"Жок дегенде бир жолу тоого чыкканга аракет кылыңыз" ... Хайкинг Кыргызстанда эмнеси менен жагымдуу?

2020-ж., 10-September

Чингис Чукин Борбордук Тянь-Шанда жайгашкан "Окутуучу" чокусунда, Кыргызстан. Сүрөт: жеке архив

Пандемия учурунда республиканын көптөгөн жашоочулары зеригишти, - чек аралар жабык, аба каттамдары азырынча жеткиликсиз , терс таасирлерден чарчаган мээ, эс алууну жана жаңычылдыкты талап кылууда. Бул кырдаалда хайкинг сонун чечим болуп эсептелет.

Баарыбыз өзүбүздүн кооз жаратылышыз, тунук сууларыбыз жана бийик тоолорубуз бар экенине көнүп калганбыз. Айланадагы сулуулукка дээрлик эч кимибиз көңүл бурбайбыз. Жаш альпинист Чингис Чукин Кыргызстандын тоолору жөнүндө ушунчалык жугуштуу сүйлөгөндүктөн, асман тиреген чокуларды эрксизденип башка тараптан карай баштайсын.

Альпинизм жөнүндө сөз болгондо, кычкылтек респираторун кийип алып Эверестке же Канченжанга чыгып бара жаткан сакалчан жана ызгардуу муздан тонуп турган адамдын сүрөтү ойуңа келе тушот. Бирок ар бирибиз өзүбүздүн туу чокубузду багынта алабыз жана ал анча бийик болбосо да, бул ырахаты азайтпайт. Ооба, кимдир бирөө каршы чыгып, Канар аралдарына барып, ак кумга ырахат алуу мүмкүн, бирок ар бирибизде жан дүйнөбүздө жеңүүчү уктап жатат жана дал ушул сапат укмуштуу окуялуу туризмди ойготот.

Ала-Тоо кырка тоосун- кыргыздар эң ыйык тутушат, ал эми республиканын аймагынын 70 пайызы тоолуу. Тилекке каршы, Кыргызстанда туризм биз каалагандай тездик менен өнүгүп жаткан жок, бирок республиканын тоолорун кыдырып келгендер аларды эч качан унутушпайт жана кайра-кайра кайтып келишет.

Адатта чет элдиктер биздин табигый кооз жерлерибизге суктанышат. Тоого чыгып сейилдөө, боз үйлөрдө конуу, ат минүү - бул Кыргызстан туристерге бере турган нерсенин кичинекей гана бир бөлүгү. Бирок чет өлкөлүк конокторду биздин өлкөгө конокко чакыруудан мурун, өзүбүздүн жаратылышыбыз менен жакшылап таанышып алышыбыз керек.

Хайкинг (жөө басуу ) (hiking) —  спорттук туризмдин түрү. Негизги максат - тоолуу аймак аркылуу кыска сапарга чыгуу. Сапар адатта, топто жана белгилүү жана коопсуз жолдордо жүргүзүлөт. 

"Биздин мекендештерибиз дүйнөнү кыдырууга умтулгандары аябай сонун. Бирок дүйнөнү таанып-билүүдөн мурун, биздин Кыргызстаныбыздын канчалык кооз экендигин бир азга болсо да сезишиң керек. Кесипкөй альпинисттер үчүн бизде Хан-Теңири, Ленин чокусу жана башка жети миңчилер бар. Бирок катардагы кыргызтандыка бийиктикке чыгуунун кажети жок, анткени  бизде тоо тектерде сейилдөөнүн ар кандай жолдору бар. Борбордон алыс эмес жерде деле өзүңү тоолорду багындырган адамдай сезсең болот - Ала-Арча жаратылыш эс алуу багы хайкинг (жөө басуу) үчүн эң ылайыктуу жер. Тилекке каршы, биздин жарандар ал жерде шиш-кебек бышырып эле эс алышат. Жок дегенде тоого чыгууга бир жолу аракет кылыңыз... "

                                                                                       Чингис Чукин, альпинист

Cүрөттөгүлөр (солдон оңго): Кудайберген Айдарбеков, Евгений Патлай, Камиля Ормушева, Чингис Чукин, Искандер Кадыралиев жана Бектур Акказиев Борбордук Тянь-Шанда жайгашкан "Окутуучу" чокусунда, Кыргызстан. Сүрөт: жеке архив

