Социалдык чыңалууларга мониторинг жүргүзүү жана аларды чечүү процесстерине жаштардын катышуусу

2024-ж., 14-February
UNDP Kyrgyzstan

Мавлянов Хожиакбар борбордогу университетинде жогорку билимди жана чет өлкөдөгү магистратураны ийгиликтүү аяктагандан кийин, көпчүлүк аны чет өлкөгө же борборго карьера жолун издейт деп күтүшкөн. Бирок ал өзүнүн тарыхына, маданиятына жана кичи мекени Өзгөнгө терен маани бергендиктен, ал өз жеринде калып калуу чечимин кабыл алган.

Хожиакбар Мавлянов Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты, ментор, КР ЖК Жаштар парламентинин экс-төрагасы, полиглот, кыргыз, өзбек, орус, англис, кытай, түрк тилдерин билет, 6 жашынан бери "Манасты" окуп, көп өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан чыгат.

Хожиакбар жергиликтүү жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү демилгелерге жана долбоорлорго активдүү катышат. Ал активисттер жана жергиликтүү лидерлер менен биргеликте Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, чакан бизнести өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо боюнча идеяларды камтыйт. Хожиакбар: "Жарандардын коомго активдүү катышуусу – бул өлкөнүн келечегине салым, элдин биримдиги курулган баалуулуктарды сактоого дем берет", - деп өз оюн айтат.

"Кыргыз Жараны"сиз үчүн эмнени билдирет?” деген суроого:

"Кыргыз жараны - бул мен жана расасына, улутуна, динине карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жашагандардын бардыгы. Бардыгы бирдей. Мен Кыргызстандын жаранымын, бул менин үйүм, бул менин бардык кыялдарымды орундатып, мени инсан катары калыптандырган жай. Жалпы жарандык иденттүүлүк – бул туруктуу дүйнө жана анын өнүгүшү.

Билим жана маданият жамааттардын ортосундагы ар түрдүүлүктү, сый-урматты жана түшүнүктү баалаган дүйнөнү куруунун курулуш материалы катары иштейт. Алар тынчтык жана адилеттүүлүк рухунда кызматташууга жөндөмдүү билимдүү жана маданий жактан ар тараптуу коомду калыптандыруу үчүн негиз болуп саналат.

2023-жылы Өзгөн районунда жана Ош шаарында 6га жакын иш-чара өткөрүлдү. Бул семинарларда, угууларда кварталдык комитеттер, активисттер, аялдар кеңеши, этностор аралык маселелер боюнча Коомдук кабылдама менен бирге эрте никеге туруу, жаштар ортосундагы чыр-чатактар (мектептер, көчөлөр ортосунда), кесип тандоо жана башка маанилүү маселелер талкууланды.

Бул иш-чаралардан кийин шаарыбыздын жаштары мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүүнү сурана башташты, анткени бул маселелерди иргеп алуу маанилүү. Жаштар экология жана билим берүү мекемелериндеги инфрастуктураны жакшыртуу боюнча өздөрүнүн демилгелерин сунушташты, мэрия шаардык бюджеттен урналарды орнотууну, столдор жана компьютерлер менен жабдууну колдошту. Ачык жана чынчыл диалог көйгөйлөрдү коом үчүн олуттуу чакырыктарга айланганга чейин эрте аныктоого, алдын алууга жана чечүүгө мүмкүндүк берет. Үзгүлтүксүз талкуулоо туруктуу өнүгүүгө жана дени сак коомдун калыптанышына өбөлгө түзөт, ал эми жаштардын мындай иш-чараларга суроо-талабы келечекте аны улантуу зарылдыгын көрсөтүп турат", - деп жооп берди Хожиакбар.

"Жаштардын социалдык чыңалуунун мониторингине активдүү катышуусу абдан маанилүү. Биз коомдун кандай кыйынчылыктарга туш болгонун көрөбүз жана аны чечүүдө негизги ролду ойной алабыз. Мониторинг системасына катышуу биздин жерлерде болуп жаткан окуяларды тереңирээк түшүнүүгө, мүмкүн болгон чыр-чатактарды аныктоого жана алардын алдын алуу үчүн биргелешип иштөөгө жардам берет. Бул жөн гана коопсуздукту камсыз кылуу эмес, толеранттуу жана адилеттүү коомду куруу.

Биз, жаш лидерлер, Жарандык иденттүүлүктүн өнүгүшүн активдүү колдошубуз керек. Биргелешип, биз ар бир адам өзүн маанилүү жана кадыр-барктуу сезген коомду кура алабыз".

***

Макала БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган Кыргызстандагы БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк” долбоорунун алкагында даярдалды.