Фергана өрөөнүнүн жамааттары климаттык жана суу менен байланышкан чакырыктарды чечүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, ошол эле учурда жаратылыш ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча диалогду жана кызматташууну өнүктүрүп жатышат. БУУӨП жана «БИОМ» коомдук бирикмесинин биргелешкен демилгесинин алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тургундары климаттык тобокелдиктерди баалоо, инклюзивдүү чечим кабыл алуу жана талаш-тартыштарды тынч жол менен жөнгө салуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүдө.
Фергана өрөөнүндө климаттык туруктуулукту бекемдөө үчүн жергиликтүү чечимдер
2026-ж., 10-March
Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук боюнча семинардын катышуучулары
«Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттык туруктуулуктун, адаптациянын жана тынчтыктын алдыңкы сабында» аттуу долбоор БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУӨП жана «БИОМ» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен тыгыз координацияда жүргүзүлүүдө.
Фергана өрөөнү туруктуу жана тынч жамааттарды өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, климаттык тобокелдиктер боюнча билимдер жана тургундардын инклюзивдүү катышуусу узак мөөнөттүү туруктуулуктун негизи боло алат. Жүргүзүлгөн талдоо климаттык жана суу тобокелдиктерин баалоо, биргелешкен чечим кабыл алуу жана талаш-тартыштарды тынч жөнгө салуу көндүмдөрүн өнүктүрүү коомчулук деңгээлинде чыңалууну алдын алууга жана туруктуу чечимдерди табууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын көрсөттү.
Ушуга байланыштуу долбоор декабрдан мартка чейин потенциалды жогорулатуу иш-чаралары аркылуу 20 пилоттук айыл аймагын камтыды: маалыматтарды талдоонун жана фокус-топтук талкуулардын негизинде тандалган 10 негизги жана 10 спутник айыл аймагы.
10 негизги айыл аймагында сценарийдик пландоо боюнча эки күндүк тренингдер өткөрүлдү. Катышуучулар климаттык жана суу тобокелдиктерин талдоону, гендердик аспекттерди эске алууну жана коркунучтарды баалоодон биргелешкен чечимдерди издөөгө өтүүнү үйрөнүштү. Бул чечимдер кийин социалдык-экономикалык өнүгүү пландарына интеграцияланат. Окутууларга 173 адам катышты, алардын 99у аялдар (57%) жана 74ү эркектер.
Мындан тышкары, ошол эле айыл аймактарында аз чыгым талап кылган климатка туруктуу сугат ыкмаларын киргизүү жана чакан гранттарга сунуштарды иштеп чыгуу боюнча практикалык тренингдер өткөрүлдү. Аларга 164 адам катышып, анын ичинде 120сы аялдар (73%) болду. Мындай ыкма аялдардын ролун климаттык стресс шарттарында эң аялуу топ катары гана эмес, ошондой эле адаптациялык чечимдердин активдүү катышуучусу катары күчөтүүгө жардам берди.
10 спутник айыл аймагында окутуу коомдук чыңалууну азайтуу үчүн тынчтык куруунун практикалык куралы катары ишке ашырылды. Айрыкча климаттык стресстин күчөшү менен курчуп жаткан ирригация тармагында «зыян келтирбе» конфликтке сезимтал мамилеси колдонулду. Иш-чараларга 300 адам — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, муниципалдык түзүмдөр, жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү тургундар катышты, алардын ичинде 185и аялдар жана 115и эркектер.
Долбоордун окутуу компоненти жергиликтүү деңгээлде тынчтык куруу жана климатка сезимтал компетенциялардын негизги топтомун түзүүгө негиз салды. Жамааттар климаттык жана суу факторлорунун чыр-чатактарга тийгизген таасирин түшүнүү, диалогду өнүктүрүү жана ресурстарды башкаруунун ачык механизмдерин түзүү үчүн керектүү инструменттерди алышты. Кийинки этапта ишенимди бекемдөөгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган чакан гранттар аркылуу практикалык демилгелер колдоого алынат.
Бул демилге 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга түздөн-түз салым кошот, айрыкча климаттык туруктуулукту бекемдөө, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү багыттарында.
БУУӨПжергиликтүү жамааттарды, эксперттерди жана өнөктөш уюмдарды бириктирген платформа катары кызмат кылып, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү жана инструменттерди өнүктүрүүнү колдойт. Ошондой эле климаттык адаптация, гендердик теңчилик жана конфликтке сезимтал ыкмалар боюнча эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө көмөктөшүп, жергиликтүү институттар менен тургундарга ишенимди, социалдык биримдикти жана климаттык чакырыктарга туруктуулукту бекемдеген биргелешкен чечимдерди табууга жардам берет.
Долбоор Фергана өрөөнүндөгү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөгө, суу ресурстарынын айланасындагы чыр-чатактардын тобокелдигин азайтууга жана жергиликтүү деңгээлде инклюзивдүү башкарууну колдоого багытталган — бул Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук артыкчылыктарына шайкеш келет.