25-январь, 2022-жыл, Ош - Бүгүн Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Россия Федерациясынын колдоосу менен Ош шаарында биринчи IT хаб ачты. IT хабдын максаты жаштарды креативдүү санариптик кесиптерге, анын ичинде технологиялык эмгек рыногунун өсүп жаткан жогорку талаптарына жооп берген IT чөйрөлөрүнө окутуу үчүн платформаны камсыз кылуу болуп саналат. Салтанатка КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Россиянын элчилигинин, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана журналисттер катышты.
Ош IT хабы өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү хабы болуп саналат жана жаштарды тез өзгөрүп жаткан шарттарга жакшыраак даярдоо, чыгармачылык экономикага тартуу жана адаптациялоо үчүн санариптик көндүмдөр чөйрөсүндө билим берүү системасын бекемдөөгө жана жаңы билим берүү стандарттарын колдонууга багытталган. Хабдын ишмердүүлүгү ачык-айкын жана билимге негизделген экономиканы түзүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу максатында 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке киргизилген «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасын колдоого алат.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айнура Туйбаева министрдин тапшырмасы менен формалдуу билим берүү системасынын институционалдык потенциалын чыңдоодо жана жаштарга алдыңкы санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүдө IT хабдын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле бул платформаны түзүү өлкөдөгү санариптик жумуш орундарынын жана бизнестин өсүшүн тездетүүчү демилгелерди колдоо боюнча жеке сектор менен инновациялык өнөктөштүк үчүн аянтча болуп калат деген ишенимин билдирди.
Глобалдык экономика санариптештирүү багытында бекем турат, санариптик технологиялар да жаңы чакырыктар катары кызмат кылат, анткени алар теңсиздикти жаратып, ал тургай аны курчутушу мүмкүн. Санариптик ажырымды жоюу үчүн БУУӨПсы жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө эффективдүүрөөк болгон негизги ишкердикти колдоодо. МКТ сектору дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жана шыктандыруучу экосистемалардын бирине айланды. Дүйнө жүзүндөгү жергиликтүү жамааттарга жетүү үчүн жаңы МКТ технологияларын жана кызматтарын кеңейтип жаткан ЧОИ (Чакан жана орто ишканалар) экени анык. Кандайдыр бир деңгээлде ЧОИдын колдоосу болбосо, ири компаниялардын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жок.
"Ишкерлер глобалдык, аймактык жана улуттук экономикага узак мөөнөттүү таасирин тийгизген инновациялык МКТга негизделген чечимдердин булагы болуп саналат. Чакан жана орто ишканалар жаңы жумуш орундарынын маанилүү булагы, өзгөчө жаштар үчүн. Андан тышкары ЧОИ дүйнө жүзү боюнча бардык ишканалардын 90%дан ашыгын түзөт жана көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн 70%га чейин жумуш менен камсыз кылып, “жакырчылыктан чыгуунун жолун” камсыздайт жана туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн бизге алардын тажрыйбасы, инновациялары жана инвестициялары керек”, - деп билдирди БУУӨПнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен.
БУУӨП Welcome.KG Коомдук Фонду менен биргеликте Ош IT хабын ишке киргизет, ал онлайн вебинарлар, бизнес-тренингдер, гибриддик иш-чаралар жана бардык кызыгып жаткан бенефициарлар үчүн чыгармачыл экономика жана анын ичинде санариптик көндүмдөр жана ишкердик тармактарында активдүү аянтча болуп калат деп күтүлүүдө.
«Кыргызстанда Россияга мигранттардын, өлкөнүн күчтүү адамдык капиталын түзгөн жаштардын абдан чоң агымы бар. Фергана өрөөнү абдан чоң аймак, бирок, тилекке каршы, начар өнүккөн, ошондуктан IT хаб Кыргызстандын түштүгүндө жайгашуусу стратегиялык жактан маанилүү. Креативдик IT хаб – бул жөн гана иштөө жери эмес, бул адамдар өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын ишке ашыра турган, башкалар менен баарлаша ала турган жана кызматташа ала турган мейкиндик», — деп түшүндүрдү IT хабдын негиздөөчүсү Данияр Аманалиев.
IT хабын түзүү БУУӨПнын “Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасында жаштардын санариптик көндүмдөрү жана иш менен камсыз болушу” долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу жана алдынкы бизнес акселератор Ололонун консультациялык колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Инновациялар жана технологиялар боюнча агенттигини менен биргеликте мүмкүн болду.