Хайкингтин (жөө басуунун) жагымдуу бонустарынын бири - "тарбиялоо жагы". Хайкинг- ар дайым эле оңой боло бербейт. Эреже боюнча, тоого- чатыр , суу, төшөнчү (туристтик килем), уктаган баштык жана бир топ азык-түлүк салынган рюкзакты (ийин баштыкты) көтөрүп чыгуу керек. Ар бир кадам өйдө көтөрүлгөн сайын, адам денесиндеги жүктүн ар бир граммым сезет. Ооба, артка кайрылып, жумшак жууркан жана татымдуу кофе бар жерге кайтууга болот, бирок адам тоону багындыруу менен, жашоодо өзүн жеңүүчү кылып тарбиялайт. Өзүң менен түзүлгөн келишим, жумуш берүүчү же кызмат адамы менен түзүлгөн келишимден бир топ кымбатыраак. Мунун бардыгы рухту абдан күчтөнтөт.

Сапардын аягы - бул эң сонун сезим. Бийиктикке чыккандан кийин, аны багынта алгандыгың үчүн чоң канааттануу сезесиң,. Көздөр ачылган көрүнүштү түшүнө алышпай,  дене сөз менен айтып жеткире алгыс эркиндик сезимине батып, мээ ушунчалык тунуп, ар бир клетка мен жеңүүчүмүн- деп кыйкырат.

БУУӨПтүн “Соода үчүн жардам” долбоору укмуштуу окуялар туризимин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бизде Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү маанилүү жана укмуштуу окуялар туризми сыяктуу багыт, мүмкүн болушунча көп адамдарга өлкөнүн кереметтүү маданияты жана жаратылышы жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк берет

«Тоого чыгып баратканда, бардык курч көйгөйлөрдөн, терс көрүнүштөрдөн алаксыйсың. Сен өзүң менен өзүң жалгыз каласыз, жана бул убакта жаратылыш сен өзүңдү башка жагыңан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мага баарынан да максаттуу чокууга жетиш жана аны багындыруу канчалык оор болсо, ошончолук сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер жагат. Бул позитивдүү эмоциялардын жарылышы. " 

Чингис Чукин, альпинист

Чингис Борбордук Тянь-Шанда жайгашкан Зеленкова чокусунда, Кыргызстан.

Хайкинг (жөө басуу) бир эле эс алуунун түрү гана эмес, ошондой эле ден-соолукка да пайдалуу. Бул спорттун түрүндө физикалык активдүүлүк ашыкча оор болбой туруп эле, бир нече сапардан кийин  натыйжа берип - тонус жана чыдамкайлык жогорулайт, ошондой эле иммунитетке да оң таасирин тийгизери шексиз. 

Мамлекетибизде укмуштуу окуялуу туризм кандай өнүгүп жатат жана бул багытта Кыргызстандын кандай келечеги бар экендигии тууралуу эксперт төмөндөгүнү айтып берди:

«Кыргызстандын зор туристтик потенциалы бар жана бул талашсыз факт. Бул тармакты дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү маанилүү. Биз азыр жергиликтүү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жаатында жергиликтүү тур жетекчилер менен жигердүү иштешип жатабыз жана ата мекендик туроператорлордун потенциалын жогорулатууга багытталган тренингдерди өткөрүп жатабыз. Азыр, учурдагы кырдаалга байланыштуу, бизде окуялуу туризм багыты артыкчылыкта. Биз жаңы туристтик багыттарды издеп жатабыз, анткени изилденбеген жолдор ар дайым адамдарды өзүнө тартып турат ... ". 

Айша Мамбеталиева, ОсОО Кыргыз Туризмдин директору 

Айша Мамбеталиева Тянь-Шандагы Мерцбахер көлүндө, Кыргызстан. Сүрөт: Стефан Лю

Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү ички туризмди жигердүү өнүктүрүп, жергиликтүү тургундарга багыт алышууда. Кыргызстан дагы четте калган жок, бирок туристтердин көбөйүшүнө бирден-бир тоскоолдук- бул өлкө жөнүндө маалыматтын жетишерлүү эсемтиги. Туризмдин бардык түрлөрү, экстремалдык окуялар багытынан баштап, укмуштуу окуяларга чейинки туризм республикада жигердүү өнүгүп келе жатат жана ал адамдардын да, мамлекеттин да ар тараптуу колдоосуна муктаж . Кыргызстандын туристтик чөйрөсү тоолордун чокуларын гана багындырууга эмес, ийгиликтерди да багындырууга даяр.