Create4 "Шаардын ритми" фестивалы

2023-ж., 10-April

2023-жылдын 10-апрели, Ош – Шаардын маданий турмушундагы жаркыраган акцент – “Шаардын ритми” Create4 фестивалы 8-апрель күнү Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин имаратынын алдында өтүп,  искусство жаратмандар менен меймандарды бириктирди.

Туруктуу өнүгүү үчүн заманбап шарттарда маданияттар аралык байланыштарды чыңдоого жардам бериши керек экендиги талашсыз. “Шаардын ритми” – бул улуттук маданияттардын көп түрдүүлүгүн жайылтуу, маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо, чыгармачыл тармактарды өнүктүрүү призмасы аркылуу шаардын тарыхый мурастарын урматтоо атмосферасын түзүү мейкиндиги.

Фестивалга ишмердүүлүгү чыгармачыл тармактарга, тарыхый маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүүгө, маданий көп түрдүүлүктү сактоого, этностор аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого байланышкан түрдүү чыгармачыл, кесиптик жана этномаданий топтор катышты.

Create4 Rhythm of City” фестивалы бул жөн иш-чара эмес, коомдук биримдикти жана маданияттар аралык байланыштардын көп түрдүүлүгүн бекемдөө, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жергиликтүү өнүгүү механизми катары Ош шаарындагы чыгармачыл тармактардын потенциалын ачкан келечектүү аянтча. Биз этностор аралык ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоого багытталган платформаны ишке киргизүүнүн авторлору жана колдоочулары болгон көптөгөн өнөктөштөрдү көргөнүбүзгө кубанычтабыз», - деп, куттуктоо сөзүндө БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал баса белгиледи.

Бул күнү ар бир адам "Toy Art" тартуулаган кездемеге, кууракка, акварелге, эпоксиддик чайырга, чий курчакка, керамикага, пластилин менен моделдөө, керамикага сүрөт тартуу боюнча ар кандай кызыктуу мастер-класстарда шыгын сынап көрө алды. Ош шаарынын тургундары жана меймандары ар кандай мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү жана концерттерди көрүп гана тим болбостон, шаардык кол өнөрчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн уникалдуу буюмдарын: уникалдуу открыткаларды, түркүн түстүү плакаттарды, колго жасалган китептерди жана башка кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Оштун мыкты сүрөтчүлөрү буйрутма менен портреттерди тартышкан.

Иш-чаранын алкагында «Ош шаарынын креативдүү индустриясы» жана «Жашыл шаар» темаларында 2 панелдик талкуу жүрдү. Чыгармачыл индустриянын, искусствонун, маданияттын, санарип технологиялардын, социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн өкүлдөрү, ошондой эле, ар кыл кесипкөй чөйрөдөгү эксперттер креативдүү индустриядагы ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып беришти. Андан сырткары, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиясы таза шаарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Баяндамачылар өз тажрыйбасы жана билимин бөлүшүп, шаарды жакшы жакка өзгөртө ала турган идеяларын жана инновациялык долбоорлорун сунушташты. 

Жергиликтүү таланттуу дизайнерлердин мода көргөзмөсү жана Ош шаарынын тургундарынын “Street style” шоусу Ошту өзгөчөлөгөн стилди көрсөттү. Ош шаарынын түркүн он жылдыктарындагы тарыхына жана маданиятына арналган ар түрдүү бөлүмдөрдү камтыган “Ош сүрөтчүлөрдүн көзү менен” виртуалдык көргөзмөсү QR код аркылуу жеткиликтүү болду. Белгилүү жергиликтүү скульптор Мамат Камчыбековдун эмгектеринин жаңы көргөзмөсүнүн ачылышы фестивалдын дагы бир жагымдуу учуру болуп, уникалдуулугу жана зор чыгармачылыгы менен таанылган таланттуу сүрөтчүнүн жаркын элесине арналды.

Create4 "Шаардын ритми" фестивалы мусулмандардын Орозо айында өткөндүктөн, фудкорт саат 19:00дөн кийин ачылып, анда жергиликтүү сүрөтчү жана гастроном Шаробидин Матисаковдун өзгөчө жана даамдуу күрүч палоосу тартууланды. 

Иш-чара ар түрдүү этникалык диаспоралардын ортосундагы маданий карым-катнашына өбөлгө түздү. Ош шаарынын тургундары жана меймандары «Шаардын ритми» менен бир ыргакка келип, жаңыга чөмүлүштү.

Create4 “Шаардын ритми” фестивалы Ош облустук Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинин жамааты жана “Женский банк мира” коомдук фонду тарабынан БУУӨПтүн каржылык колдоосунда ишке ашырылды.

Фестивалдын фотолору: https://flic.kr/s/aHBqjAz91S 

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси nurzhan.alymkanova@undp.org