Кыздар курсунун окутуучулары
11-октябрда дүйнөнүн бардык жеринде Кыздардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Бул күндүн максаты - кыздардын теңсиздик, социалдык көйгөйлөр жана башка коркунучтарга туш келүүсүнө көңүл буруу.
Бул күнү Бишкек феминисттик демилгелери кыздардын потенциалын жана алардын коомдогу ордун бекемдөөгө багытталган фото жана видео блогдорду өздөштүрүүчү долбоорду баштады. Бул долбоор БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Окутуу курсу кыздардын керектөөлөрү, күнүмдүк көйгөйлөрү, жашоосу жана кыялдары менен эркин жана каалаган форматта бөлүшүүсүнө көмөктөшмөкчү. Долбоордун аткаруучуларынын ою боюнча инновация жана маалыматтык технологиялардын кылымында бул мүмкүнчүлүк ар бир кызга жеткиликтүү болушу керек.
Өспүрүм кыздар, алардын арасында активдүү окугандары дагы ар кайсыл себептерден улам технология жана мультимедиа чөйрөсүндө билим алууга же алган билимин улантууга даяр эмес. Бул көрүнүштүн так себеби болбосо да, айрым теориялар мунун аталган чөйрөдө адис болуп, башкаларга үлгү болчу аялдардын жоктугу менен байланыштырышат. 20-кылымдын башталышынан баштап аялдар фотографиялык билим алып, эбегейсиз эмгектерди жаратып келгенине карабастан фотография тармагынын көбүнчө эркектердин арасында жайылгандыгы белгилүү. Мисалы 1983-жылы фотографтардын 20% жакыны гана аялдар болгон. Бүгүнкү күндө фотожурналисттердин 20% аялдар түзүп, фотографияга байланышкан кесиптерде аялдардын ролу салыштырмалуу түрдө тең деңгээлге жетти.
Аталган долбоор фотография жана видео тармагындагы аялдардын ролун кеңейтип, аларга маани берүү менен жалпылай теңдикти өөрчүтүп, анын ичинде эмгек үчүн берилген маянанын тең бөлүнүүсүн алдыга коймокчу.
Окутуучулар - тажрыйбалуу блогерлер. Алар макала жазуу, фото-видео тартуу жана ошондой эле социалдык тармактарда өз баракчаларынын рейтингин жогорулатуу менен алектенишет. Бул топ катышуучулар менен бирге өз муктаждыктарын айтуунун жаңы жана натыйжалуу жолдорун иликтешип, өз жамааттары жана көйгөйлөрү тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирүү үстүндө иштешмекчи.









