Кыргызстандын тоо экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылуу

2025-ж., 24-April
Serene lake surrounded by lush green mountains under a clear blue sky.
БУУӨП / Кыргызстан

Кыргызстан - дүйнөдөгү экологиялык жактан эң маанилүү жана ар түрдүү тоо экосистемаларына ээ өлкөлөрдүн бири. Аймагы чакан жана деңизге чыгышы жок болгонуна карабастан, өлкө дүйнөдөгү белгилүү өсүмдүктөрдүн (флоранын) 2%ын жана жаныбарлардын (фаунанын) 3%ын камтыйт. Бул экосистемалар Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да өтө маанилүү - алар таза суу, азык-түлүк, түшүмдүү топурак менен камсыздап, табигый кырсыктардан коргойт.

Бирок акыркы жылдары Кыргызстандагы тоо экосистемалары менен биологиялык ар түрдүүлүк ар кандай кысымдарга туш болууда. Жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланбагандык, экологиялык деградация жана климаттын өзгөрүшү экосистемалардын туруктуулугунун төмөндөшүнө алып келди. Экономикалык өнүгүүгө болгон умтулуу менен айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо зарылдыгынын ортосундагы тең салмаксыздык - улуттук жана эл аралык деңгээлдеги максаттарга жетүүгө тоскоол болууда.

Кыргызстан тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча дүйнөлүк деңгээлде лидерлик көрсөтүп келет. Бул багыттагы өз милдеттенмесин ырастоо иретинде, өлкө 2023–2027-жылдарга арналган "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планын" иштеп чыккан. Бул иш-чараны ишке ашырууга БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) колдоо көрсөтүп, аткаруу боюнча жол картасын даярдоого жардам берген. Улуттук демилге тоолуу жамааттардын жашоо шартын жакшыртууну көздөйт: инклюзивдүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү жөндөмүн күчөтүү. Программа ошондой эле туруктуу айыл чарбаны, экотуризмди, жашыл жумуш орундарын өнүктүрүүнү камтыйт жана климатка туруктуу инфраструктурага, жаратылышты коргоого инвестиция салууну карайт. Бул демилге Туруктуу өнүгүү максаттарына (SDGs), Куньмин-Монреал биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкагына жана Париж келишимине шайкеш келип, Кыргызстанды тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча дүйнөлүк лидер катары көрсөтөт. Ошондой эле, бул демилге климаттык жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатында каржылоо үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстанга Улуттук биологиялык ар түрдүүлүк стратегиясын жана аракеттер планын (УБАСАП) жаңыртууга көмөктөшүп жатат. Бул улуттук стратегияга тоолорго тиешелүү маселелерди интеграциялоо негизги багыттардын бири болуп саналат.

Тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого көңүл бурулуп жаткан учурда, бул тармакта каржылоону жана башка инвестицияларды кыйла кеңейтүү зарыл. Бул кырдаал альтернативдүү каржылоо булактарын издөө жана айлана-чөйрөнү комплекстүү пландаштыруу зарылдыгын баса белгилейт.

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоодогу жетишсиздиктерди чечүүдө маанилүү ролду ойнойт. Бул, өзгөчө, дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда иш алып барган Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо боюнча глобалдык демилге (BIOFIN) аркылуу ишке ашууда. BIOFIN өлкөлөргө коргоо максаттары менен каржылык муктаждыктардын ортосундагы ажырымды жоюуга көмөктөшүп, улуттук деңгээлдеги жаратылышты коргоо максаттарын колдогон туруктуу каржылоо стратегияларын иштеп чыгат.

БУУӨПтүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн каржылоо жаатындагы эң маанилүү салымдарынын бири - бул Кыргызстанда Консервациялык Трасттык Фондду (КТФ) түзүү. Бул Фонд жергиликтүү деңгээлдеги жогорку натыйжа берүүчү жаратылышты коргоо демилгелерин колдоо үчүн ички жана эл аралык каржылык салымдарды топтогон узак мөөнөттүү механизм катары иштейт. Ал БУУнун эң ишенимдүү платформаларынын бири болгон Биргелешкен Өнөктөштүк Фонду (UN Multi-Partner Trust Fund) негизинде түзүлгөн жана инклюзивдүү башкаруу, ачыктык, катуу жоопкерчилик жана натыйжалуулук сыяктуу бекем негиздерге таянат.

