БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда санариптик трансформацияны алга жылдыруу үчүн өнөктөштүккө көмөктөшөт

2024-ж., 7-May

Бишкек, 2024-жылдын 7-майы – Бүгүн, Кыргыз Республикасындагы Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен БУУнун Өнүктүрүү Программасы Өнүктүрүү  боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин Электрондук өкмөт жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйынынын алкагында өкмөт өкүлдөрүнүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана эксперттердин маанилүү жолугушуусун өткөруштү.

Жыйынды  жумушчу топтун тең төрагалары, Санариптик өнүктүрүү Министри Нурия Кутнаева жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, биргелешип өткөрүштү. Жыйынга Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясын ишке ашырууну колдоо үчүн өнөктөштөрдүн, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациясын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жумушчу топтун отурумуна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, «Тундук» Мамлекеттик агенттиктин директору Чыңгыз Аманатов, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Саламбеков жана башкалар катышышты.

Жыйында санариптик трансформация тармагындагы жетишкендиктер жана пландар талкууланды. Анын ичинде «Tunduk» мобилдик тиркемеси, мамлекеттик башкаруу үчүн документ жүгүртүүнүн маалыматтык системалары, жакшыртылган коммуникация инфраструктурасы, электрондук добуш берүү долбоору, ошондой эле салык процедураларын санариптештирүү сыяктуу демилгелер тууралуу баяндалды.

Министр Кутнаева өлкөдөгү санариптештирүү процесси жөнүндө маалымат берип, ортодогу жыйынтыктарды көрсөтүп, келечектеги багыттарды белгиледи. Негизги кызыккан тараптар, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана иш-чаралар боюнча жаңыртуулар менен бөлүшүп, ошону менен Кыргызстандагы санариптик ландшафттын абалын ар тараптуу түрдө баяндап беришти.

«Биздин санариптик трансформациябыздын негизги максаты – бюрократияны жана мамлекеттик кызматтардын чыгымдарын азайтуу аркылуу жарандарыбыздын жана бизнестин жашоосун жеңилдетүү. Биз санариптик кызматтардын жеткиликтүү, женил жана акысыз болушун камсыздоого аракет кылабыз. Ошол эле учурда санариптик өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу аркылуу өкмөткө чалуулардын санын азайтабыз. Санарип экономикасы жана кызматтарды жана маалыматтарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү мамлекеттик кирешелерди көбөйтүүдө негизги ролду ойнойт», дейт Нурия Кутнаева. 

2024-жыл ПРООНдун, өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн жана мамлекеттин биргелешкен аракеттерине жаңы дем берип, 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациясынын жаңы Концепциясын ишке ашыруунун башталышы болуп саналат. Бул кызматташуу ачык билим алмашуу жана ресурстар менен мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү менен мүнөздөлөт.

«Ушул он жылдыкта татаал жаңы глобалдык чакырыктарды жана өсүп бара жаткан белгисиздикти эске алуу менен, каталитикалык натыйжаларды камсыз кылуу, мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу жана санариптик өзгөрүү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн, аракеттерди жана колдо болгон ресурстарды координациялоону күчөтүү, жана кызматташууну тереңдетүү зарыл. БУУӨП улуттук санариптик пландарды колдоо жана алдыга жылдыруу үчүн жаңы өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана курууга даяр», - деди БУУӨПдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева.

Кыргыз Республикасы ар кандай секторлордо олуттуу прогрессти көрсөттү, анын ичинде санариптештирүү өзүнүн улуттук өнүгүү стратегиясынын борборунда турат. Бул санариптик мамлекеттик кызматтарды, финансылык технологияларды жана телекоммуникацияларды жакшыртууну камтыйт. Өлкө санариптик технологияларды жөнгө салууда инноватор болуп саналат. Мисалы, Кыргызстан дүйнөдө биринчилерден болуп бардык санариптик ченемдерди бирдиктүү мыйзамдык базага бириктирүү үчүн Санарип кодексин иштеп чыккан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуевдин 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясы жөнүндө сүйлөгөн сөзү жолугушуунун өзгөчө учуру болду. Буржуев Кыргызстандын жакынкы жылдарга санариптик күн тартибин түзүүчү стратегиялык көз карашты жана артыкчылыктарды белгиледи.

Жолугушуу диалог, кызматташуу жана билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, Кыргызстандын санариптик умтулууларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин пайдубалын түздү.