Oracle Кыргызстанда – келечеги жана үмүтү

2020-ж., 9-December

Дүйнөлүк класстагы программист болууну баардыгы каалашат, бирок бир гана каалоо жетишсиз, бул жерде жакшы билимге жетүү зарыл.Ушул уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдун бири - Oracle Academy системасында билим алуу – бул мүмкүнчүлүк Кыргызстандагы БУУӨП өкүлчүлүгү жана Россия өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылууда. 

И.Раззаков атындагы Кыргыз Улуттук Техникалык Университетинин, Эл-Аралык Ала-Тоо университетинин студенттери Oracle Academy окуу программасына билим алууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул демилге “Санариптик жөндөмдөр жана санарип экономика шартында жаштарды жумушку орноштуруу мүмкүнчүлүгү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 

Долбоордун максаты – кыргызстандыктардын компютердик технологияларга кызыгуусун арттыруу жана жаңы билимге жетүүнү камсыз кылуу. 

Oracle Academy- бул окуу программаларынын комплекси, матриалдар жана ресурстар, алардын жардамы менен студенттер алдыңкы ИТ технологиялар боюнча билим алууга ээ болушат. Oracle Academy окуу ресурстары акысыз берилет жана ар кандай тилдерде окууга болот. Студенттер заманбап билим берүүчү материалдарды колдонуп, Java тилинде программалоону, Finch роботун программалоону, SQLнегиздерин үйрөнүүнү жана маалымат базалар, таблицалар менен иштөонү үйрөнө алышат.Мунун баардыгы жасалма интеллект жана машина менен октуу технологияларын колдонуп программалык камсыздоону иштеп чыгууну үйрөнүү үчүн керек.

Кабаева Гульнара Жамалбековна, Маалыматтык Технологиялар Факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы КМТУ профессору: 

“Oracle – дүйнөдөгү эң ири программалык камсыздоо компанияларынын бири. Ал эми Oracle Academy өнүмү биздин студенттерге эң акыркы технологияларды билүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет. Система абдан кызыктуу деп айта алам, жада калса мугалимдер абдан кубанып жатышат. Ушундай билим берүү аянтчаларын пчкандыгы үчүн баарына ыраазыбыз. Ошентип, И.Раззаков атындагы КМТУ ИТ жаатында дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жакындашууда”.

Кабаева Гульнара. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Oracle Academy курстарынын ыңгайлуулугу сабактарда теорияны гана эмес, практикалык көүгүүлөрдү да камтыйт жана натыйжасы бар, ар бир студент өзүн курска мурунтан даярдаган тесттерде сынай алат. Жана бул Oracle Academy кошо келген бир нече өзгөчөлүктөр. Ошол эле учурда омугалимдер жана студенттер ар кандай аралыкта окутуунун варианттарына жана пайдалуу интернет ресурстарына туруктуу мүмкүнчүлүк алышат. 

“Мен был сайт аркылуу жакында гана окуй баштадым, баардык материалдар англис тилинде болгонуна карабастан мага абдан кызыктуу болду. Албетте процесс кыйын, бирок мен аракет кылып жатам, аткени мен ИТ жаатында алдыңкы технологияларды изилдеп, чындыгында компетенттүү адис болгум келет”, 

Бекжан Акматов,  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик  техникалык университетинин студенти 

Бекжан Акматов Фото: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП программасы белгилегендей Oracle Academy системасы бүтүрүүчүлөргө эл аралык деңгээлдеги сертификат бериши керек. 

“Бүгүнкү күндө ИТ кесиби келечектүү тармактардын бири болуп саналат жана Oracle академиясы пайда болгондон кийин кирешеси жакшы жана мансаптык өсүшү кызыктуу заманбап кесипке ээ болуу бир топ жеңилдейт жана кызыктуу болот. Бул системанын жардамы менен жаш жигиттерибиз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышын каалайбыз”, 

Канагат Алышбаев, «Санарип экономикадагы жаштардын санариптик көндүмдөрү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү” программасынын координатору

Бул демилге Россия Федерациясынын каржылоосу менен жана БУУӨПтүн «Санарип экономикадагы жаштардын санариптик көндүмдөрү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү” долбоору аркылуу ишке ашырылууда.