  көтөрүү керек. Коомдук кабылдама гана -  жаштардын көйгөйлөрүн, сунуштарын, ойлорун, максаттарын  айта турган жай  жана компетенттүү ачык адис менен маселелерди талкуулоо. Бул мүмкүн болгон чыр-чатактарды болтурбоого жана аларды чечүүгө, алдын алууга  көмөктөшөт. Анткени, биздин Токмок - абдан көп улуттуу шаар, улуттар аралык достукту жана өз ара сый мамилени сактоо абдан маанилүү», - деп өз оюн биз  менен бөлүштү. 

Макала БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган Кыргызстандагы БУУӨПтүн "Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк" долбоорунун алкагында даярдалды.

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

ЖМК үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org