Фото: БУУӨП Кыргызстан
9-Декабрь. Бишкек. Коронавирустук инфекциясынын жайылышы дүйнө жүзү боюнча жана биздин өлкөбүздө саламаттык сактоо тутумдары үчүн олуттуу көйгөй болуп калды. Дарыгерлер болуп көрбөгөндөй оор жумушка туш болушту жана аны жеңилдете турган санарип чечимдер актуалдуу болуп калды.
Ушул жылдын апрель айында БУУнун Өнүгүү Программасы тарабынан инновациялык чечимдердин конкурсу өткөрүлдү, ага 70 ашык арыз келип түшкөн. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн бири Prime Clinic медициналык борборунун долбоору, алар дарыгерлердин ишин жеңилдетүүгө жана бейтаптар менен байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул демилге өзүн өзү изоляциялоо учурунда бейтаптардын клиникаларга кайрылуусун жокко чыгарып, ошону менен коронавирустун жугуу коркунучун азайтты. PrimeDoc – негизги максаты сапаттуу даары-дармектерди жеткиликтүү кылуу, бейтаптар ЛОР-дарыгерлер, терапевт, пульмонолог, эндокринолог, педиатр, мерматовенеролог, невропатологдор менен кенеше алышат. Толук консультациядан кийин, жана дененин жалпы абалын баалоодон кийин PrimeDoc дарыгерлери бейтаптарга сунуштарын беришип, аларды клиникалык текшерүүгө чакырышты.
Бул кызмат өзгөчө үйлөрүнөн чыга албай калган жана ошол эле учурда жардамга жана колдоого муктаж болгон бейтаптар үчүн натыйжалуу болду. Дарыгерлер бейтаптарды ар дайым көзөмөлдөп, алар менен байланышта болушту. Эми, тиркеменин жардамы менен бардык алыскы консультацияларды ыңгайлуу түрдө жасоого болот.
БУУнун Өнүктүрүү программасы Open Innovation Challenge конкурсунун алкагында PrimeDoc долбоорун каржылады, буга чейин Google Play жарыяланган Android негизиндеги мобилдик тиркеменин биринчи демоверсиясын иштеп чыгууда. Мындан тышкары, PrimeDoc маркетинг өнүмдөрүн иштеп чыгуу колдоого алынды, бул калктын ар кандай топторунун арасында телемедицинаны жайылтууга жардам берет.
Фото: БУУӨП Кыргызстан
Фото: БУУӨП Кыргызстан


