Батыш Тянь-Шандын көлдөрү – окумуштуулардын көз алдында

2021-ж., 1-October

Изилдөөчүлөр тобу Кара-Суу көлүнүн гидробиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп жатышат. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП жана Экология жана климат боюнча Мамлекеттик комитет «Алатай» мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жайгашкан Кара-Суу жана Көл бийик тоолуу көлдөрүндө Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен биргеликте ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү.

Адистер 10 күн бою Алатай көлдөрүнүн ихтиофаунасынын түр курамына деталдуу изилдөө жүргүзүштү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ихтиология жана гидробиология лабораториясынын илимий кызматкерлери балыктардын өсүү динамикасын, жашын жана азыктануусун изилдөө, ошондой эле алардын асылдуулугун аныктоо үчүн алгачкы материалдарды чогултушту. Өз кезегинде, гидробиологиялык анализдин алкагында, мындан ары лабораториялык изилдөөлөр үчүн көлдөрдүн түбүнөн фитопланктондун жана топурактын, ошондой эле аккан дарыялардын сууларынын үлгүлөрү алынды.

Балык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн изилдөөдө алдын ала эсептөөлөргө ылайык Кара-Суу көлүндө көл-дарыяда жана тузсуз сууда жашай турган балыктардын 4 түрүнүн жашаары аныкталды. Бул пелядь, маринка, осман жана форель балыктары. Алар сига, лосось жана сазан балыгына кирет. Адистер ошондой эле Көл көлүндө балыктын 2 түрү бар экенин аныкташты. Бул осман жана форель.

Улуттук илимдер академиясынын кенже илимий кызматкерлери Эрнст Коңурбаев менен Айбек Сергек уулу балыктын жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрүн изилдеп жатышат. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кенже илимий кызматкери Эрнст Коңурбаевдин айтымында, «Совет мезгилинде Кара-Суу көлү Соң-Көл менен бирге пелядь жана Амударыя форель балыгы үчүн ылайык келе турган аймак катары тандалып алынган». «Тандоо кокусунан болгон эмес. Көлдөрдөгү табигый чөйрө бул балыктар үчүн жагымдуу, аларда ыңгайлуу температуралык режим жана керектүү азык-түлүк бар. Азыр, биз көрүп тургандай, Соң-Көлдө браконьерлердин жырткычтык аракеттеринен улам дээрлик пелядь балыгы калган жок. «Алатай» жаратылыш паркынын ичинде корголуучу көлгө айланган Кара-Сууда Соң-Көлдү мындан ары инкубациялоо жана сактоо максатында икраны чогултуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деп белгиледи окумуштуу.

БУУӨП бийик тоолуу көлдөрдү изилдөө жана браконьерлер менен күрөшүү үчүн Алатай жаратылыш паркына моторлуу кайык белек кылды. БУУӨП/ГЭФ долбоорунун талаа боюнча адиси Таалайбек Аманов (солдо) жана Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана корголуучу жаратылыш аймактарынын башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бекболот Ызак уулу (оңдо) Кара-Суу көлүн изилдөөдө. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Бул изилдөө БУУӨП/ГЭФтин Батыш Тянь-Шандагы биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорунун алкагында уюштурулган Көл жана Кара-Суу көлдөрүн комплекстүү изилдөөнүн жана мониторингинин экинчи этабы болуп саналат. «Алдыда дагы эки изилдөө цикли бар – кыш жана жаз. Келе жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, өткөн жана быйыл жүргүзүлгөн эки изилдөө менен бирге ихтиофаунанын абалы жана көлдөрдүн гидробиологиялык курамы жөнүндө кеңири маалымат берет. Анын жыйынтыгы боюнча биз балык фаунасын сактоо жана алардын жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөп жатабыз», - деди БУУӨП/ГЭФ долбоорунун адиси Таалайбек Аманов.

Изилдөөчүлөр тобу браконьерлер отургузган балык уулоочу торлорду аныкташты. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Бирок, жергиликтүү биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, браконьерлик дагы эле балык запастарын көбөйтүү боюнча чараларга тоскоол болууда. Көлдөрдү изилдөө учурунда изилдөөчүлөр тобу жалпы узундугу болжол менен 400 метр болгон 13 браконьерлик балык кармоочу торду табышты, алар буга чейин бир нече жолу колдонулганы маалым болду. Натыйжада мыйзамсыз орнотулган балык уулоочу шаймандар чогултулуп, жок кылынды.

БУУӨП жана Экология жана Климат боюнча мамлекеттик комитети Батыш Тянь-Шандын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорду ишке ашырууда, анын негизги максаты – уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, сейрек кездешүүчү жана жаныбарларды жана өсүмдүк дүйнөсүнүн жоголуп бара жаткан түрлөрүн коргоого көмөктөшүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (GEF) тарабынан каржыланат. Долбоор тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтемеден тапса болот.

Батыш Тянь-Шань тууралуу

Батыш Тянь-Шань тоо тутуму, ал эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флорасы жана фаунасы менен айырмаланып турат. Аймак ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирет, Биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдуу Кызуу түйүндөрүнүн бири болуп саналат (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондунун (WWF) версиясы боюнча Global 200 дүйнөлүк экоаймактардын рейтингине киргизилген. Тянь-Шандын аймагында жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү жашайт жана кызыл китепке киргизилген 54 өсүмдүк түрү өсөт.

***

Кара-Суу көлү тууралуу

Кара-Суу көлү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан. Аймактык жактан өзгөчө кайтарылган “Алатай” мамлекеттик жаратылыш коругуна таандык  жаратылыш аймагынын курамына кирет. Такталык тоо кыркасынын аймагында 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн өлчөмү 2 чакырымга 6,5, орточо тереңдиги болжол менен 90 м. Кара-Суу көлүнүн жээгинде Тянь-Шань карагайы, ит мурун, четин жана башка өсүмдүктөр өсөт. Көл тоо массивинин бир бөлүгү  чуңкурга түшүп кеткендигинин натыйжасында  байыркы мезгилде эле пайда болгон.