Гендердик теңчилик

БУУӨПтүн бүткүл дүйнө боюнча иштеп жаткан негизги максаттарынын бири - гендердик теңчиликти ишке ашыруу болуп саналат. "Гендер" мындан ары өзүнчө тема катары бөлүнбөйт, бирок биздин уюмдун бардык тармактарына интеграцияланышы керек болгон кайчылаш тема катары каралат. Кыргызстандагы БУУӨП өз ишинин бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн өкмөттүн, жарандык коомдун жана жергиликтүү коомчулуктун, анын ичинде мурда бул ишке тартылбаган кызыктар тараптардын активдүү катышуусу менен комплекстүү мамиле жасайт.

Биздин максат:

Биз аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстанда гендердик теңчиликке болгон мамиле бардык деңгээлде ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн иштейбиз. Негизги максаттарыбыздын бири – материалдык жана материалдык эмес ресурстарды бөлүштүрүүдө гендердик басмырлоого жол бербөөчү жагымдуу шарттарды түзүү.