Эл аралык Жер күнүндө үйдө болуңуз жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы иш-аракетке өтүңүз

2020-ж., 22-April

Сүрөт: БУУӨП

Коронавирустун таралуусу менен миллиондогон адамдар мектеп жана мекемелердин жабылышына кабылып, бул кырдаал жаштар, ата-энелер жана окутуучулар үчүн жаңы ресурстардын пайда болуусуна алып келди.

Ушундай ресурстардын бири – балдар жана ата-энелерге арналган Mission 1.5 оюну. Оюн климаттын өзгөрүүсү жөнүндө маалымдап, аны токтотууга багытталган. Оюнда сунушталган чечимдер жөн гана күн батареясын чатырга жайгаштыруу же электроунаа сатып алуу эмес, андан да кеңири мааниге ээ.

Оюн БУУнун Өнүктүрүү программасы, алдыңкы климат боюнча адистер, жаш активисттер жана Playmob оюн иштеп чыгаруучу компания тарабынан иштелип чыкты. Оюн шартында балдар жана ата-энелер өкмөт лидерлеринин ролуна кирип, жашоонун ар кыл чөйрөлөрүнө тиешелүү чечимдерди кабыл алышат. Мисалы, электр энергиясын кантип өндүрүү, адам жана товарларды кантип ташуу жана буюм-тайымдарды сатуу же сатып алууну өзгөртүү. Оюндун максатыокумуштуулар коопсуз деп эсептеген глобалдык жылуулануу деңгээлин 1,5 градустан төмөн деңгээлде кармап туруу.

Оюнда сунушталган чечимдер топтолуп, жакынкы аралыкта болуучу климат боюнча дүйнөлүк конференцияда өлкө башчыларына тартууланмакчы. Адатта биз өзүбүзгө суроо беребиз: мен кантип климаттын өзгөрүүсүнө таасир бере алам? БУУӨП ишенимдүү жооп берет – Миссия 1.5 оюнун ойноо аркылуу! Буга кошумча, сиз берген маалымат биздин өлкө лидерлерине ишенимдин артуусун жана климаттык апаатты болтурбоо үчүн тайманбас иш-аракетти жасоосун шарттайт.

БУУӨПтүн Париж макулдашуусунун эң ири колдоочусу катары бул жердеги уникалдуу ролу – коомчулук менен өкмөт башчыларын бул маанилүү учурда бири-бири менен байланыштыруу.

“Миссия 1.5” оюнун 6 тилде, анын ичинде орус тилинде www.mission1point5.org дарегине өтүп ойноого болот. Бул оюндун веб-версиясы, андыктан сизге аны телефонго жүктөө муктаждыгы жок. БУУӨП Кыргызстан оюндун кыргызча версиясы жакынкы аралыкта чыгаарын кубаныч менен билдирет.

www.mission1point5.org дарегине өтүп, 1.2 миллиондон ашуун адам катталган оюнга кошулуу убакыты келди. Ойноңуз, бөлүшүңүз жана Жер планетасына кам көрүңүз.

Кошумча маалымат үчүн:

www.Mission1Point5.org

ainagul.abdrakhmanova@undp.org , +996770 183 493

chyntemir.kalbaev@undp.org , +996775 767 605