Кыргызстандын улуттук мекемелери менен кызматташтыкта, БУУӨП климаттык саясатты пландаштыруу иштерине да салым кошуп келет. Бул ишке Улуттук аныкталган салымдарды (NDC), Улуттук адаптациялык планды жана көмүртек нейтралдуулугуна жетүү жолдорун иштеп чыгуу кирет. БУУӨП улуттук жана тармактык пландарга биологиялык ар түрдүүлүк жана климаттык туруктуулук маселелерин интеграциялоого техникалык колдоо көрсөтүп, туруктуу биологиялык жана климаттык каржылоо үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жардам берет.

Бул тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруунун алкагында, БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстан Өкмөтү менен тыгыз кызматташып, өлкөнүн туризм секторун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп келет. Бул аракеттерде өлкөнүн кооз тоолуу пейзаждары жана бай маданий мурасы негизги артыкчылыктар катары колдонулат. Тоолуу аймактарда туруктуу, жамааттык негиздеги туризмди колдоо аркылуу БУУӨП экологиялык жактан таза жана социалдык жактан инклюзивдүү жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшүүдө.

Улуттук өнөктөштөр менен биргеликте, БУУӨП саясатты иштеп чыгуу, потенциалды жогорулатуу жана чакан жана микробизнестин өнүгүшүн колдоого багытталган иштерди жүргүзүүдө, өзгөчө тоолуу аймактардагы жамааттык жана аялдар жетектеген ишканаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Аялдардын ишкердиги жакырчылыкты кыскартууда жана жергиликтүү өнүгүүдө өтө маанилүү ролду ойнойт. Ментордук программалар, чыгармачылык лабораториялар, каржылоого жана базарларга жетүүнү жакшыртуу аркылуу БУУӨП өлкө боюнча миңден ашуун аял ишкерлерди колдоп, кубаттап келет. Бул демилгелер тоо ресурстарын туруктуу пайдаланууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана тоо жамааттарынын туруктуулугун күчөтүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын өзөгүн түзөт.

Lush green landscape with mountains in the background and a winding river below.
БУУӨП / Кыргызстан

Кыргызстан 2024-жылдын 24–25-апрелинде Бишкек шаарында өткөн Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Эл аралык диалог форумун уюштуруу менен тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча регионалдык лидерлигин дагы бир жолу ырастап берди. Бул форум өкмөт өкүлдөрүн, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдү жана жарандык коомду чогултуп, жаратылышка негизделген чечимдерди издөө, климаттык каржылоону мобилизациялоо жана чек ара аралык кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулады. Форум ошондой эле 2027-жылы өтө турган 2-Бишкек Глобалдык Саммитине негиз салды — бул тоо маселелерине багытталган айлана-чөйрө боюнча аракеттерди улантууга жана бекемдөөгө шарт түзөт.

БУУӨПтүн тоо маселелерин илгерилетүүдөгү дагы бир маанилүү салымы — Кыргызстандын улуттук делегациясын БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конференциясына (COP16, Кали, Колумбия) жана Климат боюнча конференциясына (COP29, Баку, Азербайжан) катышуусун колдоосу болду. Бул эл аралык иш-чараларда Кыргызстандын делегациясы тоолордун экосистемасын сактоодогу өзгөчө кыйынчылыктарды белгилеп, алардын биологиялык ар түрдүүлүктү жана климаттык туруктуулукту камсыздоодогу маанилүү ролун баса белгиледи. Бир нече стратегиялык демилгелер сунушталып, тоо маселелеринин эл аралык деңгээлдеги маанилүүлүгүн дагы да көтөрдү.

Келечекте Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү тармагындагы ийгиликтер — туруктуу саясий колдоого, институттук түзүмдөрдүн күчтөнүшүнө жана инновациялык каржылоо өнөктөштүктөрүнө жараша болот.

Институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо, улуттук стратегияларды шайкеш келтирүү жана инклюзивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу БУУӨП Кыргызстанды биологиялык жана климаттык максаттарына жетүүгө колдоо көрсөтүүнү улантат. Ошону менен катар өлкөнүн уникалдуу тоо экосистемаларын жана аларга көз каранды жамааттарды келечек муундар үчүн коргоп, күчтөндүрүүнү көздөйт.