БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда укмуштуу туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантууда

2023-ж., 29-November

 

30-ноябрь, 2023-жыл, Бишкек - ​​Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы Адилеттүү жана Туруктуу Өнүгүү Чечимдери Фонду (FSDS) менен биргеликте укмуштуу туризмдин кошумча нарк чынжырын бекемдөө боюнча иш-чараларды баштоодо. “Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү” долбоору жаңы жумуш орундарын түзүү, сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана анын экспорттук потенциалын чыңдоо максатында Кыргызстандын аймактарында укмуштуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Туризм экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө маанилүү ролду ойнойт жана инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот, бул экономиканын башка тармактарына оң таасирин тийгизет. Бул тармакты жашыл жана туруктуу кылуу үчүн да мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан туристтик ресурстардын кеңири спектрине ээ болгондуктан, жаңы туристтик дестинация катары позицияланышы керек. Бирок бул үчүн координацияланган биргелешкен аракеттер керек. 

«Биз күч-аракетибизди укмуштуу туризмди өнүктүрүүгө багыттап жатабыз. Бул туризмдин эң тез өнүгүп жаткан секторлорунун бири жана жергиликтүү экономиканы колдойт. Анын үстүнө укмуштуу туризм мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга Кыргызстандын кооз маданияты жана жаратылышы менен таанышууга мүмкүндүк берет. Долбоор Кыргызстанда укмуштуу туризмди өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болуп, сектордун катышуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө алат деп үмүттөнөбүз”, - деди “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун координатору Айсулу Мамбетказиева.

Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында укмуштуу туризмдин өөсүн чыңдоо иштери жүргүзүлөт. Долбоор ПРООН иштеп баштаган бир нече негизги милдеттерди камтыйт:

1. Кошумча нарк чынжырын  катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу жана укмуштуу туристтик продуктыларды киргизүү. Жаңы туристтик продуктылар ар кандай соода аянтчалары аркылуу иштелип чыгат.

2. Туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн инновациялык жана экологиялык туруктуу технологияларга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу. 

3. Жергиликтүү деңгээлде коопсуз окуялуу туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. 

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аялдардын ишкердигин жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бизнес демилгелерин колдоого чоң көңүл бурат. Ушуга байланыштуу аялдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында туризмди өнүктүрүүнүн үлгүлөрүн түзүү боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

«Жалпысынан долбоордун натыйжасы жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто ишканалардын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экспорттун көлөмүн жана туризмдин нарк чынжырынын катышуучуларынын кирешелерин жогорулатуу, ошондой эле жаңы туристтик продуктыларды өнүктүрүү жана жашыл технологияларды ушул тармакта колдонуу” – деб Жаныбек Пакыров, FSDS долбоорунун координатору, айтты.

Бул демилге FSDS Коомдук Фонду тарабынан БУУӨПтүн «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланууда. 

***

БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» регионалдык долбоорунун V-фазасын ишке ашырууда. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүнө (Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт. Долбоор макро (саясат), мезо (институттар) жана микро (МККБ) деңгээлинде иштейт, бул комплекстүү мамилени камсыз кылат жана долбоордун өнүгүүсүнүн таасиринин деңгээлин жогорулатат. Долбоордун эки негизги компоненттери төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  • Экономикалык туруктуулукту жана инклюзивдик жана туруктуу өсүштү жогорулатуу үчүн жагымдуу чөйрөнү колдоо (макро жана мезо деңгээлдери);
  • Иш орундарын түзүүнү колдоо жана жашыл секторлордо кошумча нарк чынжырларынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу (микродеңгээл). 

Долбоордун эки кайчылаш темасы – гендердик теңчилик жана экологиялык туруктуулук.