Биотүрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен аракеттер: Батыш Тянь-Шаньдан Памир-Алайга карай

2024-ж., 9-January
Alexandra Solovieva delivers opening remarks at the Steering committee meeting.

Александра Соловьева башкаруу комитетинин жолугушуусунда

Мирлан Дыйканбаев/ ПРООН Кыргызстан

Бишкекте Батыш Тянь-Шандын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоордун жыйынтыгы чыгарылып, Памир-Алайдын өзгөчө баалуу тоо экосистемаларын комплекстүү башкаруу боюнча жаңы долбоор ишке кирди. Семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, экологиялык уюмдар, токой чарба ишканалары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана БУУӨПтүн өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн алгачкы сөзүндө БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында БУУӨП биотүрдүүлүктү жана жаратылыш ресурстарын пландоо, башкаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн бирдиктүү экосистемалык стратегияны жактап, ландшафттык мамилени кабыл алууну колдогондугун белгиледи. «Батыш Тянь-Шандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун потенциалын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга, жогорку баалуулуктагы токой концепциясын киргизүүгө, флагмандык түрлөргө мониторинг жүргүзүүгө, тармактык мыйзамдарды кайра карап чыгууга, жергиликтүү коомчулуктардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө олуттуу аракеттер жасалып, тиешелүү демилгелер ишке ашууда», - деп баса белгиледи Александра Соловьева.

Дүйнөлүк маанидеги биотүрдүүлүктү сактоого ландшафттык мамилени илгерилетүү жана жер жана токой ресурстарын туруктуу башкарууну камсыз кылуу Батыш Тянь-Шань долбоорунун негизги багыты болуп саналат. Долбоордун маанилүү натыйжаларынын бири жалпы аянты 89 миң гектарды түзгөн Чаткал экологиялык коридорун жана “Кабак” буфердик “тынч” зонасын түзүү болду. Бул экокоридор Батыш Тянь-Шандын үч өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын – Алатай, Сары-Челек жана Падыша-Атаны – бириктирип, жапайы жаныбарлардын көбөйүү мезгилинде табигый миграциясын жеңилдетет. Ландшафттарды мындай байланыш менен камсыз кылуу фрагментация менен күрөшүүгө олуттуу жардам берет жана биотүрдүүлүктүн кеңейишине жана көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы менен биргеликте улуттук деңгээлдеги жогорку баалуулуктагы токой концепциясын киргизүү, токойду туруктуу башкарууну пилоттук ыктыярдуу сертификациялоо жана токой чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча Улуттук стандарттын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду. Алар Батыш Тянь-Шанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар менен айкалышта өлкөнүн токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө жана сактап калууга багытталган, анткени токойлор климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана биотүрдүүлүктү сактоодо маанилүү орунду ээлейт.

Ак илбирс экосистеманын индикатор түрү катары дүйнөлүк биотүрдүүлүктө жана экологиялык чынжырда өзгөчө орунду ээлейт. Ал анын азык-түлүк запастарын түзгөн жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жыргалчылыгын, ошондой эле бүтүндөй экосистемалардын «саламаттыгын» аныктоодо негизги ролду ойнойт. Буга байланыштуу БУУӨПтүн жаратылышты коргоо боюнча көптөгөн демилгелери ак илбирсти сактоо жана көбөйтүү призмасы аркылуу каралат. Акыркы маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Батыш Тянь-Шань тоолорунда ак илбирстин саны 15тен 28ге чейин жетет.

Экологиялык иш-чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү шарттарынын бири кирешенин альтернативдүү булактарын түзүү, жергиликтүү өнүгүүгө көмөктөшүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жакын жашаган жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу экосистемалардын жүгүн азайтуу болуп саналат. Долбоор Токтогул жана Тогуз-Торо райондорундагы пилоттук айылдардын тургундарынын демилгелерин колдоого алып, киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөштү. Чакан долбоорлордун максаты аялдардын жана жаштардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Александра Соловьева өз сөзүн мындай деп жыйынтыктады: «Биздин учурдагы программабыз улуттук артыкчылыктарга кылдат шайкештирилип, аз көмүртектүү туруктуу өнүгүүгө жана бекем экосистемаларды сактоого багытталган. БУУӨП Кыргызстанга экосистеманы туруктуу башкаруу жана биотүрдүүлүктү сактоо жаатында колдоо көрсөтүүнү улантат. Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Памир-Алай» долбоору келерки жылы ишке киргизилет».

Батыш Тянь-Шань долбоору жөнүндө (аяктоо – 2023-ж. декабрь)

БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоору биотүрдүүлүктүн негизги аймактарынын, буфердик зоналардын, коридорлордун жана токойлорду жана жайыттарды туруктуу башкаруунун маанилүү ролун таануу менен биотүрдүүлүктү сактоого жана токой жана жер ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.

Памир-Алай долбоору жөнүндө (башталуусу – январь 2024)

“Кыргызстандын түштүгүндөгү бир катар экологиялык артыкчылыктарга жетүү үчүн жогорку баалуу тоо экосистемаларын жамааттык негизде комплекстүү башкаруу” долбоору Памир-Алай тоосунун баалуу экосистемаларынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн сактоого, бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө жана туруктуу жашоо үчүн маанилүү экосистемалык кызматтардын сакталышын камсыз кылууга багытталган.