Бишкектин чегиндеги канаттуулардын кышкы бейиши: дүйнөлүк маанидеги орнитологиялык аймакка талаа сапары
2025-ж., 7-December
Бишкек, 7-декабрь 2025 - БУУӨП жана Nature Foundation коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте, өлкөдөгү эң уникалдуу жана эл аралык деңгээлде маанилүү биотүрдүүлүк аймактарынын бирине атайын талаа сапарын уюштурду.
Иш-чарага Франция жана Түркиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, Кытай Элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы офисинин жетекчиси катышты. Алардын катышуусу өлкөдөгү биотүрдүүлүктүн баалуулугу боюнча маалыматтар дүйнөлүк деңгээлде көбүрөөк таралып жатканын жана бул экосистеманы сактоонун маанилүүлүгүн көрсөттү.
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтынан болгону 15 чакырым алыстыкта жайгашкан бул маанилүү орнитологиялык аймак (IBA) — Борбор Азиянын канаттуулардын миграциялык жолундагы негизги башпаанек. Бул жерде жыл сайын 200дөн ашык канаттуу түрү катталат. Алардын ичинен эң өзгөчөлөрүнүн бири — сүрдүү ак-куйруктуу суу бүркүт, анын Кыргызстандагы жалгыз тастыкталган уясы да дал ушул аймакта жайгашкан. Катышуучулар мындан тышкары чоң ак кытандарды, көк канаттарды жана башка сейрек жана жоголуп бараткан түрлөрдү көрө алышты.
Кызыгы, бар болгону 3–4 саат ичинде 40тан ашуун канаттуу түрү байкалганы борборго жакын абдан чакан аймакта биотүрдүүлүктүн өзгөчө жогорку топтолгонун айкын далилдейт.
Экологиялык өзгөрүүлөрдүн маанилүү көрсөткүчтөрү катары көчмө канаттуулар аймактагы экосистемалар кандай басымга туш болуп жатканын айгинелейт. Алардын жашоо чөйрөлөрүн коргоо түрлөрдү сактоого гана эмес, жергиликтүү жамааттар менен экономиканы колдогон экологиялык функцияларды камсыз кылууга да зарыл.
Талаа сапары биотүрдүүлүктү сактоо Бишкек жана анын айланасындагы жамааттар үчүн жаңы социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын да көрсөттү. Табигый негиздеги чечимдер, жоопкерчиликтүү экотуризм, жашыл шаар пландоосу жана коомчулуктун активдүү катышуусу бул аймакты туруктуу шаардык өнүгүүнүн үлгүсүнө айланта алат. Ошондой эле бул аймак Кыргызстанда OECM, б.а. аймактарды территорияларды сактоонун башка эффективдүү чараларын, сыноого ылайыктуу платформа боло алат.
Интеграцияланган экосистемалык башкаруу жана сактоо ыкмасы түрлөрдү коргоонун, маанилүү экосистемаларды сактоонун жана экологиялык каркасты бекемдөөнүн негизги шарты болуп саналат жана ал Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Биотүрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программасынын (же башкача айтканда, Улуттук стратегия жана аракеттер планынын) өзөгүн түзөт. Бул документ жакында Өкмөт тарабынан , БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыкты.
Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү, баса белгиледи: «Жаратылышка негизделген чечимдер Кыргызстан үчүн биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна, климаттык коркунучтарга жана шаардык басымга бир убакта жооп берүүчү күчтүү инструмент болуп саналат. Бул маанилүү канаттуулар аймагын коргоп, анын экосистемалык кызматтарын шаардык пландаштырууга интеграциялоо менен биз табиятты туура башкаруу Бишкек жана анын айланасындагы өнүгүүнү кандайча тездетерин практикалык түрдө көрсөтө алабыз».
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Бишкек табият байлыгын сактап, аны менен сыймыктанса кандай кооз жана гармониялуу шаарга айланаарын талкуулашты: түштүгүндө ак илбирс жашаган карлуу тоолору, ал эми түндүгүндө ак-куйруктуу суу бүркүттөр жана башка корголуучу канаттуулар байырлаган маанилүү орнитологиялык аймак жайгашкан шаарга айлантуу зарыл.