Бишкекте БУУӨП–ГЭФтин жаңы жаратылышты коргоо долбоору боюнча валидациялык семинар өттү
2026-ж., 30-January
Долбоордун координатору Үмүт Жолдошова семинардын катышуучуларына презентация жасап жатат
Бишкек, 30-январь 2026 — Климаттын өзгөрүшү шартында сейрек кездешкен түрлөрдү кантип сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА) чыңдоо жана тоолуу аймактардагы жамааттарды колдоо керек? Бул жана башка суроолор Кыргызстандын Борбордук жана Чыгыш тоолуу аймактарында жаратылышты коргоону күчөтүүгө багытталган БУУӨП–ГЭФтин жаңы долбоорун даярдоого арналган валидациялык семинардын алкагында талкууланды.
Семинарга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана экологиялык активисттердин өкүлдөрүнөн турган 50дөн ашуун катышуучу чогулду.
Кыргыз Республикасы глобалдык деңгээлде тоо күн тартибин активдүү илгерилеткен өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Жаңы долбоор өлкөнүн эл аралык жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга салым кошот.
«Биоартүрдүүлүктү сактоо — Кыргыз Республикасынын стратегиялык артыкчылыгы. Бул долбоор улуттук максаттарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ошол эле учурда эл аралык милдеттенмелерди, анын ичинде Куньмин–Монреаль глобалдык биоартүрдүүлүк алкагын жана тоо күн тартибин ишке ашырууга өбөлгө түзөт», — деди Алмаз Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
Алмаз Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары
Долбоор Глобалдык экологиялык фонддун сегизинчи фазасынын портфелине киргизүү үчүн пландалган. Ал төрт жылга эсептелген жана бекитилген учурда болжол менен 2,2 млн АКШ долларын түзгөн каржылоону алат. Долбоордун максаты — Кыргызстандын түндүгүндөгү тоолуу экосистемалардын уникалдуу биоартүрдүүлүгүн сактоо, жаратылышты коргоо башкаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаратылыш аймактарына чектеш жашаган жамааттардын туруктуу өнүгүшүн колдоо.
«Бул долбоор — ишенимдин жана системалуу чечимдерге болгон биргелешкен умтулуунун жыйынтыгы. Биз Министрлик менен бирге 2040-жылга чейинки Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук стратегияны жана иш-аракеттер планын практикалык ишке ашырууну, ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Кыргызстандагы экосистемалардын экологиялык байланыштуулугун — корголуучу аймактарды, биоартүрдүүлүктүн негизги зоналарын жана экологиялык коридорлорду бириктирүүнү колдоону улантууга даярбыз», — деди Александра Соловьева, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү.
Александра Соловьева, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү
Долбоор Кыргызстандын Борбордук жана Чыгыш аймактарындагы негизги ландшафттарды камтып, төмөнкү төрт багытка көңүл бурат:
биоартүрдүүлүк боюнча 2040-жылга чейинки Улуттук стратегияны колдоону камтыган саясатты жана жаратылышты коргоо башкаруусун чыңдоо;
328 000 гектардан ашык аймакта башкарууну жакшыртуу аркылуу ӨКЖАларды жана экологиялык коридорлорду өнүктүрүү;
альтернативдүү киреше булактарын өнүктүрүү, туруктуу мал чарбачылыгы жана экотуризм аркылуу жергиликтүү жамааттарды колдоо;
биоартүрдүүлүктүн маанисин илгерилетүү, айрыкча жаштар жана аялдар арасында маалымдуулукту жогорулатуу жана катышууну кеңейтүү.
Долбоордун алкагында 5 000 гектар деградацияланган аймакты калыбына келтирүү жана туруктуу жаратылышты пайдалануунун натыйжасында кеминде 5 000 адамды түз пайда менен камтуу пландалууда.
Катышуучулар долбоор улуттук аткаруу модалдуулугунда ишке ашырыларынын маанилүүлүгүн белгилешти, бул өлкөнүн жаратылышты коргоо инвестицияларын өз алдынча башкарууга даяр экенин көрсөтөт.
Семинардын жыйынтыгында кызыкдар тараптардын сунуштары жана эскертүүлөрү чогултулду. Долбоордук документ финалдашкандан кийин ГЭФтин Катчылыгына жөнөтүлөт. Бекитилген учурда долбоорду ишке киргизүү 2026-жылдын сентябрына пландалууда.