Кыргыз Республикасында Peace Forest Initiative пилоттук долбоору ишке киргизилди

2026-ж., 30-January
Banner with Russian title; three small photos of coast, rocks, and people; blue logo top-right.
Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Бишкек, 30-январь 2026 – Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасында Peace Forest Initiative (PFI) пилоттук долбоорунун ишке киришине арналган Вводдук семинар болуп өттү. PFI – жаратылышка негизделген чечимдер аркылуу климаттык туруктуулукту жана социалдык биримдикти чыңдоого багытталган эл аралык демилге.

Пилоттук долбоор БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын (UNCCD) Peace Forests Initiative алкагында, Кыргыз Республикасында, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда БУУӨПтүн колдоосу менен жана Корея Республикасынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

Семинарга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, экологиялык өкмөттүк эмес уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Катышуучулар жерлердин деградациясы, климаттын өзгөрүшү жана жамааттардын аялуу абалынын өз ара байланышын талкуулап, жаратылышка негизделген чечимдер ландшафттарды калыбына келтирүү менен катар эле аялуу аймактарда социалдык байланыштарды, ишенимди жана биргелешкен жоопкерчиликти чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Кыргыз Республикасында PFI пилоттук долбоору экологиялык жана социалдык жактан жогорку мааниге ээ болгон Памир-Алай регионунда ишке ашырылат.

«Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдаган жана аймактардын тең салмактуу өнүгүшүн колдогон практикалык чечимдерге кызыкдар. PFI бул максаттарга жетүүгө жана эл аралык милдеттенмелерибизди аткарууга салым кошот», – деди Кумар Мамбеталиев, Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башчысы.

Man in a blue suit sits at a conference table with microphones and water bottles; flag nearby.

Кумар Мамбеталиев, Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башчысы

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Долбоор деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө жана экосистемалардын туруктуулугун жогорулатууга; табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу жана жашыл киреше булактарын өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү жамааттарды колдоого; табигый ресурстарды башкарууда биргелешкен ыкмаларды илгерилетүүгө; ошондой эле калктын катышуусуна жана инклюзивдүүлүккө негизделген климатка ыңгайлашуу чараларын колдоого багытталган.

«PFI туруктуу жер жана токой ресурстарын башкаруу социалдык биримдикти, ишенимди жана тең укуктуу катышууну кантип колдой аларын көрсөтөт. Биз бул пилоттук долбоорду регион боюнча масштабдоо үчүн негиз катары карайбыз», – деди Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү.

Two women sit at a formal conference table with papers and water bottles; blue curtains and a flag behind.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү

Сүрөт: БУУӨП Кыргыз Республикасындагы

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары Монголияда өтө турган БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын Тараптардын 16-конференциясына (UNCCD COP16) даярдык көрүүгө салым кошуп, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ийгиликтүү тажрыйба катары сунушталышы мүмкүн.