БУУнун модели - жаштардын глобалдык маанилүү маселелерди талкуулоосу үчүн аянтча

2019-ж., 5-November

БУУнун моделинин катышуучулары биотүрдүүлүктү коргоо маселесин талкуулап жатышат

Биотүрдүүлүктү сактоо БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумунун күн тартибинин негизги бөлүгү болду. Ал эми БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинде калктын аярлуу катмарын жумушка орноштуруу боюнча эл аралык келишимдерди ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү талкуулашты. Ага катар БУУнун Коопсуздук кеңешинин ачык отуруму болуп өттү, ал эл аралык коопсуздук темасына арналды.

Бул отурумдардын баары 2019-жылы 3-ноябрда Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинде БУУ Моделинин жыл сайын өтүүчү конференцияларынын алкагында болуп өттү. Катышуучулар - студенттер жана жогорку класстардын окуучулары. Алар өздөрүнө БУУнун мүчө-мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн ролдорун алышып, бир катар күн темалары боюнча өз кызыкчылыгын коргошту.

БУУнун Башкы катчысынын ролун ойногон, КМЮУнун студенти Алибек Өмүрбековдун сөзү боюнча, “Иш-чаралардын мындай форматы студенттерге жана окуучуларга сабактарда көп айтылбаган маселелер туурасында ойлонууга жана аларды кеңири түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү, бул бир жагынан караганда ролдук оюн экенинде. Мында ар бир катышуучуга атайын бир мамлекет жана аныкталган бир комитетте күн тартиби берилет да алар бул теманы изилдешет, аны үчүн өздөрү чыгып тааныштыра турган өлкөнүн кызыкчылыктарын тереңден карай башташат”.

Бул конференция алтынчы жолу болуп жатат жана маселелерди тандоо алардын актуалдуулугунан көз каранды. Башкы Ассамблея бул жылы экология жана биотүрдүүлүктү сактоо көйгөйүн тандап алды. Иш-чара англис жана орус тилдеринде өттү.

Ар бир комитеттин түпкү максаты - тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди (резолюцияларды) кабыл алуу. Батыш Тянь-Шандын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча БУУӨП/ГЭФ долбоору жана Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттик биотүрдүүлүктү сактоо суроосуна жаштардын көңүлүн буруу жана аларды экологиялык көйгөйлөр боюнча чечим кабыл алууга тартуу үчүн бул конференциянын  уюштуруучуларына колдоо көрсөтүштү. Бул аянтчада катышуучулар актуалдуу маселелерди талкуулашып, креативдүү жана чыгармачыл ой-жүгүртүүнү өнүктүрүшөт жана иш-чаранын темасы тууралуу жакыныраак билишет.

БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биотүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат.

Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.